ШКУнун саммитин өткөрүүгө 450 млн. сом кетет

13-14-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин даярдыктарына жана өткөрүүгө бюджеттен бир да тыйын корогон жок дейт президенттин аппаратынын Иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев.

Анын айтымында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы оңдоо жана курулуш иштерине 450 млн. сом жумшалган. Буга чейин келе турган коноктордун ар кандай шарттарын карап европа тамак ашы менен камсыз кылуудан тышкары өзүбүздүн казы-карты, кымыз да берилээри айтылып жаткан. Европа ашканасына сырттан ашпозчулар келбейт, өзүбүздүкүлөр даярдашат. Саммитти өткөрүүдө кеткен чыгымдарды ШКУга мүчө өлкөлөр колдоо көрсөтүүдө. Маселен, Россия Кыргызстанга техникалык жардам кылган. “Бизге “Мерседес” үлгүсүндө 6 брондолгон унаа, 10 автобус, “Форд Мандео” үлгүсүндөгү 20 жеңил унаа, “Форд Фокус” үлгүсүндөгү 30 унаа беришти. Саммиттен кийин ал унаа каражаттары президенттин аппаратынын Иш башкармалыгынын карамагында калат”, – деди Бекбоев. Ошондой эле Россия тарап микрофон жана башка жабдыктар менен да жардам көрсөткөнүн белгилүү болду.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *