Самсачыдан 5000 доллар талап кылып уруп-сабашкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

21-декабрь күнү саат 11:30 чамаларында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкор-Ата шаарында самса бышырып сатып тиричилик кылган жаранды карактап акчасын алышкан. Самсачыны “Зама”, “Акмал” аттуу бейтааныш балдар Кочкор-Ата шаарынын түндүк тарабында жайгашкан эски санаториянын багына алып чыгышып, ал жерде пистолет такап, уруп, тебишип, коркутуп 16 000 сом акчасын алып, дагы “5000 АКШ доллар бересин” деп коркутуп акча талап кылышкан.
Жасалган каракчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон жана Жалал-Абад облустук милициясы иликтөө иштерин баштаган.
Алынган ыкчам маалыматтын негизинде бул кылмышка Акмал жана анын шериги Зама шектүү катары кармалып убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Аталган кылмышка шектүү 2 атуул уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турушат.
Уюшулган кылмышкерлер тобун жана анын лидерлерин каржылаган каналдарын табуу жана областтын аймагында уюшулган кылмыштуу топтун идеяларын колдогон, оперативдик кызыгуу жараткан жарандарды аныктоо үчүн тапшырмалар берилип оперативдик иш чаралар улантылууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *