Санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт

Санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт. Бул тууралуу  маселе Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Бул багытта баяндама жасаган  Наталья Никитенконун айтымында, мыйзам долбоору санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасына ылайык иштелип чыккан. Ошонун негизинде санариптик рынокту өнүктүрүү үчүн укуктук база түзүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын айтымында талкуудагы мыйзам долбоору аркылуу радиожыштык менеджментинин так тартиби такталат. “Радиожыштык мамлекеттик ресурс. Ошого ылайык жыштык тилкелери менен номиналдарын бөлүү жана кайра бөлүштүрүү аукцион, сынактар аркылуу өткөрүлөт”, – дейт министрдин орун басары.

Андан тышкары, мамлекеттик тилдеги программалардын нормаларын бөлүштүрүүдө түрдүү тандоолорго жол берилбейт. Болбосо эл көп көрүп, уга турган маалда эфирдин чет элдик программалар менен толтурулуп калуу ыктымалдыгы бар. Негизги максат – 2017-жылдын 1-январынан баштап, 2020-жылдын 1-январына чейинки аралыкта жергиликтүү шартта даярдалган телерадиопродукциялар жалпы көлөмдүн 50%ынан кем болбош керек. Антпесе, кабелдик жана IP – тармактарында ал норма сакталган эмес. Бул жерде тармактык комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз ал эми кыргыз тилиндеги телерадиопрограммалардын көлөмү кандай болооруна кызыкты.

Депутат Рыскелди Момбеков санариптик телекөрсөтүүгө өтүүдө тендер кандай уюштурулгандыгын сурап, бул маселеде эч кандай санариптик тажрыйбасы жок эле Украинанын атынан катышкан тарап, кандайча утуп чыккандыгына таң калды. Ал тургай аргументтүү мисалдарды да келтирип, бул жерде негизги тендерди өткөргөн тарап “Кыргызтелеком” ишканасы болгонун айтты.

Талкуудагы мыйзам долбоору аркылуу Байкоочулар кеңештердин ишмердүүлүктөрү да тартипке салынат. Мында жеке телерадиоуюмдарындагы абал кошо эске алынууда. Ага ылайык, кайсыл бир телерадиокомпаниянын өзүндө иштеп турган кызматкер андагы Байкоочу кеңешке мүчө болуп сунушталбайт. Бул жаңы норма.

Мыйзам долбоорундагы дагы бир жаңылык – эгерде чет элдик каналдар толук жана өзгөртүлбөстөн жергиликтүү шартта эфирге чыга турган болсо, тиешелүү уруксаат кагаздары талап кылынат. Буга чейин андай шарт болгон эмес.

Соңунда комитет кабыл алган чечимге ылайык, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»  мыйзам долбоору жактырылып, Экономика жана фискалдык саясат бөлүмүнө жолдонду. Андан соң, парламенттин кароосуна чыгарылмакчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *