Сания Токтогазиева: “2016-жылы Атамбаевдин учурунда Абдил Сегизбаев жана анын командасы маскара референдумду өткөрүү үчүн көп күч-аракет жумшаган”

“Абдил Сегизбаев капыстан чыга калып, конституциялык реформанын мыйзамсыздыгы, авторитаризм ж.б. тууралуу кыйкыра баштады. Дал анын мындайды айтууга моралдык укугу жок” – деп жазды саясат таануучу Сания Токтогазиева 19-ноябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына.

“2016-жылы Атамбаевдин учурунда конституцияга таптакыр каршы өзгөртүүлөр кабыл алынган. Андан кийин ал жана анын УКМК командасы авторитардык ыкмаларды колдонуп, ошол маскара референдумду өткөрүү үчүн көп күч-аракет жумшашты. Көп жагынан алганда, ушул түзөтүүлөрдүн аркасында биз учурдагы болуп жаткан нерселерге ээбиз” – деди ал.

Белгилей кетсек, жаңы долбоор 17-ноябрда коомдук талкууга жарыялангандан кийин коомчулукта наазачылыктар пайда болду. Көпчүлү Конституция эмес эле, “Ханституция” болду деп айтып сындашууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *