Санкт-Петербургда Кыргызстандын 34 жаштагы жараны 13 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп шектелүүдө

Россиянын Санкт-Петербург шаарынын тартип сакчылары кассир болуп иштеген жана коммуналдык батирде жашаган жергиликтүү тургундун кайрылуусунун текшерип жатышат. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

Ал аялдын айтымында, анын коңшусу, Кыргызстандын жараны 13 жаштагы кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн.

Белгиленгендей, 34 жаштагы мигрант жигит аялдын кызы менен жашаган бөлмөсүнө ал жокто кирип, секелекке карата айрым аракеттерди жасаган, анын курамы тергөө тарабынан аныкталмакчы. Андан кийин Кыргызстандын жараны изин суутуп качып кеткен.

Жакынкы арада, окуянын бардык жагдайлары текшерилгенден кийин, мигранттын үстүнөн тиешелүү кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *