Санжар Мукамбетовдон башка кадр жокпу?

Мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Санжар Мукамбетовду экономика министри кызматына жана Эркинбек Чодуевди айыл чарба, тамак өндүрүшү жана мелиорация министри кызматына сунуштады. Бул сунуштарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев киргизген. Чодуев азыр айыл чарба министринин орун басары. Көрсө ал киши Президенттин кудасы, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин кудасы тура. Эми мамлекеттик кызматка кудалардын кудасы келе баштадыбы ошондо?!.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *