Кыргыз эли Кененсары ханды кантип жеңген?

Тарых бул элибиздин басып өткөн жолун чагылдырган күзгүсү. Тарыхтын татаал жолунда ата-бабаларыбыздын биз сыймыктанарлык ишине көкүрөк кере сыймыктанып алардын жолун андан ары улоого, айрым кемчиликтерин эске алып болтурбоого үйрөтөт.

Өз элинин жеңиштери менен сыймыктанбаган дүйнөдө бир да эл болбойт. Ар бир элдин өзүнө чакан тарыхы, жеңиштери бар. Бирок ал жеңиштер чоңбу же чаканбы мааниси жагынан баары бирдей эле зор. Көп өлкөлөрдө Ата Мекен үчүн согуш болгон жерлерин ыйык тутушуп, ар дайым эл жери үчүн курман болгондорду эскерип гүл коюп, театрлашкан көрсөтүүнү, жана башка маданий иш чараларды уюштуруп кадырлап, барктап жүрүшкөндөрүнө күбө болуп жүрөбүз. Мектеп окуучуларына согуш болгон жерлерди кыдыртып, өз көздөрү менен керсөтүп, ал согуштар жөнүндө кеңири маалымат берүү мектептин программасына кирген. Мындай иш чаралар келечек муундарды Ата Мекендин ыйыктыгын баалоого тарбиялайт. Мисалы орустун чоңунан кичинесине чейин, министринен БОМЖуна чейин “Чуд көлүндөгү салгылашууну”, “Куликов талаасындагы салгылашууну”, “Бородинону”, уктап жатса ойготсоң айтып берет. Ошондуктан орустарды дүйнөнүн 6:1 ээлеген баатыр эл, улуу эл деп айтышат. Ал эми кыргыздарчы?

Элибиздин байыртадан басып өткөн жолуна кез салсак, “Кыргыз” деген ат менен мындан 2218 жыл мурда тарых бетине түшкөндөн бери ата-бабаларыбыз кийинки урпактары эч кимге көз каранды болбой тукум улантып, өз алдынча мамлекетте жашаш үчүн баскынчыларга каршы жүздөгөн согуштарды башынан өткөрүп, алты жолу өз алдынча мамлекет түзүп жашагандыгы тарыхый документтерде кездешет. Тарыхтын оош-кыйыш мезгилдеринде бирде жеңилип башка элдердин кол алдында калса, акыры кайрадан жеңишип мамлекеттүүлүгүн сактап келишкен.

Албетте, ата-бабаларыбыз андан мурда деле өз алдынча мамлекет түзүп жашап келишсе керек, бирок алгачкы жолу, биздин заманга чейинки 201-жылдары азыркы Батыш Монголиядан Чыгыш Түркстанга чейинки аймакты ээлеген Кыргыз мамлекети тарых бетине жазылып калган. Экинчи жолу «Кыргыз падышачылыгы тууралуу маалымат биздин заманга чейинки 56-жылдары Чыгыш Теңир-Тоонун түндүк аймагында азыркы Манас шаарынан батышыраак жайгашкандыгы кытай тарыхында эскерилет. Бул мезгил кыргыздар хундар, динлиндер, турпандыктар менен бирдикте кытай аскерин талкалап, Хангай тоолорунан ары кубалап ийген мезгилге туура келет. Хангай тоолору ошол кездеги кыргыз-кытай чек арасы болуп эсептелсе керек. Анткени “Манас” эпосунда “Кангайга чейин сүрбөсөм” деген саптар көп кездешет.

Андан кийин Кыргыз мамлекети тууралуу маалымат биздин заманга чейинки 648-жылы Кыргыз каганы Ышбара Ажанды кытай императору салтанаттуу кабыл алып, анын өлкөсүн Кыргыз Тутук мамлекети катары тааныгандыгы тарыхта учурайт. Бул жолу Кыргыз мамлекети 710-жылдын 711-жылга караган кышта Күлтегин баштаган Чыгыш Түрк каганатынын кошууну жеңгенче жашаган.

Төртүнчү жолу кыргыздар 840-жылы Уйгур мамлекетин талкалагандан кийин, «Улуу Кыргыз каганаты» аталып турган. 924-жылдардан кийин борбордук башкаруу системасы бошоңдогондуктан Улуу кыргыз мамлекети тынчтык жолу менен чачырап, бир нече майда мамлекеттик бирикмелерге жиктелишип, Чынгызхан дооруна чейин өз алдыларынча жашап келишкендиги белгилүү.

Бешинчи жолу монгол-татарлардын доору бүткөндөн кийин, 15-кылымдын экинчи жарымында өз алдынча кыргыз хандыгы пайда болуп, күч ала баштаган. Бирок ал кездеги Борбор Азия элдеринин салты боюнча хандыкка хандын гана, тагыраагы Чынгыз хандын тукуму келбесе, башка коңшу хандыктар мамлекет катары таанышкан эмес. Ошондуктан 1462-87-жылдарда кыргыз мамлектинин башында Чынгыз хандын тукумдары Юнус хан, 1487-1504-жылдары Ахмед хан турган. Андан кийин кыргыз эли Борбор Азия элдеринин салтын биринчи болуп бузуп, өз улутунан хан көтергөн. Хандыкка Мукамбет Кыргыз (Тагай бий) келген. Алтынчы жолу кыргыз мамлекетин 1840-жылы Ормон хан түзгөн. Ошентип 1991-жылы жетинчи жолу Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп отурабыз. Андан башка азыркы Кыргызстандын аймагынан сырткары жерде 18-кылымда Каратегинде чакан аймакты ээлеген Кыргыз хандыгы болгондугу белгилүү. Бул туурасында 1734-жылы май айында Орусия Сенатынын обер-секретары Иван Кириловдун Улуу императрица Аннага “Бадахшанга коңшу жайгашкан чакан кыргыз провинциясы бар жана алардын өздөрүнүн ханы бар” – деп билдирет. Ошондой эле (1864-1888) Кашкарды борбор кылган Жети шаар мамлекетинин Жакыпбек башында турган башкаруучу тебөлдөрү, аскери негизинен кыргыздардан турган. Бул мамлекетти убагында Англия, Түркия өз алдынча мамлекет катары расмий тааныган. Бирок кыргыз эли бирдиктүү мамлекеттүүлүгү болбой калган учурларда деле, жалпы курултайларга чогулушуп, баскынчыларга жалпы аттанышып, конфедеративдик биримдикте көз карандысыздыктарын сактап келишкен.

Ал көз карандысыздыктар жүз миңдеген адамдын өмүрүн алган кандуу согуштар менен коштолгон, ата-бабаларыбыздын көптөгөн жеңиштеринин натыйжасы эле…

Кыргыз эли Кененсары ханды кантип женген?

Кыргыз элинин эң маанилүү жеңиштеринин бири 1845-1847-жылдардагы баскынчы Кенесары Касымовдун колуна каршы бир жарым жылдан ашык созулган Ата Мекендик Согуш. Учурунда бул окуяны дастан кылып айткан, жоо кайсы жол менен келип, эр сайыш кайсы жерде болуп, ким кайсы жерде набыт болгондугу, кимдин каны кайсы жерге тамгандыгы туурасында сөөм карышына чейин айтып берген куйма кулак ңарылар азыр арабызда жок. Көпчүлук эл бул окуя туурасында академиктен тартып, карапайым элге чейин санжыра деңгээлинде гана билишет. Айрым бул темага кызыккан ышкыбоздор өз алдынчы барып, Алмата, Омск, Оренбург, Ташкенттин архивдерин казып келишкен. Тилекке каршы өз урууларына тиешелүү материалдарды алып, бул улуу жеңишти өз уруусуна гана ыйгарып, жүргөндөр да бар. Натыйжада “Чала молдо дин бузат” болуп, тарых бурмаланып, жеңиштин маанисине, себепкерлерине акыйкат баа берилбей жатат. Архивдик материалдар менен санжырачылардын айткандарын салыштырып тактасак, бир жарым жылдын ичинде алты чоң согуш (ар бир тараптан 2 миңден 20 миңге чейин адам катышкан согуш) бир нече майда жаңжалдар (500дөн аз адам катышкан согуш) болуп өткөн. Бул согуштарга кабар жеткенине жараша Кыргызстандын түндүгүндө жашаган ар бир уруунун жоокерлери жок эле дегенде бир жолудан катышкан. Ал кезде согуштун жүрүшүн үзбөй кабарлап турган массалык маалымат каражаттары болбогондуктан, карапайым эл ошол өз уруусу катышып жеңип келген согуш туурасында гана кабардар болуп, “бир эле согуш болуп, биздин гана уруу жеңген” деген түшүнүктө калышкан. Ошол эле пикир боюнча айрым сөөгүнөн чучугуна чейин трайбалисттик духта тарбиялангандар чыгарма жазып жүрүшөт. Орчундуу себептер менен бул согуштун баарына айрым уруулар катыша албай калышкан. Анткени Кенесары капилеттен кол салып, согуш эки үч күндөн ашык созулган эмес (акыркы согуштан башкасы). Биринчи согуш 1845-жылы күздө болуп бир күнгө, 2-согуш андан көп узабай ошол эле күздө болуп, жарым күнгө жакын болгон. (Ахмед Кенесариндин “Султаны Кенесары и Сыздык”эскерүүсүндө ошол жылы кышка чейин кенесарычылар дагы үч жолу кол салгандыгы айтылат. Бирок ал согуштар туурасында башка документтерден же эл оозунан уга албадым). 3-согуш 1845-жылдан 1846-жылга караган кышта бир түн, 4-согуш 1846-жылы жазда азыркы Мыкан, Учхоз, Новопокровка айылдары тушта, жана Кара-Балта тарапта болуп үч күнгө, 5-согуш ошол эле жылы август айларында 3-4 күнгө, 6-согуш 1847-жылы, жигердүү согуш аракеттери 7 күн болуп, баштан аяк 10-12 күнгө созулган. Эми элестетиңиз! Согуш башталган күнү Көл, Нарынды же Таласты көздөй кеткен чабарман Боомдон же, Төө-Ашуудан чыгалекте эле согуш бүтүп калып атпайбы.

Бул согуш туурасында Кененсарынын колун жеңген кыргыздарда санжыра деңгээлинде эле маалымат болсо, орустарда 19-кылымдын орто чендеринен баштап эле илимий деңгээлде изилдене баштаган. Алгачкылардан болуп 1№(6-жылы барон Услардын, М. Венюков, Генералдык штабдын офицерлери Л. Мейер, М. Красовский, Н. А.Середа, А. И. Добромыслов, Е. Т. Смирнов, генералдык штабдын полковниги А. Г. Серебренников, согуш тарыхын изилдеген офицерлер М, А. Терентьев, А. И. Макшеев ж. б. ондогон изилдөөлөрдү жүргүзүп, макалалары чыга баштаган. Булардын ичинен эң көп архивдик, жана башка документтерди колдонуп, ошол согуштун катышуучулары, туткунда болгондор, лазутчиктерден, тыңчылардан, кербенчилерден ж. б. сураштырып бардыгы 200дөй материалдын негизинде жазган Н. А. Середанын “Бунт киргизского султана Кенесары Касымова”, А. И. Добормысловдун “Тургайская область. Исторический очерк”, А. Г. Серебренниковдун “Сборник материалов для истории завоевания Туркестанского края” деген эмгектери айрыкча алгылыктуу. Советтик доордо Кенесарынын ишмердигин изилдөөнүн 2-этабы башталып, жүздөгөн макалалар, илимий эмгектер, Бүткүл-союздук конференция, бир нече диссертациялар жакталган. СССР ИАнын Тарых институтунда, Казах ССР ИАсында бир нече талкуулар өткөн. Е. Б. Бекмаханов сыяктуу окумуштуулар бир сыйра түрмөгө да отуруп чыгышкан. Алыскы чет өлкөлүктөр да бул теманы көз жаздымда калтырышкан эмес. Алардын ичинен айрыкча немис окумуштуусу Э. Саркисярцтын “ИСтория восточных народов России до 1917-г.” деген эмгеги кеңири белгилүү. Кыргызстанда болсо, тунгуч тарыхчыбыз Белек Солтоноев (1878-1938) жана фольююр жана “Манас” изилдөөчү Ыбырайым Абдырахманов (1888-1967) изилдөөгө бир топ эмгек жумшашкан. Бирок алардын архивдик материалдарга, жүйөлүү себептер менен колдору жеткен эмес. Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарында алгачкылардан болуп архивдик материалдарды, тарыхий булактарды үстүртөн болсо да колдонуп илимий эмгек жазган академик Б. Жамгырчинов (1914-1982) болгон. Албетте окумуштуунун негизги илимий темасы болбо-гондон кийин архивдик матери-алдарды жетишсиз колдонгон. Азыркы заманбап тарыхчыларыбыздын дээрлик баары бул теманы өз эмгектеринде үстүртөн чырпып өтүшөт. Көпчүлүгү бириникин бири көчүрүшүп, архивдик материалдардын түп нускасын кеңири колдонушпайт. Айрым учурда архивдик материалдардын түп нускасы изилдөөчүлөр тарабынан өзүнүн кызыкчылыгына ылайыкташылып бурмаланып калган учурлар да кездешпей койбойт. Мисалы 1846-жылы жазда болгон Мазарлуу-Карасуудагы салгылашуу туурасында Жантай Карабековдун 1848-жылы 10-сентябрда Батыш Сибирь генерал-губернатору П. Д. Горчаковго жазган катында “В рассуждении Кенесары я и много оказал услуг, во время первого его пришествия его, я истребил у него 7000 человек, да и с моей стороны много погибло людей” дейт. (Архив внешней политики МИД России) Ф. СПб. Главный архив. 1-7. Оп. 6.1844. Д. 1. Л. 18- 23. (Кыргызстан-Россия 18- 19- в. 131-6.)

Ал эми ошол эле кат Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде (Ф. 374, оп. 1, д. 1921.4-барак.) “Кенесары с 7 тысячью воинами напал на нас, тогда столько же моих братья храбрецов лишились жизни, напоследок с божей помощью мы из 7 тысяч многих погубили. Сам Кенесары спасся с бегством” – дейт. Бул эки каттын кайсынысы чын, кимиси бурмалады же Жантай хан эки башка кат жазганы белгисиз. Бир жолу Ормон хан туурасында изилдеп бүт архивди аңтарып чыккан Жапаркул Токтоналиев казак туугандар өздөрүндө сакталган архивдик материалдарды өздөрүнө ылайыкташтырып бурмалап жаткандыгы туурасында добулбас каккан эле. Же балким анын да чындыгы бардыр. Айрым архивдик материалдар менен иштеген изилдөөчүлөр “баланча архивде мындай жазылган, түкүнчө архивде тигиндей жазылган” деп санап кою менен эле чектелишет. Бирок ал окуя болуп өткөн айылдардын элдеринен сурамжылоо жүргүзүп, салыштырышкан эмес. Анын үстүнө Кенесары туурасындагы эң маанилүү материалдардын баары Казахстан Республикасынын мамлекеттик борбордук архивинде (КР МБА) сакталган. Анткени эң чоң базалык архив болуп эсептелген Оренбург жана Омск шаарларындагы архивдин фонддору учурунда КР МБА га өткөрүп беришкен. Ошондой эле Орус империясьшын тышкы саясат боюнча Архивинде (АВПРИ) жана Орусия мамлекеттик согуштук-тарых архивинде, Санкт-Петербургдун башкы архивинде, Ташкендеги Өзбек республикасынын мамлекеттик архивинде да маанилүү маалыматтар бар. Айрыкча Омск областтык мамлекеттик архивинен Катанаевдин 366 фондунда Кененсарынын кыргыздан кантип жеңилгендиги туурасында материалдар кеңири берилген дейт. Андан башка фонд 67 (Сибирь казактарынын аскердик чарба башкармалыгы), фонд 4 Батыш Сибирь башкы башкармалыгынын, фонд 2200 (Палешенковдун фонду) Кененсары туурасында маанилүү материалдар сакталган. Өзүңүздөр көргөндөй, архивдердин баары Кыргызстандан сырт жерде. Аякка барып окуп, изилдеш көп каражатты талап кылат. Ал баарынын колунан келе бербейт.

(уландысы кийинки санда)

Кадырбек Жекшалиев, публицист, тарыхчы

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *