Сапалкан Арипов: “Үзүлгөн кисти, каткан боёк…”

Кыргыздар деги кызыкпыз. Коомчулукта кеңири кеп болду. Ошол кезде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн ичинен М. Акынбековдун чыгармасын Москвадагы Третьяков мамлекеттик галереясы сатып алгандын өзү чыныгы талантка берилген мезгилдин баасы го. Мунун өзү аны кыргыз сүрөт өнөрүнүн корифейлери С. Чуйков, Д Айтиев менен бир катар деңгээлге чыгарып жатпайбы. Анткени ал мезгилде кыргыз сүрөтчүлөрүнүн ичинен жалгыз гана С. Чуйковдун чыгармалары ал музейдин алтын казынасында эле да. Дагы бир кызык жагдай: Мэлистин “Алай-Куу өрөөнүндө” картинасы Гапар акенин сүрөттөрүнөн мурун сатылып алынышын кантип тушүндүрсөк болот? Бар болгону, борборубуздагы сүрөт окуу жайын бүтүргөн сүрөтчүнүн ошол кезде Москвада сөзгө арзышы биздин коомчулукту бир топко уу-дуу кылган. Мэлис байке да терисине батпай, бир топко жер баспай калды. Эсил кайран СССРдин дөө-шаа сүрөтчүлөрү менен бирге анын чыгармаларынын Третьяковдун экспозициясынан орун алышы жалпы эл сыймыктана турган иш болучу.

ЬІрас, сыймыктандык. Бирок баары кыргызча. Сыртынан Мэлисти куттукташканы менен ага болгон көрөлбадтыктын майданы тымызын кеңий берди. Акырындап “мамзаказдан” четтетишти. Мамлекеттик заказ дегениң ал кезде бала-бакыраны бакканга толук жетчү. Акчасын алып, ышкырып жүрүп бүтүрүп коюшчу колунан келгендери. Келбеген чоркоктору, иштерин улам созуп, акыры чампалап салгандарын да көрдүк. Ал андайлардан эмес эле. Ар бир нерсеге аяр мамиле, жоопкерчилик менен карачу. Кийин-кийин, оо бир топ убакыт өткөрүп, Москвага кеткен иштеринин кичинекей өлчөмдө кайталанган көчүрмөлөрүн жасады.

Мыйзам боюнча ар бир автор оргинал ишин үч жолу көчүрмөлөөгө расмий уруксат берилет.

Учурда айрымдар пачкелеп көчүрүп сатып жатышпайбы. М. Акынбеков “Алайкуу өрөөнүндө” менен “Көкбөрүсүн” эки жолу кайталап жазды окшойт. Бирин Акун акеге (Токтосартовго) алып барам деп Маматсабырга багет жасатканын бир билем. Калгандарын кимге белек кылды экен? Ал сыр өзү менен кошо кетти. Аттиң арман. Жанында айланчыктап жүрүп бир ишин ардактап алып калбаганымы карачы. Көрсө, биз өлбөчүдөй, дүйнөнүн түркүгүн кармап алгансып басып жүрө берет турбайбызбы. Кайран гана киши. Бүгүн бар да, эртең жок. Акыры минтип кете берди. Коштошо да албадым. Болгону Маматсабыр Көлгө Мэлис байкенин сөөгүн жеткизип барганын гана эшиттим. Аны да Сүрөтчүлөр союзу тыңгылыктуу уюштура албаптыр. Кайсы бирин айталы.

Эми М. Акынбеков жөнүндө бирин-эки сөз. Ал 1967-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайын бүтүрдү. Шартына жараша республикалык, Буткүл союздук, эл аралык көргөзмөлөргө катышты. М. Акынбековдун талантын София, Лейпциг, Стокгольм, Москва шаарларынын көрүүчүлөрү учурунда туура баалап, өз бааларын беришкен. А бизчи? Бизде баары нукура кыргызча го, чиркин. Радиодон айтылып, теледен көрсөтүлүп, борбордук басма сөз каражаттарынан берилип калса “Оо, биздин кыл чебер” деп сыймыктанып калабыз. Бар болгону ошо. Башка жок. Калганына кайдыгер карайбыз.

Канга сиңген, жанга баткан кайдыгерлик кыргыздын түбүнө жетет окшойт. Күн чыгыштагы жапондордой “коллективизм” оорусунан алыспыз. Аныбыз залакасын ар тараптан тийгизип жатат. Дегинкиси, табиятынан дээринде болбогон адамды канчалык таптасаңыз да эч нерсе чыкпайт. Мэлис байкебиз мындай “касиеттен” куру жалак калыптыр.

Атасы – Сатыбай, энеси -Күлсүн… берген таалим-тарбия башка нукта кеткен экен. Согуш мезгилинен кийинки өлкөдөгү оор абал бала чагынан жадында кыттай болуп куюлуп, өспүрүм курактан эр ортону элүүгө келгенге чейин коштоп жүргөндөй. Алыскы ак мөңгүлүү, көк чокулуу Алайкуу өрөөнүнөн келген кетирекей кара тору жигит борбордон көп нерсени үйрөндү. Композицияны кантип курууну, түстөрдү кылдат кынаптоону өздөштүрдү. Эскиз, этюд жазуунун технологиясына сүңгүп кирген сайын көркөм сүрөт өнөрүнүн сырларын түшүндү. Табиятынан көркөм ой жүгүртүүсү учкул болгон Мэкебиз абстракционист сүрөтчүгө айланган жок. Бирок салттуу болуп калган реалисттик
кабылдоодон четтеп, бар болгон көңүлүн өз элинин фольклоруна, кыргыз орнаментине бурду. Жемиши жаман болбоду.

“Алайкуу өрөөнү”, “Көкбөрү” чыгармалары жаралды. Алга “Дүйшөндүн портретин” жазды. Андан соң “Кумбел” менен ”Кашкасуу” чыгармаларын жаратты. Экөөн тең, бирин СССР сүрөтчүлөр союзунун фонду, бирин сүрөт музейи сатып алды. Кимдерге кандай экенин билбейм. Мага жакканы – анын “Көкбөрү” картинасы. Чоң сөзгө арзый турган эмгек. Айла жок, ошол кездеги маданиятты тейлеген “манкурттардын” пастыгынан ал чыгарма Москвага сатылып кетти. Болбосо, биздин Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейибиздин туруктуу экспозициясында бул чыгарма сакталып турганда М. Акынбековдун чыгармачылыгынын дагы бир өңүтү ачылмак…

… Көкбөрү – кылым карыткан кыргыз элинин улуттук оюну. Эрендердин эрдигин, жигиттердин шамдагайлыгын даңазалаган оюн. Дүйнө жүзүнүн бир топ элдеринде мындай оюн жок. Аттын кулагы менен тең ойногон азаматтар көчмөндөрдүн көкбөрүсүн кылымдардын кыйырына даңазалап келишүүдө. Мында баары бар. Кыймыл. Динамика. Куюндай болуп куюлушуп, баары бир майданда кайнап жатат. Уюп жатат. Бүтүн Дүйнөң да, болгон турмушуң да ушу жерде. Көчмөн кыргыз. Көп кылымдын кыртышына чөккөн кыргыз. Ат жалынына өбөктөп Алтайдан Ала Тоого көчкөн кыргыз. Көп кыйынчылык, кыргын-сүргүнү катмарлана канына чөккөн турмуш. Баары бар. Ашыкча эч нерсе жок. Композициясы да, түстөрү да кынапталышы да бир тутумда ырааттуу ишке ашкан. Элибиздин улуттук оюну көкбөрүнү көркүнө чыгара жаза билүү ар кимдин эле колунан келбеси айдан ачык. Аны колунан көөрү төгүлгөн таланттуу кыл чебер гана ишке ашырмак. Мына ошол талант ээси Мэлис Акынбеков экен.

М. Акынбеков “Көкбөрү” чыгармасынан улам кыргыз элинин улуттук оюндарына баш оту менен сүңгүп “Кызкуумай” үчилтигин жаратты. Анын оң тарабы – “Махабат”, сол тарабы -‘Атаандаштар”, ортоңку бөлүгү -“Кызкуумай” аталат. Чыгармада баары ойдогудай сезилгени менен мурунку “Көкбөрүдөй” кыймыл жетишпегенсийт. Бул биздин ой. Москвалыктардыкы башкача… Андай болгону менен москвалыктардын көөнүнө жагып Москва Сүрөтчүлөр союзу тарабынан сатып алынган. Кыл чебердин иштеринин баары сыдыргыга салгандай текши чыккан жок. Арасында ар кыл деңгээлдеги чыгармалары бар. “Алай оймолору”, “Бригада”, ‘Жумушчунун портрети”, “Айыл мотиви”, “Энемдин портрети”, “Курулушта” аттуу картиналары анын чыгармачылык жүзүн ар тараптан ачып берет. М. Акынбеков өмүрү өткөнчө бир нече чыгармаларды жазып кетти. Идеяларын уютуп ишке ашпай калганына сан жетпейт. Же тескерисинчедийиштүү каражат жоктугунан идеялары ирип, материалдары чирип калгандары канча.

Чала жазылгандары да бар сыяктанды эле. Холст керилип, карандаш менен эскиздери чийилгенин да көргөмүн… Каза болгондон кийин баш-аягы билинбейт. Же маркум жайына берилээр алдындагы кым-куутта колу туткактар кармап кеткенби?..

Кайран өмүр. Куш сыяктуу алеки заматта канат күүлөп учуп кете берет турбайбы. М. Акынбеков агабыздын өмүрү текке кеткен жок. Анын кут түшкөн куш өмүрү көп сөзгө арзыйт. Артында ат көтөргүс эмгектери калды. Азыркылар баалабаса, балким кийинки урпактар өз баасын берээр. Ал адам менен замандаш болуп калганыма ыраазымын. Мен муну сыймыктануу менен айта алам. Мэлис байкем көзү тирүү болгондо быйыл күздө жетимиш алты жашка чыкмак. Тагдыр ушу экен: элүү биринде кете берди. Чагылгандай бир жарк этип, Үркөр жылдыздай үлпүлдөп КӨККӨ тунуп кетти.. Өзү суктанган Ысык-Көлдүн салкын жели бейитинин бетиндеги шыбактарды ары-бери серпилтет. Балким мунусу мелен касиеттүү Ысык-Көл жергеси Мэлис Акынбековго болгон таазимин билдирип жаткандыр. Көгүлтүр көл жээги тыптынч.

Кээде гана шарпылдаган толкундар жээкти жайпап саламдашып кетишет. Тээ алыста көл четинде жалгыз караан. Ал биздин байкебиз МЭЛСтин колуна кистисин алып көл жээгинде турган РУХУ…

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *