Сапар Исаковдун командасы макулдашкан кредитти Жогорку Кеңеш жактырабы?

Ушул жылдын жазында Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши Кыргызстанга санариптик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн 50 миллион доллар кредит берүүнү чечкен. Андан бери 8 ай өтүп кетсе да кредит жөнүндөгү макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялана элек. Бул сумманын жарымысы гана кредит катары алынып, калган 25 миллион доллары грант түрүндө акысыз берилмек.

Кредит 38 жылга 0,75 % жылдык үстөк пайызы менен, башкача айтканда, минималдуу пайыз менен берилмек. ДБнын директорлор кеңеши бул шарттарга 20-мартта эле добуш берген. Бирок ага карабай, Жогорку Кеңеш эмдигиче жадагалса, бул теманы талкууланганга да кирише алек. Мунун себеби балким, бул келишим парламент ушул жазда премьер-министрдин кызматынан отставкага кетирген Сапар Исаковдун командасынын эмгеги экенинде чыгаар.

Digital Casa деп аталган бул долбоор кыргызстандыктарга эмне бериши мүмкүн? Сапар Исаковдун командасы белгилеген план боюнча акчанын теңи оптикалык була линияларын улантууга (1000 километрге) жумшалмак. Бул Кыргызстандын алыскы, тоолуу райондорун жогорку ылдамдыктагы интернетке кошулууга, башка мамлекеттердин, биринчи кезекте Кытайдын оптикалык була линияларына жаңы туташууларды түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Учурда Кыргызстан интернетти Казакстандан гана сатып алууда, ал эми жаңы туташуулар анын монополиясын талкалайт жана биздин жарандар үчүн интернеттин наркынын ылдыйлашына (айрым эсептөөлөр боюнча эки эсеге ылдыйлашы мүмкүн) алып келет. Каражаттын калган экинчи бөлүгү кеп болуп келаткан “электрондук өкмөткө”, мамлекетти башкаруу системасын санариптөөгө (мында көп нерсе талап кылынат, буга Дата-борбор деп аталган маалыматтарды сактоо борборлору да кирип кетет). Мунун эсебинен коррупциялык мүмкүнчүлүктөр азаяры, интернеттин ылдамдыгы жана калкты тейлөө жакшыраары болжолдонгон.

Сапар Исаковдун өкмөтүнүн ордуна келген Абылгазиевдин кабинети бизге “Таза коом” долбоорун улантабыз деп убада берген эле. Балким, ал улантылып жаткандыр, бирок эмнегедир ташбакадай араң эле кыбырап жаткандай. Мен элдин баарын жадатып бүтүргөн “Коопсуз шаар” долбоорун айтпай эле коёюн. Бирок мисалы, Сапар Исаковдун тушунда “Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебин” киргизүү аракети болду эле. Бул милицияга келген кайрылууларды компьютерге жазып коюу дегенди гана түшүндүргөн эмес. Ар бир кайрылган жаран атайын сайттан өзүнүн берген арызын кароо кайсы стадияда экенин, аны менен ким иштеп жатканын, арызы боюнча кандай чечимдер кабыл алынганын ж.б. көрүп турууга мүмкүнчүлүк алган система ишке кирмек.

Жаңы өкмөт ишке киргенден бери жарым жыл өттү, кылмыштарды электрондук эсепке алуу Бишкектин Свердлов РИИБинде гана (эң эле примитивдүү формада) киргизилген. Бул башка эч бир жерде жасалган жок. Мындай темп менен “Таза коомду” 200 жылда ишке ашырышат окшойт, албетте, анда да адамзат андан мурдараак интернеттин ордуна башка бирдемени ойлоп таппаса…

Кандай болгон күндө да эртедир-кечтир парламентте Digital Casa кредитин кароо мөөнөтү келет. Бирок дал ушул жерде бир коркунуч турат, депутаттар бир кезде аларды “саясий өлүкгөр” деп атаган С. Исаков аларга жакпаганы үчүн эле каршы добуш берип коюулары ыктымал.

Мурат Мусакеев

Булак: «Багыт»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *