Асия Сасыкбаева Жылдыз Жолдошевага 50 миң сом айыппул төлөйт

Жылдызкан Жолдошева сотто Асия Сасыкбаеваны утуп алды. Биринчи май райондук соттун чечимине ылайык, Сасыкбаева Жолдошевага 50 миң сом төлөп берүүсү керек. Буга чейин бул эки айым 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары болуп турушканда бирин-бири катуу сындап келишкен. Асия Сасыкбаева Жолдошеванын 2010- жылы июнда өлкө түштүгүндө болгон окуяларга тиешеси бар экенин айткан. Жолдошева буга байланыштуу, сотко арыз менен кайрылган болчу.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *