Сауд Арабиясы коронавирустун жайылышына байланыштуу Мекке жана Медина шаарлардындагы ыйык жайларды зыярат кылууга убактылуу тыюу салды

Умра үчүн Меккеге баратып Дубайда ара жолдо калган 48 тажик жараны мекенине кайтып келет. Сауд Арабиясы 26-февралда коронавирустун жайылышына байланыштуу Мекке жана Медина шаарлардындагы ыйык жайларды зыярат кылууга убактылуу тыюу салган.

Тажик бийлиги маалымдагандай, кичи ажылыкка сапар алган 48 тажик жараны учурда Дубайда. Буга чейин Тажикстандын Дин, улуттук каада-салт жана салтанаттар боюнча комитети зыяратчылар Мекке жана Медина шаарларына кирүү үчүн Сауд Арабия бийлигинин уруксатын күтүп жатканын билдирген. Саудия уруксат берген жок.

Комитеттин ырасташынча, “Ормон” туристтик компаниясы зыяратчыларды мейманкана жана тамак-аш менен камсыздады. Бардык туристтик компаниялар заыяратчыларды кичи ажылыкка жөнөтүү иштерин убактылуу токтотту.

Бул арада Мекке жана Мединага баруу үчүн акчасын төлөп койгон зыяратчылардын каражаты кайтарылар-кайтарылбасы белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *