Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » «Саяк» аттуу кримавторитет «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалын басып алганы айтылууда
Криминалдык хроника жана окуялар

“Саяк” аттуу кримавторитет “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалын басып алганы айтылууда

Бүгүн, 6-октябрда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Кара-Кече” филиалын басып алышты. Уюмдун жетекчилиги Ички иштер министрлигине, УКМКга жана жаңы Координациялык кеңешке билдирүү жөнөткөн.

Алардын айтымы боюнча, саат 15:00 чамасында “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече филиалын 100гө жакын белгисиз басып алышкан.

“Колдо болгон маалыматтарга караганда, көмүр кенине кол салуу жана басып алуу “Саяк” каймана аты бар криминалдык авторитет М.Кадыркулов тарабынан уюштурулган. Кол салгандар кассанын кызматкерлеринен жарым миллион сомдон ашык акчаны тартып алышкан. Ошондой эле алар филиалдын директорунун, башкы инженерди кызматтан кетүү боюнча арызын жаздыртып, жетекчиликти алмаштырууну талап кылышкан. Ошол эле учурда, көптөгөн автоунаалар документсиз, каттоосуз кетип жаткандыгы белгиленди.

Калкты, ири өнөр жай ишканаларын жана Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун камсыздоо үчүн көмүр продуктуларынын басып алынышы 2020-2021-жылытуу мезгилине терс таасирин тийгизет” – деп айтылат маалыматта.

Amazon сервисинде Кыргызстанды Кафиристан деп жазышкан

Рустам Мамановду түрмөдөгүлөр кордоп, тапкан оокатын сорушуп, «тындым» кылыштыбы?..

Күйөөсүн бычактап өлтүрүп, жиликтеп салган Айдай Субанова 16 жылга кесилип, Степноедогу аялдар абагына салынды