Саясат таануучу Валентин Богатырёв: 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо кайсыл партия жеңет? (саясый технологдор үчүн окуу курал)

Айланада чалкып жаткан саясый урандыларды карап туруп, он айдан кийин эмне болорун, кайсыл саясый партиялар келе жаткан шайлоого катышарын, анын жыйынтыктарын айтып коюу кыйынчылык туудурбайт.

“Артымда партиялар турат” деп чиренген бир катар саясый каармандардын Жогорку Кеңешке өтүү босогосун төмөндөтүү аракети таңгалдырат.

Биринчиден, демократиянын пайдубалын түзгөн эреже бар: бийлик кимге көп добуш берилгендин колунда. Бул жерде калктын ар кайсыл катмарынын кызыкчылыгын коргоо зарылчылыгы жөнүндө аргумент шоона эшпей калат, анткени 3 же 5, же атүгүл 0,1 пайыз – тиешелүү деңгээлде бардык кызыкчылыкты камтыйт деген кепилдик жок. Бул болгону абадан алынган сандар, а тагыраак айтсак, мүмкүнчүлүк болбой жатканда, парламентке барып калуу каалоосунан эле келип чыккан нерсе.

Экинчиден, парламенттин курамындагы депутаттык мандатты сатып алуу системасы турганда, акча төлөгөнгө кудурети бар же ал үчүн бирөө төлөгөн кишилер гана келерине ким шек санайт?

Ошондуктан бул чечимди кабыл алган кишилер ресурстары жок саясатчылардын парламентке киргизүү өтүнүчүн каакы ордуна көрбөгөнү түшүнүктүү. Бийлик акчасы барлардын гана колунда – бул жаңы табылган чындык эмес, ал Кыргызстанда да ойлонуп табылбаган.

Бирок бардыгынан таңгалдырганы – коомчулукка атайын шайлоонун бийик босогосу өлкөдөгү саясый партияларды калыптандыруунун каражаты катары көрсөтүп жаткандары. Бул ачык-айкын кемчонтойлук. Болгондо да зыян келтире турган кемакылдык. Дал ушул нерсе өлкөдө бүт тармакты камтыган саясый коррупцияга алып келди, демократиянын шайлоо идеясын жаманатты кылды, натыйжада демократия аралы деген түшүнүктү түп орду менен жоготтук.

Эгерде “азыркы дүйнөдөгү партия системасы керекпи?” деген маселени талкуулабасак, анда Кыргызстандагы саясый партиялардын түптөлүшүндө ийгиликке жетүү үчүн бир гана мүмкүнчүлүк калат: анда аны бир гана шайлоо технологияларынын мейкиндигинен жана бийликке келүү механизмдерине көз каранды болуудан чыгарууга туура келет.

Эң биринчи кезекте, канчалык болуп көрбөгөндөй көрүнбөсүн, пропорционалдуу шайлоо системасын, парламентти партиялык тизме менен түзүүнү четке кагуу акыркы мүмкүнчүлүк болуп, өлкөдө партиялык саясый системаны түзүүгө акыркы аракет болуп калат.

Партияларды бийлик органдарын шайлоо процессине кошуп, ал пропорционалдык системаны киргизүүгө негизделсин, ошондо гана биздин өлкөдө партиялар түптөлөт деген тезис жалган болуп чыкты, андай болбой коюшу да мүмкүн эмес эле. Саясый партиялар – бул социалдык катмарлардын аныкталган кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу ыкмасы. Кыргыз коомчулугу ушундай кырдаалга туш келди деңиз, калыптанган кандайдыр бир социалдык катмарга ээ эмес, болгону гендерлик, диний, уюшкан кылмыштуулук, жер-жайнаган майда кесиптик коомчулуктарга бөлүнгөн белгилер менен гана аныкталып калды. Анан, албетте, аймактарга бөлүнүүчүлүк, субэтникалык коомчулуктар бар. Бул коомчулуктардын саясый аң-сезими ар кандай,саясый жактан күчтүү болуп калган топтор да бар дечи, мисалы, диний, аймактык жана криминалдык топтор. Эгерде аларга саясый бирикме түзүүгө уруксат берилсе, анда биз реалдуу партияларга ээ болмокпуз.

Ошондуктан биздин абалыбызда саясаттын базалык субъектилери катары партияларды түзүүгө багыт алуу, партия түзүүнүн куралы катары “партиялык” тизме боюнча шайлоо системасын киргизүү – эң жаманын айтпасак да, бул таптаза эле кыялга алдыруу, донкихотчулук болуп калат.

Чындыгында, түпкү маанисиндеги партиялар түзүлбөдү, буга таңгалып да кереги жок. Алардын ордуна жалган партиялык түзүмдөр пайда болду, аларды биз депутаттык мандат алышкандан кийин “акционердик коомдор” деп атап калдык.

Бүт тармакты камтыган саясый коррупция жаралды, ал мамлекеттик башкаруудагы коррупцияга жана мамлекеттик тейлөөгө жеткен коррупцияга умтулуп келет. Бийлик жана ага байланыштуу жыргалчылык – эң катуу таасир берген өбөлгө экен, партиялар мамлекетте жетиштүү турмуш менен камсыз кыла турган, өлкөнү өнүктүрө турган, ыйман-ынсапты калыптандырчу идеологиялык таасиринен кол жууп калды. Партиялардын идеологиялык маани-маңызы, максаттары жөн гана саясый партиялардын декларация менен программаларынын текстерине айланды. Атүгүл шайлоо технологияларында кошумча ресурс катары же чыныгы электоралдык умтулууну шөкөттөгөн ресурс катары арткы планга жылып калган.

Биз азыркы добуш сатып алуу системасын жое албайбыз, демек, жалган демократияда, жалган парламентаризмде, таасири жок мамлекеттик башкарууда, коррупцияда жана башка “жыргалчылыктары” бар өлкөдө жаралган саясый-мамлекеттик түзүлүштө жашай беребиз. Бир гана коомдук аң-сезимде идеологиялык жогорку принциптер баалуулук болгондо гана оңолобуз.

Дал ушул нерсе саясый партиянын ролун аткарууга тийиш. Мамлекеттик кызматтарга депутаттык фракциялар аркылуу, партиялык квоталар аркылуу мамлекеттик институттарда орун алган азыркы саясый партиялардын катуушусунан баш тартканда гана партиянын ролу иштей баштайт. Ошентип, макаланын темасына коюлган суроого – ЭЧ КИМИСИ – деген эң мыкты жооп боло алат.

Эң кызыгы, Жогорку Кеңешти партиялык тизме менен түзүүдөн баш тартуу – бардыгын канааттандырат, же парламентте болгусу келгендердин көпчүлүгүнө чырагына май тамызат. Саясый партиялардын шайлоо алдындагы фонддорун камсыз кылгандан көрө, депутаттыкка талапкерлер өз алдынча жеке шайлоо кампаниясына эки эсе аз каражат коротот, электоралдык базасы кеңейет, электорат аны саясый салмагы түшкөн саясатчыларга байлабай калат.

Мен үчүн өлкө президенти мажоритардык шайлоо системасына кайтууга барбаганы кызыктай таасир калтырды. Азыркы башмыйзамга ылайык, анын статусу үчүн бул идеалдуу вариант. Анткени президенттин эч кандай саясый ресурсу жок, дегеним, жеке саясый партиясы жок же аны колдогон саясый партия байкалбайт. Бирок президент көзөмөлдөгөн административдик ресурстун бөлүгүн пайдалангысы келген саясый партиялар четтен табылат дечи. Бирок ал партиялар президенттин өзүн колдойт деген жаңылыштык. “Кыргызстан” партиясы же “Бир бол”, “Республика-Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” кантип түзүлгөнүн жакшы билебиз, бири-бирин тааныбаган эле кишилер акционердик салымын салгандай эле байланышып калышкан – бул кемакылдык, мындайды Акүйдүн акырынан жем жеген “саясый технологдордон” гана күтсө болот.

Дал ушул нерсе 2015-жылдагы парламенттик шайлоо кампаниясын долбоорлогондордун негизги катасы болгон, анын натыйжасын көрүп жатабыз.

Партиялык тизме менен шайлоодон баш тартуу – кимдир-бирөөгө тиешелүү саясый партиялардын лидерлерине гана белгилүү себептерден улам пайдасыз. Эгерде партия үчүн парламентке кандай жол менен болбосун жетүү максат болсо гана пайдасыз. Эгерде партиянын андан терең максаттары болсо, мисалы, программаларында жазылгандарды жүзөгө ашыруу болсо, анда эле партиялык тизме боюнча шайлоодон баш тартса, анда өзүн аныктап алганга жана реалдуу партияны түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт. Окуя ушундай нукта өнүгө турган болсо, анда биз, өлкөнүн жарандары биздин кызыкчылыкты реалдуу түрдө коргой турган саясый күчтү колдой алабыз. Ошондо партиялардын программаларын окуп киребиз, алардын лидерлери өздөрүн кандай алып жүрөт, эмне айтып жатат, көз карашы кандай, биздин көйгөйлөрдү кантип чечкени жатат – көзүбүздүн кырынан чыкпай калышат. Ошондо биз саясый партиялар менен биргеликте шайлоого катышууга даяр болобуз, депуттарыбызды тандай алабыз, андан чыкты, демек, өкмөт дагы реалдуу түрдө биздин кызыкчылыкты ойлоп калат.

Саясый партиялар өткөргөн шайлоо компаниялардын мүнөзү да кескин өзгөрөт. Азыркы тапта бардык кыргыз саясый күчтөр саясатты атаандаштары менен болгон күрөш катары, интригалар катары көрүшөт, идеялар менен стратегиялардын атаандаштыгы катары карашпайт. Бизде бардыгы policy менен эмес, politics менен алек. Бул саясаттын эң баео түрү, тилекке каршы, дал ошол үстөмдүк кылып келет. Албетте, мындай кырдаалда аракеттердин негизги көзүрү – компроматтар, атаандаштарды караалоо, мүмкүн болгон каражаттар менен аларды сүрүп таштоо болуп калат. Бул эч кандай коррупция менен күрөшүү, тартип орнотуу эмес, а саясат, мындай учурда – кадрдык атаандаштык гана.

Эгерде саясаттын реалдуу мазмуну жөнүндө кеп кылсак, анда саясый партиялардын дараметин көрсөтүү үчүн үч объект жана аларга ылайык үч системалуу негиз бар: (1) саясый үстөмдүк жана анын коомдук саясый түзүлүшүнүн туура модели, (2) башкаруу модели, ага мамлекеттик башкаруу модели да кирет жана (3) идеология.

Саясый түзүлүш моделинен баштайлы. Келе жаткан шайлоо акыры “парламенттик системага өтөбүзбү же 2017-жылдын декабрына чейин болуп, 2018-жылдын майында калыбына келген президенттик башкарууда калабызбы?” деген суроого жооп берүүгө тийиш.

Буга чейин парламентаризм курсун бекем кармаган эки гана маанилүү саясый партия болуп келди: алар – КСДП менен “Ата Мекен”. Шумдуктуу эле бир нерсе болуп кетпесе, тигиниси да, мунусу да эми Жогорку Кеңешке келе албай тургандыгы түшүнүктүү. Анда эле парламентаризм үчүн күрөш парламенттин өзүндө түп орду менен жок болот.

Калган бардык партиялар тигил же бул деңгээлде – президенттик моделди колдогондор. Мындан тышкары, соңку жылдардагы коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөткөндөй, калктын көпчүлүк бөлүгү бекем колду, жакшы кожоюнду самап калгандай. Болгондо да мындай көз карашты коомдун либералдык бөлүгү карманат экен, бир гана айырмачылыгы – аларга “билимдүү” диктатура, “демократиялуу” улуттук лидер зарыл. Эмнеге экени – түшүнүктүү. Бул жерде бир гана советтик патернализмдин (патернализм – улуулар кичүүлөрдү камкордукка алып, көзөмөлдө кармап, ошондой эле кичүүлөр улууларга баш ийген мамилелерге негизделген система) мураскерлиги эмес, улуттун көйгөйүн чечүүгө ички даярдыктын жоктугу эмес, акыркы он жылдыктагы башаламандыктан, өздөрүн “демократиялуу” катары жар салып алган бийлик режимдеринин кылгандарынан көңүл калуу жатат.

Башкаруунун президенттик формасын колдогондордун аргументи, албетте, бирөө гана – ал АКШ, Дональд Трамп келгенчекти эч ким америкалык система авторитардык экенин айткан эмес эле. Бирок америкалык системада бизде жок нерселер бар: реалдуу түрдө көз карандысыз бийлик бутактары, укуктун биринчи орунда турганы, массалык түрдөгү демократиялык идеология менен салттар, күчтүү жарандык коом. Бул социалдык атрибуттардын жоктугу бийликтин президенттик системасын дароо эле авторитаризмге айлантары турган иш. Биз мунун бир же эки жолу гана көргөн жокпуз.

Биз 2020-жылы бийликтин президенттик жана парламенттик системаларын тандабастан, демократия менен авторитарзмдин бирөөсүн тандайбыз.

Ошентип, шайлоого чейин парламенттик башкаруу системасын колдоп калгандар үчүн, өзүн-өзү, өз аң-сезимин аңдай алгандар үчүн, жеке турмушунан жыйынтык чыгаргандар үчүн – бир гана чечим кабыл ала турган так критерий менен саясый партияны же өзүнчө талапкерди тандаганга мүмкүнчүлүк ачылат.

Саясый дараметин көрсөтүү үчүн экинчи негиз жана экинчи тандоо – мамлекеттик башкаруу модели. Өлкөбүздө президент баш болуп, бардык бийлик бутактарынын башчылары төш болуп, азыркы мамбашкаруу системасы таасирдүү деп санаган бир да киши жок.

Бирок отуз жылдан бери карай маңызы советтик болгон башкаруу системасын сындырууга эрки жеткен эч ким болбой келет. Эгерде партиянын максаты – президенттик институтту жоюу, райондук, облустук административдик-территориалдык бөлүүнү жоюу болуп, анын ордуна 19-20 аймактан турган системаны уюштура алган, 5 министрликтен, төрт эмес, көптөгөн функцияларга ээ бир гана вице-премьерден турган өкмөттү түзүү болсо, – мындай кайра түзүүлөр салыктын көлөмүн кыскарта алса, анда эле андай партия электораттын колдоосуна ээ болот. Жок дегенде, беш миң сомго караганда, эмне баалуу экенин түшүнгөн калктын бөлүгү колдоп кетет.

Акыркы, 2020-жылдагы шайлоо үчүн үчүнчү негиз – бул идеология. Бул жердеги эң башкы көйгөй – көпчүлүк шайлоочулардын мээси идеологиялык боткого толуп калды. Оңчул менен солчул, либерал менен консерватор, улутчул менен глобалист, атүгүл мусулман менен мусулман эмес деген классикалык бөлүү схемасы иштебей калды.

Бирок ошого карабай, эсепке алына турган эки жагдай бар.

Биринчиси – майда кызыкчылыкка каныкканы: элге негизги нерселер керек: туруктуулук жана тартип, теңчил мамлекет, мамлекеттик социалдык күчтүү коргоо, эркин экномика. Бирок бул сөздөрдү бардык партиялар шайлоочунун кулагына кумдай эле куюда. Ошондуктан эч кимиси туруктуулук идеологиясында жеңе албай келет.

Экинчиси – өтө эле олуттуу: улуттук аң-сезим, улуттук сыймык жана ар-намыс сезими, кичинекей, айылдык өлкө деген өксүк комплексинен арылуу. Мен мурда эле айткам, эгерде Кыргызстандагы саясый партиялар шайлоочулардын колдоосуна ээ болгулары келсе, сөзсүз улуттук кайра жаралуунун, улуттук кел-келдин партиялары болууга тийиш.

Ушул үч маанилүү нерселерди бир катарга тизип, өз көз караштары менен пландарын жеткире алган партия же партиялар шайлоонун реалдуу катышуучулары болуп, шайлоочулардын негизги добушун ала алышат.

Эгерде биз ушул кадамдардын негизинде өлкөнүн саясый картасын карасак, анда бүгүнкү күндө электоратты канаатандырган бир дагы саясый партия жок экенин көрө алабыз.

Ошондуктан өлкөдө кайсыл партиялар парламентте болорун жакшы билишет. Алардын аталыштары маанилүү деле эмес. Келе жаткан шайлоо жөнүндө айта турган башка сөз деле жок.

Ошондуктан: бардыгыбыз азыртан ойлоно турган жана ага жооп бере турган эң башкы суроо: кийинки президент ким болот? Бирок ал жөнүндө сөз учугу эмкиде.

Валентин Богатырёв, саясат таануучу

Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *