Саясий атаандашуу финишке чыкты

Эски жылды узатып, Жаңы Жылды тосуу алдында жалпы коомчулук да саясий курч карама-каршылыктарга барбай, кандайдыр бир деңгээлде бардык пландарын кийинки келе жаткан жылга калтырып жатышканы байкалууда… Арийне, тыныгуу-күтүү режими дейбизби, айтор, коомдук-саясий майдандагы жаралган маанай-абал утурумдуу. Эртең эле – болгондо да, жаңы 2020-жылдын алгачкы күндөрүнөн баштап курчуй баштайт.

Буга түрткү берген бир нече себептер бар экендиги түшүнүктүү. Биринчиден, мурдагы президент Алмаз Атамбаев жана анын тарапкерлеринин айланасында түзүлгөн арсар кырдаал дале болсо биротоло же ары, же бери чечилбеген бойдон турат. Экинчиден, андан да олуттуусу жана бир кыйла татаалы – октябрь айынын башында боло турган парламенттик шайлоолор…

Ал ортодо президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган кийинки жылдын бюджети боюнча Мыйзамга кол койду. Үстүртөн эле көз жүгүрткөндө байкалган бир нерсе – бюджеттик дефициттин суммасы дээрлик 8 (сегиз!) миллиард сомго жакын болуп калгандыгы. Мамлекеттик казынага алдын ала эсептелген түшүүчү кирешелер көлөмү 163 миллиард 710,4 миллион сом деп эсептелсе, күтүлгөн чыгашалардын көлөмү – 171 миллиард 663,9 миллион сомго барабар болуптур. Ап эми бюджеттик дефициттин так саны — 7 миллиард 953,5 миллион сом деп өлчөнгөн!..

Ушунун өзү эле Кыргызстан өзү алдыда сөзсүз өтө турган катаал сыноо мезгилдин (сырткы кредиттерди кайтаруунун башталышы) кыйын кырдаалынын башталышына тушукканын көрсөтүп турат. 2023-жылдан баштап, 2029-жылдарга чейин мурда ойлонбой алынган жана да дайынсыз чачылган кредиттерди төлөөдөгү эң оор учур болорун эске алсак, алдыда бизди мындан дагы татаал, мындан да алда канча оор мезгилдер күтүүдө…

Туура, азырынча кирешеси кыйла азайып, 2026-жылы биротоло жабылат деп айтылып келген Кумтөр алтын кенинин (мурда бюджеттик чыгымдардын олуттуу бөлүгүн жаап келген кирешенин) ордуна тез аранын ичинде Жерүйдү ишке киргизип, ошондон алынган каражаттар менен компенсациялайбыз деген идея ишке ашууда. Өкмөт жанталпас түшүп, ал тургай, өмүрү бүтүп бара жаткан Кумтөрдүн деле иштөө мөөнөтүн жаңы чалгындоолор аркылуу узартып,2036-2040-жылдарга чейин узартууга аракет кылабыз деген кыялдарга да батууда. Арийне, реалдуу бир нерсе – ошол чүмчүңдөгөн табылгалар,- канадалыктар калпып кеткенден кийинки калган каймактын жугу,- канчалыктыгынчык болорун айтуу кыйын деле эмес. Кези келип, өтө терең жана табигый татаал шарттарга жеткенде, ал алтындын кирешесине караганда – чыгымы ашып кетиши да мүмкүн!

Ошол эле учурда, Кумтөр кенинин ордуна Жерүй алтын кенин ишке киргизүү менен жаныбыз жай ала түшөт, дагы бир топко камсыз болобуз дегендер да туура эместиги анык. Анткени, Кумтөргө салыштырмалуу алганда, Жерүй кенинин көлөмү кичине жана кыска эле убакытта түгөнүшү мүмкүн. Башкача айтканда, Кыргызстанды жана Кыргызстандыктарды дээрлик чейрек кылымдан ашуун убакыт бою багып, жалпы жакырчылыкта жыртык-тешикти бүтөгөнгө жарап келген Кумтөргө салыштырып болбойт!.. Бул жагынан алганда, парламенттин мурдатан уланып келген чабал өкмөттү алмаштыруу аракети соңку кездерде кыйла басаңдап калганы байкалат. Сыягы, өкмөттүн отставкасына кызыкдар болушкан күчтөр да өз тактикасын өзгөртүп, эрте жазда болуучу коомдук-саясий кризисти күтүп жатышкандай…

Саясий айдыңдагы убактылуу тыныгуу, көз караштардын, саясий платформалардын тиреши парламенттин өзүнүн ички кухнясына өттү. “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан депутат болгон коммунисттер лидери – Исхак Масалиевдин парламент спикери Дастан Жумабековду алмаштыруу тууралуу демилгеси эки жумадан бери үзбөй талкууланып келе жатат. Кызыгы, бул демилге коомчулуктун көпчүлүк бөлүгүнүн бул маселе боюнча маанайына да дал келет. Анткени, парламент спикери – ички-кызматгык пайдалануу менен эле чектелип калчу деңгээл эмес. Кээде эл аралык жана дүйнөлүк аренада кыргыз парламентинин (демек, жалпы эле Кыргызстандын элинин!) атынан чыккан да учурлары болот.

Эгерде ошондой учурларда өз өлкөбүздү уятка калтырбайлык, өз элибизди жер картпайлык десек – парламентте чыгаан лидер, ар тарабы шайкеш келишкен инсан олтурушу керек. Тилекке каршы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда өкмөттү да, парламентти да керектүү деңгээлден түшүрүп, кол жоолуктай кылып, каалагандай башкаруу аракетинен улам, өкмөттү ал өзү “тарбиялап-өстүргөн”, эч тажрыйбасы жок жаштар башкарып калса, парламенттин башына – ошол кезде куугунтукталган Өмүрбек Бабановго тең салмактуу болгон жана да таластык электоратты кармап тура ала турган күчтүтабуу аракети жасалган. Натыйжада, билим деңгээли төмөн, инсандык-лидерлик сапаттарга эч кандай жооп бербесе да тил алчаак, элпек жаш жигитти коюу зарылдыгы туулган. Ал орунга азыркы туш-тараптан тил угуп, сынга кабылып жаткан Дастан Жумабековду тандап алышкан!

Алмазбек Атамбаев тарабынан дүңүнөн коюлган “айыптоолорго” (“Нарындыктар – силер малсыңар!”, “Силер Таластыктар – тигиндейсиңер-мындайсыңар!” – деген сыяктуу) нааразы болгон калктын таарынычын жазууда, кайсыл бир урууда, же чөйрө арасында кандайдыр бир (провинциалдык деңгээлде болсо да!) салмагы бар Жумабеков канчалык таасир эткендигин ким билсин, балким, убактылуу болсо да, жергиликтүү деңгээлдеги коомдук-саясий климатта стабилдүүлүктү сактаганга жарагандыр… А бирок, маселенин баары, анын парламент лидери болуп, эл аралык деңгээлде Кыргызстан парламентинин жүзүн татыктуу көрсөтө албай жаткандыгында болуп жатпайбы!

Ошол эле учурда, Конституция боюнча биздин өлкө парламенттик системага өтүүгө биротоло баш байлап, анын эң урунттуу учуру келе жаткан 2020-жылга туш келерин көңүлгө алсак, мындай парламент жана да мындай парламент лидери менен алыска бара албашыбыз түшүнүктүү. Демек, Исхак Масалиев баш болгон депутаттардын жана да бул сунушту колдогон күчтөрдүн демилгесине мыйзам ченемдүү тынчсыздануу катары кароо керек.

Асыресе, эч кандай негиз жок болсо деле, тешикти эшик деп атап, тигил же бул фактыны атайылап бурмалап, ага чоң коомдук-саясий түс берүүгө умтулгандар да бар. Андайлардын бири катары, соңку аракеттердин ичинен экс-депутат Ширин Айтматованын ысымы менен байланышкан.

“Үмүт” деген коомдук кыймылдын лидерлеринин бири катары, кыйла тыныгуудан соң, Ширин Айтматованын кайрадан өзү жөнүндө эске салып, “Раим-миллион” баштаган, бир катар одиоздуу фигуралардын былыгын чукуган фактыларды жарыялаган аракеттери, адегенде адекваттуу кабыл алынып жаткан. Асыресе, кийинчерээк гана, ал жаштарды алдыга салып, өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууну көздөшүп, бирок, азырынча өздөрү көмүскөдө турушкан күчтөрдүн бар экендиги ачык боло баштаган.

Ширин Айтматованын өз алдынча саясий фигура, олуттуу күч боло албасын анын чалагайым, терең ойлонулбай жасалган билдирүүлөрү да айкындап турат. Маселен, кечээ жакында эле Ширин Айтматованын ысымы кайрадан коомчулук көңүл борборунда болуп калды. Бул ирет – анын жарандык күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин Алматы аэропортунан алыскы чет өлкөгө карай “зуу” коюп учар алдында, укук коргоо органдары тарабынан кармалганына байланыштуу болду. Ширин кызыбыздын ширин сөздөрүнө кулак түрсөк, бул кадамды мамлекеттик органдар тарабынан өзүнүн анти-коррупциялык ишмердигине түздөн-түз байланыштырат экен. Ушунун өзү көп кошумча суроолорду жаратат. Же, эмне, сөз жүзүндө коррупция менен күрөшүп, же өкмөттүк эмес уюмдарда кандайдыр бир кайрымдуулук, же гуманитардык ишмердиктерди ширма кылып алып, анын арт жагында абдан шектүү, ыплас иштер менен алектенгендер жок бекен?

Алсак, жакында эле бир кезде абдан активдүү укук коргоочу, НПОчу катары таанылган, кийинки жылдарда үнү такыр угулбай калган Азиза Абдурасулова тууралуу маалыматтар жарыяланды. Эч кандай бизнеси, башка ишкердиги жок туруп, заңгыраган үй салып, күйөө баласы “крутая тачка” тээп жүрүптүр… Мындай учурда коомчулуктун алдында биротоло реабилитацияланыш үчүн, тескерисинче тиешелүү укук коргоо органдарынын атайын иликтөөлөрдү жүргүзүшкөнү биринчи иретте дал ошол укук коргочунун, же “коррупция менен күрөшүүчүнүн” өзү тарабынан) козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ушул катардагы жана Кыргызстан үчүн эбактан бери эле көнүмүш болуп калган кылмыш иштерине айыптоо боюнча дагы, атайылап өтө коюу саясий боек сүртүп туруп, чоң эл аралык чырга айлантуу аракети жасалып жатканы таң калтырат. Айрым тар чөйрөдөгү НПОчулар менен бул иште жеке кызыкчылыктары барларга мындай бир кабыргасынан суроо койгуң келет: Эмне эле мынчалык чуу түшүп жатып калдыңар?! Эгерде чын эле күнөөсү жок болсо, акталып чыгат.

Мына, кечээ эле бир жарым жылча коррупциялык кылмыш боюнча айыпталып жаткан борбордун экс-мэри Кубанычбек Кулматов 5 миллион сом айып пул төлөө жазасы менен бошотулду го?! Ал эми чын эле кылмышы аныкталып калса, белгилүү бир фильмдеги каарман айтмакчы, “Эч нерсе эмес! Түрмөдө аны биротоло оңдоп-түзөтүп, кайра тарбиялап туруп, эркиндикке чыгарышат!..” Ал эми Ширин Айтматова деле, ошол эле каармандын (таанымал актер Анатолий Папановдун аткаруусундагы) өз кызына кайрылып айтканын эске салсак, балким, өзүнө “башка бир андан жакшыраак, чынчыл жарандык жолдошту таап алат”?!

Кыскасы, олуттуу саясатчы болууга умтулган ар бир инсан, ар кандай фактыларды бурмалап, жеке өз кызыкчылыктары үчүн пайдалана берүүдөн оолак болуп, өз кызыкчылыктарын жалпы элдик, мамлекеттик кызыкчылыктар менен шайкеш келтирүүгө жетишүүсү зарыл. Ошондо гана эл тарабынан колдоо таап, кайсыл бир деңгээлде ошол электораттын өкүлү деп атоого мүмкүн болгон фигурага айлана алат.

Сооронбай Жээнбековдун жылдын жыйынтыгына арналган пресс-конференциясында да келе жаткан парламенттик шайлоолор эң өзөктүү темалардын бири болуп калды. Президент бардык курч суроолорго дагы адаттагысындай эле олуттуу, салмактуу сүйлөп, эч чайпалбай, төгүлбөй-чачылбай, эмоцияга берилбей эле, таасын жана толук жооп бергендиги көрүндү. Учурда үй камагында жүргөн саясатчы Өмүрбек Текебаев алгачкылардын бири болуп баа берип, президенттин жылдык пресс-конференциясы “өкмөт башчынын отчету болуп калды” деди.

Бул сын бир жактуу болсо да, кайсыл бир деңгээлде кошулууга болот. Ал тургай, бул жагдай кайра эле президенттик бийлик конституциялык чегинен чыгып, мурдагыдай эле күчтүүлүк кылып келе жаткандыгын, президент өз көлөкөсүндө өкмөттү да, парламентти да калтырып жаткандыгынан кабар берет. Эгерде өкмөт башчы, же парламент спикери чабал болушуп, бир гана президенттин иштегени көрүнүп турса, бул үчүн президентти күнөөлөгөнгө болобу?!

Эң башкысы – президент жакындап келе жаткан парламенттик шайлоону калыс жана мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө гарантия беремин деп жарыя кылды. Ушунун өзү эле, кийинки парламенттен орун алууга үмүткөр болуп турушкан саясий партияларга жана саясатчыларга өтө олуттуу жана да абдан конкуренттүү (жыйынтыгы мурдатан эле алдын ала белгилүү болбогон) күрөшкө бел байлап чыгууга шарт түзөт.

Эл добушун жеңип алууга, электораттын ар кандай катмарларын өзүнө тартып алууга али да кеч эмес. Алдыда сегиз айдан ашуун убакыт бар.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *