Саясий элита деген өзү ким?

Кымбат машине минип, костюм-шым кийип алып бир дипломат көтөрүп калса эле саясий элита болуп калабы? Бир-эки жолу телевизорго чыгып, акылдуу сөздөрдү айтып койсо эле саясий элитабы? Же 300-500 миң долларын партияга төлөп, элдин добушун сатып алып депутат болгон адам саясий элитабы?

Кайсы бир автор саясий элитаны мындай мүнөздөптүр. Маселен, деңизде бир кеме кетип баратат дейли, ал кемеде өзүнүн кызматын кылган адамдар бар. Бирөө пол жууйт, экинчиси отун жарат, дагы бири капитан жана башка. Ар бири өзүнө бөлүнгөн кызматын аткарат. Мына ошбл адамдардын арасывда бирөө кеменин эң бийик мачтасына чыгып, алдыга дүрбү салат. Эгерде ал адам болбосо – кемеде канча адам болгонуна карабай, алар өз кызматтарын кандай мыкты аткарганына карабай – эч кимиси кеме туура эмес жакка кетип баратканын көрө албайт. Балким кеме айсбергди көздөй бараткандыр же бир чоң аңга бараткандыр? Мына ошол мачтада турган адамдын кылып аткан функциясы – элитанын орду. Ал адамдардын жөндөмү – алар бир башкача адам же башкалардан жогору турат деген сөз эмес, табият ушундай.

Эми биздин элитабыз жөнүндө. Бийликти пирамвда сыяктуу мүнөздөсөк болот, анткени башкаруу жогору жактан жүргүзүлөт. Союз учурунда башкаруу борбору Москва болчу жана ал өз бийлигин жүргүзчү. Андагылар өз форматына, логикасына каршы чыккавдарды, өз алдынча ойлоно ала турган адамдарды жок кылышчу. Буга репрессияда атылган кыргыздын залкарлары мисал боло алат. Биздин бийлигибиздин башында ал жактан кавдай буйрук келсе, ошону эки колдоп бекитип берген жана ошол борбор сызган чектен чыкпай ишин аткарчу адамдар турган.

…Ошентип, Союз талкаланды, биз өз алдынча мамлекет болдук. Бирок баягы кеменин мачтасынан алысты көрө турган, өз алдынча адамдар болбоду. Союзда топтолгон бир топ байлык чачырап, талкаланды. Ал байлык эмес, элибиз чачырап тентип кетти. Канча энергия, ишенич, дарамет, убакыт текке кетти… Ошол чайпалып турган мезгилди колдонуп, бир топ байлык топтогон адамдар бийликке келе башташты. Алар бир нерсе өзгөртө алыштыбы же өз чөнтөктөрүн гана ойлоштубу – ага тарых баа берет.Чыныгы саясий элита эч качан өз кызыкчылыктарын элдин кызыкчылыгынан жогору койбойт, мамлекеттин казынасына кол салып байлык топтобойт. Алардын ойлогону, эңсегени жалаң гана мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы болот. Менимче, биз сөз кылып аткан кеменин мачтасына чыгып, алысты көрүп, кемеге туура багыт көрсөтө алчу адамдар Союздан кийин калыптанган муундан чыгат. Эмнеге? Анткени алар Союздун форматына, билим берүүсүнө туш болушкан жок жана алардын ой жүгүртүүсү өз алдынча коомдо калыптанды. Баса, негизи биз сөз кылып аткан саясий элита да экиге бөлүнөт экен. Биринчиси – бул өздөрү жаңы идеяларды жарата ала турган адамдар, экинчиси – техникалык элита, башкача айтканда айтылган идеяларды ишке ашыруунун технологияларын билгендер. Союздан мыкты билим, тажрыйба топтогон адамдарды менимче ушул экинчи топтогу элитага кошсок бсшот. Баса, чет мамлекеттен окуп келген биздин алдыңкы жаштарыбызды да ушул топко кошо алабыз. Бирок алар кеменин башына келсе жаңы нерсе ойлоп таппаса да баягы алдыңкы мамлекеттерден көргөн форматын кайра бизде орното баштайт (бул да жакшы).Бирок эң жакшысы – биз айтып аткан, өз алдынча ой жүгүртө алган, жаңы идеяларды жарата ала турган адамдардын пайда болушу. Алар эл көргөндү көрүп, эл кыйналгандай кыйналып, анан көпчүлүктөн суурулуп чыгышы керек. Андай адамдар пайда болушса, аларды маска кийип, өзүн ошондой адам катары көрсөтүп жүргөн башка адамдардан айырмалай ала турган коом да болушу зарыл.

Канат Мидин уулу

Булак: «Айгай-пресс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *