“Саясый күрөштө регионго бөлүнүү коркунучу күчөп баратат”

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши күн санап курчуп, эки тараптын тарапташтарынын да саны арбып баратат. Бул абалга байланыштуу «түндүк-түштүккө бөлүнүү коркунучу, саясый формасын сактаган-сактабаган саясатчылар, деги эле азыркы курчуп турган абалдан кантип чыксак болот?» деген суроолор менен саясат айдыңында жүргөн эксперттерге кайрылдык.

Марс Сариев, саясат талдоочу: – Эл азыр кызыктай абалда калды. Атамбаев «Форумдун» алдында митинг өткөргөнү турат. Ал Жээнбековдун бийлигин «легитимсиз» деп жарыялаганы – учурда эки бийликтин өкүм сүргөнүнөн кабар бергенсийт. Атамбаевдин тарапташтары ошол азыркы бийликтин легитимсиз экенин таанууга чогулушат. Учурда татыктуу калыс сөзүн айта турган фигура – бул Роза Отунбаева болуп турат. Мен Роза Отунбаеванын кайрылуусун колдойм. Чынара Жакыповага окшогон курч адамдардын кайрылуулары болсо колдойм. Алар активдүү түрдө калыс кептерин айтып чыгуулары керек. Эки тараптын тарапташтарынын бөлүнүшү түндүк-түштүк ажырымына алып келип, чоң жарака жаратып турат. Абдан кооптуу абалга кептелдик. Учурда авторитет фигуралар, интеллигенттер тобу калыс сөздөрүн айтып, абалдан чыгуунун жолун издөө керек.

Темир Бирназаров, режиссер: – Азыркы учурда эл бөлүнбөйт. Анткени жалпы карапайым эл саясатчылардын жеке кызыкчылыгы үчүн курал болуп, курман болуудан тажады жана көздөрү ачылып калды. Бирок, кармашып жаткан саясатчылардын максаты – элди козутуп, өздөрүнүн жеке амбициялары, кызыкчылыктары үчүн колдонууга аракет көрүүдө. Жалпы элдин маанайынан көрүп турабыз, эл алданбай калды. Анткени жалпы элдин бийликке болгон нааразычылыгы бышып жетиле элек. Негизи эле бизде мамлекеттин келечегин ойлоп, учурга ылайык мамлекеттик моделди түзүп, реформа кыла турган профессионал саясатчылар жокко эсе. Учурда мамлекеттик органдар, институттар учурдун, элдин талабына ылайык иш алып бара албагандыктан, саясый жана мамлекеттик адистер кризисине кабылып отурабыз. Тилекке каршы, бул абалдан дагы далайга чейин чыга албайбыз. Билимдүү кадрлар жок. Болсо да бири түрмөдө, дагы бир-экөөнүн бийликке келе турган жолдору жабык. Реалдуулук так ушундай.

Султан Каназаров, «Азаттык» радиосунун экс-жетекчиси: – Кыргыз коому саясый эстутумун узартпаса, кечээ балекеттин баарын жасап, бүгүн аппак болуп чыга келген саясатчылардын куралы болуп кала берет. Эсиме Дооронбек Садырбаевдин «мурдуна бок сүйкөлгөн кыргыз» туурасында айткан кеби келди. Өлкөбүз зөөкүр уулдарына, зөөкүр кыздарына чыдабагандан башка айласы жок окшойт. Саясый күрөштө регионго бөлүнүү коркунучтуу деңгээлге жетип калды. Саясатчылардын «биздин» жана «алардын» спецназы, «биздин бала» же «биздин бала эмес» деген сөздөрү өтө коркунучтуу нерсе.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер: – Бул абалга кептелгенибиздин биринчи себеби, мунун өзү бийликтеги өзгөрүүлөрдүн жоктугу. Маанилүү реформалардын жасалбай жаткандыгы. Экономикада өнүгүүнүн көрүнбөгөндүгү, саламаттык сактоо тармагында, билим берүү тармагында мурдагыдан айырмаланган маанилүү өсүүнүн болбогондугу, сапаттын өзгөрбөгөндүгү – акырында келип саясатчылардын бири-бирине түндүк-түштүк маселесин колдонууга түртүп койду.

Тилекке каршы, биздин көптөгөн саясатчылар, көптөгөн аксакалдарыбыз кыйын маалдарда туура, калыс сөзүн айта албайт. Баардык кыйын убактарда бийликке кошомат кылышат. Бийликке жагынышат. Ал эми бийликке каршы тургандарды, бийликке каршы чыккан саясый күчтөрдү баары тебелеп-тепсеп жатып калышат. Бүгүнкү күндө да бул процесс жүрүүдө. Тарыхый процесс болуп эсептелет. Мурдагыдай эле азыр да «дүжүр аксакалдар», тырмакчанын ичиндеги аксакалдар бийликке жагынганга башка көз караштагы адамдарды, оппозицияны бийликке тебелеп бергенге аракет кылып жатышат.

Азыркы кыйын абалдан чыгуунун жолдору бар. Биринчиден, азыркы бийлик жаңы реформаларды жасаш керек болчу. Азыр бийликтин экинчи жаңы стадиясы башталды. Мурдагыдан айырмаланып, бийликке альтернатива боло алган экс-президент бийликке оппозиция болуп жатат. Бийликке оппозициянын болгону абдан жакшы. Канчалык бийлик оппозициядан корксо, ал бийлик дурусураак, жакшыраак боло баштайт.

Ошондуктан азыркы бийлик «күч менен басып алабыз, камайбыз» дегендин ордуна, колдон келишинче учурдагы оор абалдан чыкканга диалог башташ керек. Күч, басым колдонбостон, колунан келишинче сүйлөшүп, азыркы оор абалдан чыгууну ойлонуштурушу керек.

Отунбаеванын Атамбаев тууралуу билдирүүсүн окудум. Мен мурдагы президенттин же өлкөдөгү көрүнүктүү адамдардын бир тарапка өтүп, бийликти гана колдоп, бийликтин оппонентин, колунда бийлиги жок адамды басмырлабай, туура сөзүн айтат го (!) деген үмүттө болчумун. Бирок, тилекке каршы, алты жыл Атамбаевди колдоп отурган убактылуу президент, узурпация кылса узурпациясын ж.б. иштерин колдоп отурган саясатчыларды куугунтуктаганда унчукпай отурган Роза Отунбаева бүгүн бир тараптуу сүйлөп, Атамбаевден өч алууну кыйыр түрдө билдиргени кейиштүү.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *