СДПК Ирина Карамушкинадан айрылгысы келбейт

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында фракция башчысы Иса Өмүркулов кечээ депутат Ашэра Халикова өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконун, жакын арада депутат Галина Скрипкина Евразия экономикалык бирлигинин судьялыгына кете турганын эске салды. «КСДП фракциясынын курамында аял депутаттар азайып жатат. Эгер Ирина Карамушкина БШК мүчөлүгүнө шайланып калса, депутат боло албай калат. Ошондуктан, башка талапкерди кошо көрсөтүү милдети турат», – деди ал.
Эске салсак, бүгүн КСДП фракциясы БШК мүчөлүгүнө Адилет Сатыгуловдун талапкерлигин жактырды. Ал эми буга чейин БШК мүчөлүгүнө Ирина Карамушкинанын талапкерлиги көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалымдалган эле.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *