СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев Японияда Кыргызстанды кантип уят кылган

Өткөн жумада СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев “Массалык маалымат каражаттары тууралу мыйзамга”  өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды талкуулап жатып “биз журналисттерди өтө эле эркелетип жибердик” деп күпүлдөдү.

Чындыгында Атамбаевдик бийлик Кожобек Рыспаевди өтө эле эркелетип, ал өзүнүн жүрүш-турушу менен Кыргызстанды чет жерлерде уят кылып келатса да жаап-жашырып, колдоп келатышат.  Президент жана анын аппараты, депутаттардын көбү жакшы билген анын жосунсуз жоруктарын карапайым эл биле турган болсо төбө чачтары тик турмак.

2014-жылы Япония мамлекети өзүнүн эсебинен 15тей кыргыз депутаттарын жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырып, Япониянын шайлоо системасынын өзгөчөлүктөрүн окутуу боюнча 12 күндүк окуу семинарларын уюштурат. Кыргызстандагы япон элчилиги биздин депутаттардын авиабилеттерин, 5 жылдыздуу мейманкана жатагын, 4 маал тамак-ашын төлөп, мыкты окуу залдарын, лекторлорун жалдап берген. Япондун мыкты саясатчылары жана саясат талдоочулары, шайлоо системасынын адистери менен жолугушууларды, пикир алышууларды  уюштурушуп өтө олуттуу иш чараларды даярдаган экен.

Кыргызстан тарап КР Президенттик аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаев баштаган аткаруу бийлигинин 7 өкүлүн жана КР Жогорку Кеңешинин 8 депутатын бул иш чарага аттантат. Бу 15 кишиден турган делегациянын курамында ошол кезде түзүлгөн КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча комиссиянын да мүчөлөрү бар эле. Кыргыз парламенти жөнөткөн депутаттардын арасында Кожобек Рыспаев, Нурбек Алымбеков, Нургазы Айдаров, Акылбек Эшимов, Равшан Жээнбеков, Бахтияр Кадыров, Эркин Алымбеков жана башкалар бар болчу.

Япон тарап баргандын эртесинен тартып окууларды уюштура баштайт. Кыргыз делегациясы ал окууларга катышып, шайлоонун япондук системасын үйрөнүүгө аракеттенишет. Бирок, депутат Кожобек Рыспаев баштаган 3 депутат барган күндөн баштап мейманканадан чыкпай, баш көтөрбөй ичишип, такыр семинарларга катышпай жатып алышат. Япон тарап “аларга эмне болду?” деп тынсызданып кайра-кайра сураган сайын кыргыз делегация курамы ар түрдүү калп менен актанып уят болушат.

Окуу семинарлар аятаган күнү япон парламентинин спикери кыргыз делегациясы үчүн сый тамак бергенде гана жанагы Кожобек Рыспаевдин тобу мас бойдон ошол жерге темтеңдеп келишип, какырынып-түкүрүнүп, эч кандай этикетти сыйлабай ой-тоону сүйлөп бакылдап, обу жок каткырышып, өздөрүнүн 10 күндөй ичип жатышканын эрдик көрүп мактана башташат. Япон парламентинин комитет төрагалары менен депутаттары алардын кебетесин карап баш чайкап күлгөндөн башкага жарашпайт. Кожобек Рыспаевдин бул кылыктарынан уялган айрым кыргыз депутаттары япон депутаттарынан кечирим сурап кечки сый тамактын мөөнөтүн кыскартышкан.

Эми ушул киши кыргыз коомчулугуна акыл үйрөтүп, мыйзамдарды жазып, журналисттерге сын тагып, СДПКнын ардактуу депутаты болуп жүргөнү күлкүнү гана келтирет.

Булак: Кyrgyztoday.kg

9 comments

  • Акин says:

    Окугандан айланабы, ушул келесоолор. Ошо жерге чейин келип алып калжандап оздорунун ким экенин корсотту. Ушул кемчонтойлордун азабынан Кыргызстан онукпой жатат. Кайран япондордун аракети ушул ашкабак баштарга корогон.

  • Жоодар says:

    Мындай эшек мээлуу депутаттар биздин келекчек муун турсун ушул убакта жашап жаткан кыргыз элиме,жериме жакшылык алып келбейтго?! Азыркы убакта жаш кадрлар осуп жаткандарга бут тоосуу эле болуп жатат! Уят деген барбы депутат акелер?!

  • Акы says:

    Ушуга окшогон уятты билбеген адамдар олкобузду артка тартып онукпой жатабыз. Бир жагынан караганда партиялык тизме менен шайлоонун пайдасы случайный кишилердин депутат болуп калышы ушуга алып келет.

  • АЙГЕРИМ айым says:

    Биз озубуз онолмойунча кыргызстан онолбойт. Анан бизди кийин бала чакаабызды ушундай жеткен акмактар башкарышат. Куйбогон жерин куйуп кетет. Мен ойлойм жогорку кенештин кыргызстанга кереги жок деп. Калп эле мамлекет ушуга окшогон чочколорду багып келатат. Бир татыктуу президент болсо кыргызстанды ондойм жана онуктуром деген. Демократия деген нерсе кыргыз элине жарашайт. Тиги суйлосо ии ооба, бул суйлосо ии туура деп баш ийкеп, алданып эле келатабыз. Келечекте эмне болоорубузду элестетсем корком.

  • Жейлоо says:

    Гултуйуп турбайбы кебетеси сатып.жеп ичкенин тастыктап.

  • Оштон says:

    Депутат деген аттан айланышсын маданиятсыз, тарбия корбогон акмактар. ЖКтен суйроп эшикке алып чыгып коюу керек бул чочколорду.

  • Ализа says:

    Билимдуу маданияттуу интеллектуал Оторбаевга окшогон адамдар депутатка келиш керек Мындай депутаттар улуттун трагедиясы

  • Мавлюда says:

    Уятттттт. Мындай акмакты автоматтык турдо мандатын алып таштаоо керек. Кыргызды уят кылган адам кантип кыргызга пайда алып келсин.

  • Мавлюда says:

    Эмне дегенди да билбейсин. Соз жок. Дагы депутатмиш акылы жок кемчонтой

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *