СДПКчы депутат Кожобек Рыспаевдин Япониянын мейманканасындагы уят жоруктары

Өткөн жумада СДПКчы депутат Кожобек Рыспаевдин Япониядагы Кыргызстанды уят кылган жосунсуз жоруктары тууралу жазган элек.  Ал маалымат жарыяланары менен  ошол убакта Кыргызстандын Япониядагы элчилигинде иштеген кыргыз жараны биз менен байланышка чыгып,  СДПКчы депутаттардын андан да ашып түшкөн  уят иштерин айтып берди.  Анда сөз өз оролу менен кетсин.

Ошентип СДПКчы депутат Кожобек Рыспаев баштаган 3 депутат Япония парламенти уюштурган “Япондук шайлоо системасы” боюнча окууларга барбай 10 күн мейманканадан чыкпай чардашат. Кетерден бир күн мурун гана япон парламентинин спикери берген сый тамакка барышып, СДПКнын “маданиятын” япондорго көрсөтүшүп, кыргыз делегациясын уят кылышат. Эртеси делегация жолго чыгарда алардын мейманканада жасаган дагы бир жоруктары ачыкка чыгып,  билинип калып чоң жаңжал чыгат.

Японияда коомдук жайлардын дээрлик баарында тамеки тартууга болбойт.  Ал үчүн атайын бөлүнгөн  бөлмөлөргө гана барып  тартыш керек. Кыргыз делегациясы жайгашкан 5 жылдыздуу New Otani Tokio Hotel мейманканасынын жатак бөлмөлөрүндө да тамеки тартууга катуу тыюу салынган.  Тартипти бузгандарга чоң айыппул салынат. Тамеки тарткысы келгендер ошол эле кабаттагы атайын жасалган тамеки тартуучулар бөлмөсүнө барып тартып келиш керек.

Биздин СДПКчы депутат баш болгон топ япондорду алдайбыз деп бөлмөлөрдө тамеки тартышып, тамекинин калдыктарын жаткан матрацтарынын алдына катып булгай беришиптир.  Кыргыз делегациясы кетип жатканда бөлмөлөрдү кабыл алып жатышкан мейманкана кызматкерлери муну таап алышып, полиция чакырып, чоң жаңжал чыгат. Төрт депутаттын ар бирине 700 доллардан айыппул салынса булар “акчабыз жок” деп байкуш болушуп, жаңжал чыгарып көгөрүп төлөбөй олтуруп алышат.  Айласы кеткен япон парламентинин өкүлдөрү кыргыз депутаттарынын айыппулдарын өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришет да  жолго салышат.  Кызыккандар болсо бул окуяны New Otani Tokio Hotel мейманканасынын администрациясынан, япон парламентинен тактап алышса болот.

Төмөндө кыргыз делегациясы жашап уят болушкан New Otani Tokio Hotel мейманканасынын сүрөттөрүн жарыялайбыз:

отель Япония

отель New Otani Tokio Hotel5

Булак: Кyrgyztoday.kg

12 comments

  • Сарногой says:

    Бул эшектерден башка эмне кутулот? Анысы-мунусу калгансып, кылык-жооруктарын айтып, сабак болсун, десен, кайра коркутканга “куноолууну” издеп, кыйын болушат, айтор балык башынан сасыйт эмеспи

  • Тентек says:

    Ай уяяяятттт, шермендечилик! Эмне дейбиз, соз жок….

  • Ализа says:

    У нас в стране такое допускается С такими депутатами СДПК себя дискредитирует, на следующих выборах будет провал Нам нужны образованные, культурные интеллектуалы, с ними кто будет считаться?

  • Кыргыз says:

    К. Рыспаев озунун тартибин корсотуптур! Ушуну менен экинчи жолу окуп атам ушул темадагы статьяны (анда дагы жалгыз Рыспаевдин эле фамилиясы жазылган). Эмне себептен чогу тартип бузган болок депутаттардын аты-жону жазылбайт? (такое впечатление, что хотят “насолить” Рыспаеву)
    Статьянын авторуна кайрылгым келет, жазганга жараша тартип бузган депутаттардын бардыгынын аты-жонун жазгыла. (К.Рыспаевдин тууганы дагы, таанышы дагы эмесмин)

    • Таалайбек Асанов says:

      Бизге маалымат берген булагыбыз азырынча алардын атын атабай жатат. Мамлекеттик кызматкер болгондуктан 3-4 кишинин каарынан коркуп, азырынча 1 эле кишинин атын атап жатат. Бирок жогорку макалада аты аталган депутаттардын ичинде алар бар экен. Качан бизге аттарын атаганда биз дароо жарыялайбыз.

  • Бек says:

    Сындаган оной достор! Бийлике барганда ким болбосун ушундай сындарга кабылат(“принцип вируса”). Кыргыздар биз бизди ичибизден жеп жаткан вирустан арылышыбыз кк.

  • фифа says:

    Кыргыздар онолсок болмок, депуттарды шайлаганда ойлонуп шайлаш керек, акчасын алып бир кунду ойлобой

  • Атыркул says:

    БИЗДИН ДЕПУТТАРДЫН МАДАНИЯТЫНЫН ТОМОНДУГУН, КЫТАЙГА БАРГАНДА СИЙИП САЛГАНГА ЧЕЙИН МАС БОЛГОНДОРУН БИЛИП ТУРУП ЯПОНИЯГА БАРААРДА ТАНДАП ТУРУП ИНТЕЛЕКТУАЛДЫК ДЕНГЭЭЛИ ЖОГОРУРААКТАРЫН ЖИБЕРИШ КЕРЕК БОЛЧУ.МАМЛЕКЕТТИК ДЕНГЭЭЛДЕ ОФИЦИАЛЬНЫЙ ВИЗИТ МЕНЕН ЭЛДИН ЭСЕБИНЕН БАРАТКАН СОН ЖАНДАРЫНА ВИЗА КАРТОЧКАЛАРЫН АЛЫП ЖУРУШПОЙБУ, КЫРГЫЗСТАНДА НАХАЛЯВУ БЕСПЛАТНО ЖУРУП КОНУШКОНДО.ПРОСТО СОЗ ЖОК КЫРГЫЗСТАНДЫН АБРОЙУНА ШЕК КЕЛТИРИП КЕЛИШИПТИР ДА. ЭЛ БИЛИШИ КЕРЕК БУЛ ДЕПУТТАРДЫ ПО ИМЕННО КАЖДОГО ИЗ НИХ,ОШОНДУКТАН БААРЫНЫН АТЫ ЖОНУН ЖАЗГЫЛА БИРООНУ ЭЛЕ АТАП КОЙБОЙ.

  • Сооронбай says:

    семиз депутаттар жейберип жейберип, шишип калыштыда. айылдан келип депутат болуп алышат, жуткунуп кок беттер, жегичтер, пейлин ондошсо кичине, жеп чычкандан башка билишпейт, созго келгенде озунчо Лев Толстый болушат, чочкодой болбой кичине ден соолукту чындап кыймылдасанр болоор.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *