Сегизбаев садага чабылчудай болуп турат

Улуттук коопсуздук кеңешинин жетекчиси Абдил Сегизбаев сөөгү журналист болгону менен чекисттерден ашса ашты бирок кем калбай иштеди. Албетте Абдил мырза Атамбаевдин командасына ишенимдүү кызмат кылып берди, бирок анын мындан кийинки тагдыры кандай болот деген суроо туулат. Бизге жеткен маалыматтар боюнча УКМК башчылыгынан кетип, анын ордуна “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” Улан Исраиловдун бараары күтүлүүдө. ИИМди эптей албаган Исраилов чекисттер менен иштеше алаар бекен. Ал эми Абдилге башка кызмат берилээри же берилбеси белгисиз болуп турат. Анын үстүнө Сегизбаевге карата Илмияновдун ою түз эмес экенин жакшы билебиз. Кадр маселесин Илмиянов чечип калганын эске алсак, абал чатак болуп турат.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *