Сегизбаевди иштен алуу үчүн өкмөт башчы кылышабы?

Президент Сооронбай Жээн­беков УКМК, Башкы прокура­тура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы, ИИМ сыяктуу күч органдарынын башына өз кишилерин алып келүүгө жан үрөп жаткан кези. Бул тармактарды өз көзөмөлүнө албаса, өз алдынча саясат жүргүзө албасын туюп жатат. Учурда ээлеген кызматынан кол жуушу мүмкүн делген өкмөт башчысы Сапар Исаковдун чындап үзөңгүдөн буту тая турган болсо, ордуна УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди алып баруу жагы каралып жатканы айтылууда. Муну менен президент эки коёнду бир атууну көздөп жатканы байкалып турат. Анткени Абдил мырзанын өкмөт башчысы болуусуна Атамбаев каршы болбойт. Экинчиден, УКМКнын жетекчисинин орду бошоп, өз кишисин коюуга шарт түзүлөт. Башкача айтканда, Сегизбаевди УКМК­нын башчылыгынан кетирүүгө караганда, өкмөт башчы кылып туруп иштен алуу кыйла жеңил экенин баары туюп турушат. Демек Атамбаев Исаковго тийбегиле деп ордуна калтырып койбосо, ушул план ишке кириши мүмкүн.

Булак: Фабула 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *