Сегизбаевге иш козголбойт, «Ата-Мекен» сен дагы «ыйла»!

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет­тик комитеттин (УКМК) мур­дагы төрагасы Абдил Сегизба­евге иш козгоодон баш тартты. Бул тууралуу 27-ноябрда ЖК комитетинин жыйынында ай­тылды. Ошо замат эле ал жооп­ту “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов жалпыга маалымдоо каражат­тарына жар салды. «Кылмыш ишин козгоодон баш тарттык деп айтышты. Бирок Сегизбаев 6 миллион элдин алдында жа­салма документти пайдалан­ган. Кылмыш-жаза кодекси­нин 352-беренесинде “жасалма документти жасоо, пайдалануу” деп жазылып турат. Ал эми Се­гизбаев ошону пайдаланган да… ?» деп суроосун сунган бо­юнча калды.

2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырыл­баган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өл­көсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Те­кебаев, Аида Салянова, Алмам­бет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген. Быйыл 19-сентябр­да бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документ­терди таба албай жатышканын айткан эле. Ошол эле күнү ай­рым эл өкүлдөрү, тагыраагы депутат Исхак Масалиев Сегиз­баев «парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн жоопко тез арада тартылышы керек» деген оюн билдирген. Анда Башкы прокуратура ток­топ калган териштирүүнү улан­тып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын айткан болчу. Андан 3-4 күн мурун Абдил Сегизбаев­дин өзү менен байланышканда ал “биз 2016-жылы ошол масе­лени көтөрүп чыкканыбыз аб­дан туура болуптур. Мен элдин алдында тазамын” деп билдир­ген. Ошондо эмне болот эми?

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *