Секирик – Өмүрбек Текебаев: “Мен бүгүн деле Атамбаев тарапты тандап алмакмын”

Өмүрбек Чиркешович, жакында эле берген пресс-конференцияңызда сиз эки өкмөт башчысын кетирүүгө жеке салым кошконуңузду ачык айттыңыз. “Өкмөт бат-бат алмашат, анын натыйжасында экономика өнүкпөй жатат” дейбиз. Анын себеби, дал жанагындай саясый оюндардан улам болуп жүрбөсүн?

–Пресс-конференциянын форматында сөздү маңыздуу, таасирдүү айтыш үчүн аны кыскартууга туура келет. Эгер көпкө сүйлөп отуруп алсаң, журналисттер тажап, сен айтайын деген ойду алалбай калат. Ошондон улам элде “булар келечек жөнүндө ойлобой эле бийлик талаш менен алек болуп жүргөн экен да” деген сыяктуу бир аз түшүнбөгөн ой-пикирлер пайда болду. Бул суроо, албетте, негиздүү. 2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП, “Ата-Мекен” партиялары утулуп, мурдагы режим менен түздөн-түз иштеген, алар менен байланышы бар деген саясый күчтөр “Ата-Журт”, “Республика”, “Ар-Намыс” партиялары аркылуу келишти. Парламентте контреволюциялык төңкөрүштү ишке ашырууга толук шарт түзүлдү. Бирок, парламенттин сыртында эл баары бир революциялык партияларды колдоп турган. Ошондуктан, КСДПнын артыкчылыгы болду. Бул партиядан адегенде премьер, андан соң президент шайланды. Бирок, ал кезде президенттин азыркыдай таасири да, тажырыйбасы да болгон эмес. Ал кездеги оппозиция, оппозициялык ролду аткарган “Ата-Журт” партиясы абдан күчтүү болгон. Өлкөнүн баардык жеринде, өзгөчө түштүктө позициясы бекем эле. Алар ай сайын он миңдеген кишилерди митингге чыгарып, өкмөттүн тиги же бул адамын сындап турган. Өлкөдө экономикалык кырдаал кескин өзгөрбөгөндүктөн,  нааразылыктар да күчөп турду. Иш жүзүндө Мелис Мырзакматов өз алдынча саясат жүргүзүп, анын айтканы айткан, дегени деген болуп турган. Формалдуу түрдө Атамбаев бүткүл Кыргызстандын президенти болгону менен региондордо, өзгөчө түштүктө таасири бир аз кооптуу эле. Көптөгөн митингдерде Ташиев жетектеген оппозиция Бабановдун өкмөтү отставкага кетишин талап кылды. Ошол кездеги геосаясый кырдаал да оппозициянын күчөшүнө шарт түзүп берди. Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси начарлап, Өзбекстан Тажикстанды экономикалык блокадага алып, Тажикстанга бүт жүктүн баары, анын ичинде күйүүчү майлар биз аркылуу өтүп калды. Бензин биз тарапта 40 сом болсо, чек аранын ары жагында 80 сомго чыкты. Нефти продуктулар менен иштегендер абдан чоң пайда таап, бир нече күндүн ичинде капиталын эки эсе көбөйтүп атышты. Илгери АКШда “алтын лихорадкасы” деген түшүнүк болсо, бизде “бензин лихорадкасы” болду. Акчасы бар кишилердин баары: өкмөт мүчөсү, губернатор, прокурор, милициянын, улуттук коопсуздук бөлүмдөрүнүн начальниктери капиталын ушул бизнеске салышты. Ушу кезге чейин кыргызстандыктар көрбөгөн 40 тонналык бензовоздор пайда болуп, алар кербендей эле болуп, Тажикстанга кирип кетип атышты. Карапайым эл да жан баккысы келет, канистргеби, же кичинекей бензовозгобу бензин куюп, чек арадан ары өтөйүн десе, аларды  контрабанда деп кармап атышты. Ошол эле кезде чоң адамдардын колонналарын милиция кайтарып, чек арачылар честь берип, зуулдатып өткөрүп атышты. Эл абдан кыжырланды. Оппозиция митингинде ушул кырдаалдан пайдаланды. Бүгүнкү өкмөт мурункудан да жаман, контрабанда менен шугулданат, коррупция кеңири тараган, карапайым адамды токтотот, камайт, буларды болсо көрмөксөн болушат, себеби, баарынын бул жерде бизнеси бар деп айтышты. Эл муну туура көрдү. Биз ага каршы эч нерсе кыла алган жокпуз, ага каршы кое турган аргумент болбоду. Элдин нааразычылыгы күчөп, өлкөдө дестабилдешүү коркунучу пайда болду. Кокусунан жаңжал чыгып кетсе, Бабанов менен кошо Атамбаевди да бийликтен кетирүү коркунучу туулду. Албетте, буга жол берүүгө болбойт эле. Биз деле экономиканы ойлодук, программалар кабыл алынып, өкмөттүн ишин парламент көзөмөлдөп атты, бирок, коопсуздук, саясый туруктуулук экономканы өнүктүрүүнүн негизги шарты болгон. Экинчиден, өлкөдө башталган реформаларды артка кайтарбашыбыз керек эле. Контрреволюция күчтөнүп, ал кезде революциялык логика иштеп калган. Биз контреволюциялык лагерди басаңдатып, алсыратышыбыз керек эле. Бирок, демократиялык өлкө болгондон кийин аларды камап, куугунтуктай албайсың. Эң жөнөкөй жолу — оппозициянын сөзүн угуп, колунан желегин, оозунан сөзүн алыш керек эле. Ошондуктан, Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирип, элдин көксөөсүн суутуп, оппозицияга рахмат, Конституцияда көрсөтүлгөн милдетиңерди жакшы аткарып атасыңар, силердин айтканыңар туура экен, премьерди жумуштан алдык” деп айтсак, кырдаал басаңдамак. Чын эле, кырдаал басаңдады. Албетте, оппозиция “мыш болуп калабыз” деп ойлогон эмес. Кийинки премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Жогорку Кеңешке биринчи эле келген күнү Ош жана Жалал-Абад шаарларын  калыбына келтирүү боюнча комиссияны жетектеп турганда, чоң каржылык мыйзам бузуулар болгон, “трагедиядан бизнес жасагансың” деп айтып чыгышты. Бул теманы кайра-кайра көтөрүштү. Ал кезде билесиңер, түштүктөгү башкы телекомпания оппозициянын көзөмөлүндө болчу. Элдин бүйүрүн аябай кызытышты. Кийинчерээк дирекцияга бөлүнгөн 11 миллиард акчанын алты миллиарды кайда кеткени кагаз жүзүндө так көрсөтүлбөгөнүн таап чыгышты. Ага дирекциянын ошол кездеги жетекчилери негиздүү жооп бере алышкан жок. Кырдаал кайра курчуду. Региондордо, Бишкекте физикалык түрдө басып алууга аракеттер болду. Анан, албетте, элдин нааразылыгын басып, туруктуулукту калыптандыруу үчүн катаны моюнга алыш керек эле. Ошондуктан, Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттү кетирүү чечими кабыл алынды. Мунун баары өлкөдө коопсуздук, тынчылык болсун деп жасалды. Эң негизгиси, бул чечим элдин талабы, кысымы менен кабыл алынды. Бабанов менен Сатыбалдиевдин өкмөттөрүнүн кетиши жөнүндөгү чечим тарыхый кырдаалдан чыккан зарылдык эле.

–Элдин талабы болдубу, же Бабанов ишке аябай активдүү киришип, реалдуу күчкө айланып баратканын көргөндө чоочуп кеттиңерби?

–Мен бир чоң, негизги, массага чыккан факторду гана айттым. Албетте, башка да көп факторлор бар. Мен аларга майдалап, токтолуп отургум келбейт. Ошентип, эки өкмөттүн отставкасы тарыхый зарылдыктан келип чыккан, элдин таасири менен болгон өзгөрүүлөр деп билем. Ал эми Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариевдин өкмөттөрүнүн отставкага кетиши — бул революциялык максаттуулуктан, чоң тарыхый зарылдыктан келип чыккан жок. Эки өкмөт кеткенден кийин оппозициялык партиялар позицияларын жоготушуп, демилге революциячыл партияларга, анын ичинде президентке өттү. Оппозиция лидерлеринин бир тобу камалды, бир тобу сыртка качып кетишти, “Республика” төрткө, “Ата-Журт” экиге бөлүндү, “Ар-Намыс” ишенимдүү союздаш болуп калды. Ошондон кийин бийлик саясый ынтымакта чоң-чоң экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылышы керек эле. Бирок, өкмөт кийин да жыл сайын алмаша берди. Өкмөт канчалык тез алмашса, ал институт катары бутуна тура албайт, Конституцияда көрсөтүлгөн потенциалы ачылбайт. Ал эми бийлик жерде калбайт, аны бирөө илип кетет. Өкмөттүн тез-тез алмашышы менен президенттин жана анын айланасындагылардын таасири өстү. Алар иш жүзүндө өкмөттү алмаштырып, ачыктан-ачык буйрук берип калды. Кийинки өкмөттөрдүн алмашуусу тарыхый зарылдыктан эмес, аны президенттин айланасындагылар өзүнүн позициясын бекемдеш үчүн, шайлоодо артыкчылыкка ээ болуш үчүн жасашты. “Жоомарт Оторбаев “Ата-Мекен” партиясына жан тартат” деген ой менен шайлоого жетпей кызматынан кетти. Темир Сариев болсо, “партияң шайлоого катышпайт” деген шарт менен премьерликке келген болчу. Бирок, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоонун логикасынан улам, “таскагы катуу чыгып атат, кийин президент болуп калса, бизди угабы, укпайбы, бүгүнкү президенттин айланасындагылардын таасири сакталабы, сакталбайбы, келечегине кепилдик болобу, же кооп туулабы?” деген суролордон улам аны да мөөнөтүнөн мурда узатышты. Ошондон улам мен айтып атам. Президенттин таасиринин күчү Конституцияда көрсөтүлгөн эмес. Өкмөттүн тез-тез алмашып, толук кандуу институтка айланбагындыгынан улам бийлик президентке жана президенттин айланасына өтүп кетти.

–Ушундан улам сизде “мен бирөөлөрдүн колунда саясый курал болуп калган турбаймынбы” деген ой пайда болбойбу?

–Жакшы суроо. Мен жана айткандай, өлкөдө контрреволюция болуп, реваншисттик күчтөр бийликти колго алып коюу мүмкүнчүлүгү бар эле. Мына ушундай кырдаалдан улам жанагындай чечим кабыл алынган. Бул бирөөнүн тапшырмасы эмес, ийри отуруп, түз кеңешкен бирдиктүү чечим болгон. Эгер бүгүн кайра ошондой кырдалга баарып калсак, мен бүгүн деле Атамбаев тарапты тандап алмакмын. Андан бери заман өзгөрдү, адамдар өзгөрдү. Биз ошол кезде реваншист деген күчтөрдүн дагы беш жылдын ичинде көз караштары өзгөрдү, артка кайтуу мүмкүн эмес экендигин билишти, жаңыча ой жүгүртүп, алдыга кетүү максат-тилектерди коюшту. Ошондуктан, биз алардын кээ бирөөлөрү менен жаңы шарттарда кызматташып жатабыз.

–Президенттин айланасындагылар  бийликти узурпациялап алганы боюнча айттыңыз. Мындай тыянакты эмнеге негиздейсиз?

–Конституция, мыйзамдар менен берилбеген бийликти өзүнө ыйгарып алып, реалдуу чечимдерди кабыл алгандыкты, конституциялык органдардын үстүнөн үстөмдүк кылганды узурпация деп атайт. Бизде узурпация толук болбогону менен анын кээ бир белгилери пайда болуп, ал жаап-жашырылбастан, ачыкка чыгып отурат. Жоопкерчиликтин жоктугунан жана өзүм билемдиктен улам чектен чыгып кетип атышат. Бүгүн президенттин айланасындагы адамдар жаап-жашырбастан эле өкмөткө, министрликтерге тапшырма берип, анын аткарылышын талап кыла башташты.

–Конституциялык палата эмне үчүн буга реакция жасап, ар кимисинин ыйгарым укуктарын эстерине салып койбойт?

–Акыркы эки жылда президент Конституциялык палатаны жоюуга, же укуктарын чектөөгө аракет кылып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Себеби, акыркы эки-үч жылда конституциялык соттон коркунуч күтүп жүрдү. Бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, аны жайлап, иш жүзүндө чечим кабыл алалбай тургандай кылып коймокчу.

–Президентке ошондой реалдуу коркунуч барбы?

–Башка өлкөлөрдү билбейм, бирок, Кыргызстанда Конституциялык сот бийликти алуунун жана узартуунун куралы болуп келген. Эки жолу “Акаев президенттик шайлоого бара берсе болот” деген чечим чыгарып берген. 2007-жылы Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституцияны жокко чыгарып, парламентти таратууга жол ачып, “Ак-жол” патиясын бийликке алып келген. 2010-жылдан кийин да бир нече жолу контрреволюциялык төңкөрүш жасаганга аракет болду. Алардын биринде конституциялык соттун чечими менен Убактылуу өкмөттү жокко чыгаруу аракети болгон. Албетте, биз өзүбүздүн конституциялык жол менен келбегенибизди айдан ачык билет элек. Ошондуктан, биринчи кезекте Конституциялык сотту таратуу чечимин кабыл алдык. Андай болсо, Конституциялык сотту жоюп эле салсак эмне болот эле? Жоюп салганда экинчи коркунуч пайда болот. Президент, парламент Башмыйзамды бузуп, өлкөдө узурпация, авторитардык бийлик болуп калышы мүмкүн. Кайрадан эле эски адатка, таз кейпибизге келебиз. Адам укуктары сакталбай, бийлик узурпация болуп, кайра эле эски авторитардык режимге келип калабыз. Бүгүн да Атамбаев киргизип жаткан сунуштар Кыргызстанды потенциалдуу коркунучтан сактабастан, тескерисинче, диктатурурага, адам укуктарынын чектелишине, тебеленишене жол ачат деп эсептейм. Атамбаев бийликке Конституциялык жол менен, шайлоолор аркылуу келип, бийлик органдары Конституция менен калыптанды да. Аны бүт дүйнө мойнуна алды. Анан Конституциялык сот кантип коркунуч туудурушу мүмкүн? Түркияда Эрдогандын партиясына тыюу салганга аракет кылышты. Кыргызстанда да КСДПга нааразы болгондор, ага тыюу салганга аракет кылгандар болушу мүмкүн. Жана мен айткандай, узурпациянын белгилери ачык көрүнүп калды. Конституцияга ылайык, президент эч бир партиянын мүчөсү болбой, баарына тең мамиле жасашы  керек. Бүгүн иш жүзүндө КСДПнын лидери Атамбаев экени баарыбызга айдан ачык болуп калды. Бул партия Атамбаевдин бийликтен кетээрине даярдана баштады. Чолпон-Атада партиянын сьезди болуп, жетекчилик толугу менен алмашылды. Партиянын саясый кеңешине президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, мурунку аппарат жетекчисинин орун басары, азыркы кеңешчиси Икрам Илмиянов, шаардын мэри Албек Ибраимов, шаардын мурунку мэри Кубанычбек Кулматов, президенттин аппаратынын бөлүм башчысы Сапар Исаков ж.б. кишилер киришти. Бул кишилер партиянын ардагери болуп, революцияга катышып жүрсө, “булар мурда эле бар эле” деп айтат элек. Булар болсо президенттин аппаратынын кызматкерлери. Бул деген “президент партияны жеке өзү башкарып атат” деген кеп. Беш жылдан бери КСДПнын лидери жок. Атамбаев кеткенден кийин ал орун бош турат. Ал орунду эч кимге ыраа көрүп, берген жок. Бул дагы Атамбаев партияны иш жүзүндө башкарып атканынын далили. Мен мурдагы интервьюмда айкандай, саясый реинкарнация деген ушул. Кыргызстанды Качинскидей болуп башкарышы мүмкүн. КСДП, Атамбаевдин айлана-чөйрөсү ошого даярданып жатышат. Ошондуктан, “эртеби-кечпи кимдир бирөө Конституциялык сотко кайрылып калышы мүмкүн” деп Эрдогандын тарыхын унутпай конституциялык соттун мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койгонго аракет кылышууда.

–Жеке сиз, же сиздин партияңыз кайрылышы мүмкүнбү?

–Эгер иш жүзүндө эски абалга келе турган болсок, оппозиция баардык мүмкүнчүлүктү, ошонун ичинде конституциялык сотко кайрылуу укугун да пайдаланышы мүмкүн.

–Сиздер президент менен бир команда болбосоңуздар деле бир лагерде болчусуздар. Эми сиздин акыркы билдирүүлөрүңүздөн кийин араңарга кандайдыр бир ажырым кеткен жокпу? Анткени, ЖМКларда “Ата-Мекен” башкаруучу коалициядан чыгуусу боюнча суроолор коюла баштады…

–Партиялардын ортосунда да элге көрүнбөгөн күрөштөр бар. Бирок, биздин бүгүнкү позициябыз бул жеке мамилелерден улам келип чыккан жок. Биз, тескерисинче, революциянын жеңишин жокко чыгарып, кайра эле 2010-жылдагы кырдаалга барып калышты каалабайбыз. Бүгүн сунуш кылынып жаткан өзгөрүүлөр ошого жол ачат. 2010-2011-жылдары контрреволюциялык аракеттерге кандай каршы турсак, бүгүн да контрреволюциялык аракетке ошондой каршы турабыз. Бүгүнкү аракеттерди мен контрреволюциялык катары кабыл алам. Эми Атамбаев кетээри ачык болуп калды. Бирок, ал өзү жөнүндө кандай пикир калтырып кетет? Ал бүгүн баарын жасап кеткенден кийин, эртең башка бирөөлөр бийликке келет да. Ал ашмалтайын чыгарса, эски заманга барса, Атамбаевди кечээги эле партиялаштары сөкпөйбү? Атамбаев өлкөнү жаман эмес башкарды. Тууган-уруктарын бийликке аралаштырган жок. Тууган-уругу деле жулунбаган топуктуу адамдар экен. Атамбаевдин үзүрүн туугандары эмес, жанындагылар көрүп атышат. “Менден кийин ажыдаар чыкпасын” деп атпайбы. Андан кийин кандай адам келет?

Азыр бийликтин баарын өкмөткө алып барып, өкмөттү түшпөс кылып, парламент тарабынан көзөмөлдү чектеп салышмакчы. Премьерге көзөмөлсүз бийлик берилмекчи. Бул баягы эле эски заманга алып барат. Ушул конфигурация Атамбаевдин тарыхтагы ордун бузат. Өкмөттү өз алдынча кылып, анын ыйгарым укуктарын көбөйтүп, саясый салмагын өстүрүш керек. Биз буга макулбуз. Бирок, ошол эле учурда көзөмөл калыш керек. Негизинен эки эле көзөмөл белгилүү. Парламент тарыбынан өкмөттүн ишине баа берилип, зарыл болгон учурда аны кызматтан кетирет. А эгер өкмөт мыйзамды бузган болсо, башкы прокуратурага кайрылып, иш козгоп, премьер-министрден баштап, ар бир өкмөт мүчөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Башмыйзамга жаңы өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин көзөмөл формалдуу калып, бирок, реалдуу болбой калат. Кантип? Бүгүн парламент өкмөттү 61 добуш менен кызматтан кетирсе, Атамбаевдин сунушу боюнча 80 добуш керек болот. Аракеттеги Конституция боюнча башкы прокуратура өкмөт мүчөсүнө, депутатка иш козгоп, сотко чейин алып барып, түрмөгө отургузса, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык башкы прокурор иш козгоп, тергөөнү өкмөттүн өзүнө берет. Көзөмөлдүн ушул эки механизми реалду болбой калып атат. Көзөмөл реалдуу болбогондон кийин өкмөт бир үстөмдүк кылып алса болду, өз позициясын бербейт. Дагы 20 жылга биз авторитардык системага кетебиз.

Кудайкул Жусупов

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *