Өзбекстанда селден улам Зарафшан шаарынан 300 киши эвакуацияланды

13-майга караган түнү нөшөрлөгөн жаандан кийин Өзбекстандын Навои облусундагы Зарафшан шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, суу каптоодон төрт турак-үй зыянга учурап, 300гө жакын жергиликтүү тургун коопсуз райондорго эвакуацияланды.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин 70 кызматкери жана тогуз атайын техникасы иштеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *