Сергей Есениндин сүйүктүү аялдары

Периштедей кебетеси, жумшак мүнөздүү мамилеси менен табигый жагымдуулугунан улам, аны көрүшкөн аялдар дароо эле баштары айланышып, сүйүп калыша турган. Бир гана өкүнүчтүүсү — ошол сүйүү романдарынын баарынын аягы өкүнүчтүү, долуланган каттар жана дагы акындын депрессияга кабылган учурлары менен аяктай турган.

Зинаида Райх Есенин менен эсерлердин (социалисттик революциячылардын) «Дело народа» газетасынын редакциясында таанышат. Ал бул гезитте секретарь-машинистка болуп иштечү. Бул аялга көңүл бурбай коюуга мүмкүн эмес эле: сымбаттуу бою, кара чачтуу, аристократиялык белгилери бар жүзү менен айрымаланчу.

Алар 1917-жылдын башында таанышышат. Июлда эле никеге туруп алышат. Эч кандай үйлөнүү үлпөтүсүз, көйнөк-көнчөксүз, гүлдү да акча коротуп сатып бербей туруп, жаш күйөө чиркөөнүн аңызында себилген гүлдөрдөн үзүп алып, белекке берет. Зинаида Райх менел никеде турган кезинде эки балалуу болушуп, Татьяна менен Константин төрөлүшөт. Жаш жубайлардын жашоосу башынан эле начар болот. Жубайлар экөө эки башка жакта жашашат. Зинаида Орелдогу ата-энесиникинде жашаса, Сергей Москвада жашайт. Кез-кезде гана жолугушушуп, алардын ар бир жолугушуусу уруш-жаң-жалдарга айлана баштайт. Бир жолу Есенин ага конокко келишкен аялы менен кызын да үйүңө киргизбей коет. Ал эми акын Константинди көргөндө шек санаган күмөндүу оюн айтат: «Есениндер кара тору болушчу эмес эле» – деп, андан соң, терс бурулуп кетип калат. Бул эки жубай 1921-жылы ажырашышат. Тез эле Зинаида Райхка режиссер Всеволод Мейерхольд колун сурап кайрылат, анан мурдагы катардагы машинистка анын театрындагы башкы жылдызга айланат. Режиссер өзүнүн аялынын каректери менен тең айланып, каалагандарынын баарын анын оозунан чыга элегинде аткарып турат. Зинаиданын айынан ал СССРге кайтып келип жашай баштайт, досторунун бул иштин аягы абдан коркунучтуу болот деп эскертишкенине да карабайт. Сталин Мейерхольддун койгон спектаклдерин сынга алган соң, Зинаида Николаевна советтик жолбашчыга катуу кыжырланган катын жөнөтөт. 1939-жылы актрисаны белгисиз адамдар анын өзүнүн квартирасында – Москванын чок ортосунда союп кетишет. Всеволод Мейерхольд 1940-жылы атылат.

“Алтын баш”

Тез эле Есениндин башын айланткан аял да табылат. Америкалык бийчи Айседора Дунканды сүйүп калып, акын кабактарга барганын да токтотот. Кара өтүгүн жалтырата тазалап алып, ак жибек көйнөгүн кийип, жасанып калат. Акыры көздөгөнүнө да жетет: 1922-жылы алардын тою болот. Кызыгы, бул кезде анын аялы орусча бар болгону бир нече гана сөздү биле турган.

Жубайлар Европага кетишет. Дункан Есенинден 18 жашка улуу болчу. Айың кептер аралап, алар боюнча акын “бай кемпирге” жекече пайдасын көздөп үйлөндү деген сөздөр тарайт. Бийчинин байлыгы тууралуу сөздөрдү акын жокко чыгарат: «Анын банктар жана аксарайлар тууралуу жомоктору тууралуу Россияда баш айланткан сөздөрүнүн баары калп экен, азыр бир тыйыны да жок олтурабыз, жолкиреге акча топтосок, кайра эле Москвага кеткени жатабыз».

Айдай жүздүү Айседорасын Есенин уруш-талаш чыкканда ашатып сөгүп баштаса, кайра жарашып калышканда алаканына салып көтөрө баштайт. Экинчи аялы абдан кызганчаак болгондуктан, аны бир минутага да жанынан чыгарбайт, Сергейдин жанынан чыкпайт. Эркиндикти сүйгөн акын үчүн бул башка түшкөн бир тозокко айланат. Бир жолу акын андан качып кутулууну да каалаган болчу. Бул окуя Берлинде болот: Есенин үй-бүлөлүк бороон-чапкындан жеке менчик пансиондо баш калкалайт. Айседора аны бүт шаарды түрө кыдыра издейт. Акыры жоголгон күйөөсүн тапкан соң, ал жердеги бардык сервизделген идиш-аякты, люстраларды талкалап салат. Арийне, бул сценалар көшөгө артында калат. Публиканын алдында болсо дайыма кооз кийинишкен, бири-бирине жарашкан жубайлар гана жүрүшкөнсүйт. Маселен, «New York World» газетасында Есениндин сырткы кебетесин сүрөттөгөн мындай бир макала басылат: «Тез эле мадам Дункандын күйөөсү да келди, ал жаш балага окшогон жаш улан экен. Сырткы кебетеси боюнча караганда, ал ар кандай футболдук командада эң мыкты полузащитник боло алмак экен деген ой келет». 1923-жылы жубайлардын мамилелери акыры аягында такыр эле бузулуп калат. Дункан Парижге кетет. Есенин артынан телеграмма жөнөтүп, аны менен мамилесин биротоло токтотконун билдирет. Кийин акын өз өмүрүндө эки гана аялды – Зинаида Райх менен Айседора Дунканды катуу сүйгөнүн моюнга алат.

Аялын байпагы да жок калтырат

Софья Андреевна Толстаяны – орус адабиятынын классигинин небересин – акын анын күйөөсү, прозачы Борис Пильняктан ажыратып, тартып алып кетет. Есенин менен Толстаянын үйлөнүү тою 1925-жылы болот. Бир катында Толстаянын апасы – Ольга Константиновна бул жубайлардын жашоосу кандай экендигин баяндаган. Анысында мас болуп алып, чыр-чатак чыгарган күйөө баласы, анын ичкич досторунун такай жаш жубайлардын айланасынан кетишпегени жана да анын жанында тыйын-тыпыры калбай жүргөнү айтылган.

Бирок, ал Есенинди абдан катуу сүйчү, ошондуктан анын бардык кылык-жоруктарына чыдай турган. Толстая күйөөсүнүн адабий мурасын сактап калууну өз милдети деп эсептей турган. Акындын дагы бир сүйүүсү адабий секретары Галина Бениславская болуп калат. Алар 1920-жылы эле таанышышкан болчу, бирок, ага акын өзү Дункан менен ажырашкан соң гана кайра келет. Бениславская Есениндин өлүмүн абдан катуу кабыл алгандыктан, анын мүрзөсүндө 1926-жылы өз жанын өзү кыйган..

Орусчадан которгон: Жумабек Кыдырбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *