Шайлдабекованы куткарган микрофон

Негизинен бул парламентке тийиштүү көрүнүш болчу. Спикерге кайсы бир депутаттын айтканы жакпай калса, же айта турганы жакпашын алдын ала билсе, сөз сүйлөөгө жок шылтоолор менен кезек бербейт, же сүйлөп атканда микрофонун өчүртүп салат.

Мындай өзүнө жакпаган сөздү коомчулуктун кулагына жеткирбөөнүн ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясына да жетиптир. БШКнын жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова орун басары Атыр Абдрахматовадан “Президентти шайлоо тууралуу” мыйзамына долбоор-сунуштаманы берүүнү эмнеге кечеңдеттирип атканын сурады.
“Сиздин тобуңуз төрт ай мурун эле сунуштамасын жөнөтүшү керек эле. Ал кайда?”-деп сурады төрайым Шайлдабекова.

Атыр Абдрахматова: “Адамдарды адашууга түртпөңүз. Документтер пакети бир ай мурда эле жөнөтүлгөн, эмне себептен жумушчу топтун демилгесине резюме бербей атканыңызды мен билбейм”,- деп баштаганда төрайым анын микрофонун өчүртүп жаны тынды.

Жетекчилер микрофон менен гана жан сактап калышты.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *