Шайлоо-2020: Бюллетендерди “Учкун” басмаканасы даярдайт

Бүгүн, 15-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында “Учкун” ААКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн бюллетендердин даярдалышын аныктоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине жана “КР шайлоолорунда жана референдумдарында шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 4-октярбда өтөт. Ага жалпысынан 16 саясий партия катышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *