4-октябрда БШК 2 саат сайын шайлоо процессинин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турган пресс-борбор уюштурат

Шайлоо күнү, 4-октябрда Кыргызстандын шайлоо тутумунун негизги принциптерин – ачык-айкындуулукту, ачыктыкты камсыз кылуу үчүн БШК пресс-борбордун ишин уюштурат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алардын айтымында, ар бир 2 саат сайын спикерлер шайлоо процесстеринин жүрүшү, анын ичинде шайлоо мыйзамдарынын бузулушу жөнүндө коомчулукка маалымат берип турушат.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган шайлоого 16 партия катышат. Ал эми шайлоочулардын саны 3 миллион 523 миң 554.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *