Шайлообек Дүйшеев “Манас” эпосун бурмалаганбы?

Шайлообек Дүйшеевдин “Эки дөөнүн күрөшү”  аттуу китебине адабиятчы, филология илиминин кандидаты Аскар Медетовдун пикири.

(2-макала)

Жолой Сагымбайда мындайча сүрөттөлөт:

Комдонуп жаткан кара иттей,

Маңдайында кашы бар.

Козголуучу дөө эмес,

Даш казандай башы бар.

Артында түшкөн айдары

Кыл чылбырдай чачы бар, – деп мында кадыресе эле гипер­бола менен Жолойдун кашы комдонуп жаткан кара итке, башы казанга, чачы чылбырга салыштырылып жандуу, элестүү эпикалык планда берилген. С.Орозбаков билимдүү адам катары монгол тилдүү көчмөн элдердин эркектерине байыртадан чачын өрүп жүрүү мүнөздүү болгонун билген үчүн аны кыл чылбырга салыштырып, этнографиялык тактык менен сүрөттөгөн. Эми ушул эле саптарды Ш.Дүйшеев:

Чолок куйрук кашы бар,

Чоколоктой башы бар.

Чор киндиктүү чочконун

Чокусунда чачы бар, – деп бурмалап, бузуп вариациялаган. Эми элестетиңиз, «чолок куй­рук» дегени кандай? Бул иттин куйругубу же төөнүн куйругубу? Түшүнүксүз. «Чоколок» дегенди «чоку» деп түшүндүрмө бериптир, чоку – учтуу болот, башты пирамида катары элестетип көрүңүз же чокусундагы чачы – кыркылган чачпы, байланган чачпы бул да белгисиз. Салыштыруудан ачык көрүнгөндөй Ш.Дүйшеев эпосту бурмалап, сынын бузуп, куттуу сөздүн кунун кетирген.

Ш.Дүйшеев жазган китеп, элдик эпос эмес, Дуйшеевдин жасалма «эпосу» десек болот. Себеби, даяр үлгү боюнча эпостун сөз байлыгын, уйкаштарын, ыр өлчөмүн, туруктуу образдарын колдонуп жазып койсо эле эпос болуп калбайт. Эпостун эстетикасы, дүйнө таанымы эң негизгиси оозеки речь деген башка. Аны туурап жазса эле эпос болуп калбайт, бул ачыктан ачык уурдоого жатат.

Кыргыл тиктеп Кубатты,

Чубак тиктеп Суратты,

Көкчө тиктеп Жумакты, – деп уйкаштык үчүн эпосто жок ысымдарды кошуп жиберген. Сыягы Кубат Оторбаев менен Сурат Жылкычиев эсине түшүп кеткен окшойт.

Эпосто өмүр, өлүмдүн философиясын терең чагылдырган:

Атандын гөрү дүнүйө,

Арбыды мээнет күнүгө.

Же бүгүн көргөн эртең жок.

Ушундай экен дүйнө бок, – де­ген сыяктуу маңызы терең ту­руктуу формулалар Дүйшеев тарабынан:

Атаңдын көрү дүнүйө,

Андай-мындай дегиче

Аш-оокатты жегенче, – деген сыяктуу мааниси жок, бурмаланган, сөз менен ойногон саптарга айланган.

Сагымбайдын вариантындагы

Айың менен күнүңдүн

Тирөөсүнөн бүткөндөй.

Алтын менен күмүштүн

Ширөөсүнөн бүткөндөй, – деген кайталангыс, керемет мүнөздөмөнүн «бүткөндөй» де­ген сөзүн «жаралган» деген сөз менен алмаштырып,

Айың менен күнүңдүн

Тирөөсүнөн жаралган,

Алтын менен күмүштүн

Ширөөсүнөн жаралган, – деп Ш.Дүйшеев ошол бойдон көчүрүп алган. Муну көз көрүнөө эле уурулук деп койсо болот.

Кийип алса Кандагай

Абакең Кошой карыя

Багалекке багалек

Баптап койгон эмедей.

Май куйрукка май куйрук,

Чаптап койгон эмедей – («Манас») деп эпосто сүрөттөлсө, Ш.Дүйшеев:

Багалекке багалек

Баттап койгон эмедей.

Куйругуна куйругун

Каптап койгон эмедей.

Жамбашына жамбашын

Чаптап койгон эмедей, – деп мүнөздөмөлөрүн «усталык» ме­нен көчүрүп алган.

Эпостогу:

Жети каптан буудай жеп,

Дан жыттанган чоң Жолой,

Жетимиш дөөнү бир союп

Кан жыттанган чоң Жо­лой, – деген гиперболалык мүнөздөмөнү Ш.Дүйшеев:

Алты кепе арпадан

Ботко жеген бу Жолой.

Алтымыш каман бир союп,

Чочко жеген бу Жолой, – деп механикалык түрдө кайталайт. Кошой балбан тандап жатып, Акбайга токтолгондо:

Сулуу катын алыпсың

Көп асылам деп жүрүп

Көк жашык болуп калыпсың, – деп эпосто айтылса, Ш.Дүйшеев:

Сулуу катын алыпсың.

Суусунун басам деп жатып,

Суужашык болуп калыпсың, – деп туураган.

Салыштырып айтсак, бул А.Осмоновдун «Жеңишбек» поэмасынын айрым саптарын өзгөртүп Ш.Дүйшеевдики деп жарыялап жибергендей эле кеп. Ш.Дүйшеев эпосту туурап көчүргөн, ага чыгармачылык мамиле жасай алган эмес, ага шаасы жетпей эпосту ээрчип, анын көлөкөсү болуп калган.

Мисалдардан көрүнүп тургандай, Дүйшеев эпосто­гу сүрөттөөлөрдү өзүнүн «табылгасындай» эле көчүрө берген. Эпостун кылымдар бою калыптанган көркөм каражаттары, туруктуу формулары, образдык-стилдик курулмалары бар, ага чыгармачылык мамиле аркылуу болот, бирок, минтип Дүйшеевчесинен көчүрүп алганга болбойт. Эгер эпостун ту­руктуу формулаларын, уйкашта­рын, эпитеттерин, редифтерин ж.б. көркөм каражаттарын «Эки дөөнүн күрөшүнөн» алып койсо, бул китепте дуйшеевдик эч нерсе калбайт. Элдик ырларды тууроо жөн эле Кудайдын убарасы экенин, андан эч нерсе чыкпай турганын, жасалма ырлар жараларын М.Исаковский: «Элдик ырларды туурап жазылган андай ырлар жолугуп калат. Бирок аны чыгармачылык деп аташ кыйын. Ал – бар болгону имитация, жа­салма. А жасалма нерсени жаратыш, даяр үлгү боюнча бир нерсе жасаш анча деле кыйын эмес. Бирок анын эч кимге кереги жок» – деп таамай айтып койгон экен. Демек, Ш.Дүйшеевдин «Эки дөөнүн күрөшү» эпосту туураган, көчүргөн, бурмалаган китеп. Эми бул «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» дегендей эле кеп. Эпос – күрүч, Дуй­шеевдин китеби – күрмөк (отоо чөп). Анан ушул күрмөккө Токтогул сыйлыгын беришпедиби. Сыйлык берүү комиссиясында фольклорду, адабиятты түшүнгөн адистер бар болду бекен?

МАНАСТЫ МАНАС КЫЛГАН ЖАЙСАҢБЫ?

Жакында болуп өткөн «Манас» эпосунун бүгүнкү «тагдыры» аттуу конференция коомчулукта кеңири резонанска ээ болуп, жайсаңчыларды безге сайгандай чочутуп, айрыкча «Айкөл Манасты» Жайсаңдын арбагынан алып жатам» деп жүргөн Бүбү Мариямдын талуу жерине тийип, жүрөгүнө жаанын огундай кадалды окшойт. Ошол даңкы далайга кеткен конференцияда белгилүү публицист Э.Нурушев «Жайсаң деген болгонбу?» деген темада баяндама жасап, кыргызда эч качан Жайсаң деген ырчы болбогонун илимий булактардын негизинде ташка тамга баскандай далилдеп, ак сөзүн айтты. Ооба, Жайсаң дегең ырчы болгон эмес. Ал эми Ш.Дүйшеев «Эки дөөнүн күрөшү» китебинин башталышында эле Ыр Амандын ырчы уулу (Ш.Дүйшеев «чү» дегенде эле Ыр Аман деп бөлүп жазып бурмалаган) менен катар Жайсаң кошо жар чакырып кирет. «Кыргызда Жайсаң деген ырчы болбосо, бул кайсы Жайсаң?» деген суроо туулат. Андан нары автор «Үмөт уулу Жайсаң» деп жазып жатат. Демек, бул кадимки эле Бүбү Мариямды «ак чабагым, ак шоолам» деп эркелетип жүргөн «Манас» эпосун бурмалап, аруз өлчөмүндө элдир-селдир уйкаштырып ыр чүргөп, кыргыз тарыхын, маданиятын, үрп-адатын бузуп, жетинчи кылымда жөн жатпай XXI кылымды чаңдатып, чуу чыгарып жүргөн бузук Жайсаң турбайбы. «Жайсаң баяны» де­ген бөлүмдө анын таржымакалы айтылат.

Опол деген жаңы каарман пай­да болот да, Манаска Жайсанды жамандайт. Ушакка ишенген Манас ачуусу келип, Жайсанды «Эсенканга, Коңурбайга, элиңе кет» дейт. Анда Жайсаң «мен даңктап атынды чыгарып жүрбөдү белем, бириңди эки кылдым, деги сага эмне кылдым» дейт да:

Садага кылып чапкыдай,

Сага мен Манас не кылдым? – деп Манас менен айтышып, ага док урунуп:

Уук болсоң, устун болгон деп,

Укмуштун баарын мен кыл­дым, – деп Манаты киши кылып жүргөнүн саймедерейт. Анан ортого Бакай түшүп, экөөң Алтайдан бери дос элең, Жакыпка Үмөт дос эле «экөөңдү Теңир коштурган, экөөндү Теңир дос кылган» деп экөөнүн бала кездеги достугун эске салып, Жайсаң чоң ырчы аталып, «Сен Манас болсоң, ал – акын» – деп Мана­ска тең экенин айтат.

Жайсаңың менен Манассың

Жайсаңсыз Манас атың аз, – деп андан нары:

Сурайыл Манас Жайсаңсыз

Суусу жок калган тегирмен, – деп Жайсаңсыз Манас кана­ты жок куштай бечара болорун эскертет. Бакайдын сөзүнө муюган Манас Жайсандан кечирим сурайт.

Эпостогу Көкөтөйдүн ашында да, Жолой менен Кошойдун күрөшүндө да Жайсаң деген ыр­чы жөнүндө сөз жок. Бул эпизодду Ш.Дүйшеев өз башы менен ачып алды, жаңы эпизод дегенге болбойт. Анткени азыр «экстремисттик адабият» деп бааланып жаткан Бүбү Мариямдын «Айкөл Манас» он томдутунун баш каарманы, VII кылымда жашаган чуулгандуу арбак – Жайсаң, кыязы «доорону сүрүп турган» 2005-жылдары Шайлообек Дүйшеев менен да жашыруун байланышка чыккан окшойт. «Эки дөөнүн күрөшүндө» Ырамандын ырчы уулу менен кошо Жайсан, ырчы да жар чакырып жүрөт да, аягында Манастын моюндаш өскөн досу, ага тең ата сүйлөшүп, сындап Манасты Манас кылып жүргөн башкы фигурага айланат. «Айкөл Манаста» да Жайсаңсыз Манас Манас эмес. Ш.Дүйшеевде да, Бүбү Мариямда да сүрүнөн, каарынан жан чыккан Манас баатырдык, көк жалдык сапаттарынан ажырап, Жайсаң деген «жарым кудай» ырчынын көзүн караган кайраты жок катардагы бечарага айланат.

«Эки дөөнүн күрөшү» китеби жөнүндө Бүбү Мариямдын чачпагын көтөрүп жүргөн чуулгандуу депутат К.Иманалиев: «… эми минтип Ш.Дүйшеевдин эпикалык дастаны жаралып отурат. Ал эми Бүбү Мариям эженин 10 томдук «Манасы» өзүнчө бир орошон окуя» С«КМ» 23.02.11.) деп жа­зып, Ш.Дүйшеевди БүбүМариямдын шакиртиндей эле баалаптыр, анткени ал Жайсаң дүйнөсүнө жаңы киришип, жаңыдан сыноодон өтүп жаткан окшойт. Ошон үчүн К.Иманалиев эпосту андан нары да бурмалап, «дагы бузуп бериңиз» деген таризде: «Эми анын баарын шөкөттөп, асемдеп, улуу дастандын поэтикалык «дуйшеевдик» вариантын жазып чыгууга Шакебиздин бопоросу жетер бекен?» деп сынаакы көз менен караган турбайбы.

«Эки дөөнүн күрөшүнүн» 2016-жылкы басылышында ав­тор Жайсанды өчүрүп, Ырчы уул деп ондоптур. Бирок мазмуну баягы эле бойдон калган. Каармандардын атын өзгөртүп койсо эле баары өзгөрүп калат деген бул жаңылыш түшүнүк. Ушуга байланыштуу бир анекдот эске түшүп жатат. Аны башкаларга окшоп китеп чыгарбай, атактын, наамдын, сыйлыктын артынан сая түшкөндөрдөн өйдө туруп, чыгармачылыгын аздектеп жүрүп өткөн, акын курбум Жолдошбек Зарлыкбеков айтып берди эле. Ат-Башыда бир мектепте орус ти­ли сабагы жүрүп жатыптыр. Начар окуган бир окуучуну доскага чыгарып мугалим:

– Кана Дүйшеев, дарбызды орусча эмне дейт, айтчы? – деп сурайт. Көзүн жалдыратып билбей турган балага алдыңкы партада отурган бирөө «биринчи тамгасын алып ташта» деп шыбырап, жардамдашыптыр. – Ар­буз – деп жооп берет бала. – Оо, азамат, жакшы билет турбайсыңбы, анда бадыраңды эмне дейт? – деп мугалим сураса, – Адыраң – деп, ойлонбостон жо­оп берген турбайбы.

Ш.Дүйшеевдин Жайсаңды алып таштап, Ырамандын ыр­чы уулу кыла койгону ошол ойлонбой жооп берген баланын жоругундай эле кеп. Анткени Манас эпосто каарынан жан чыккан көкжал, трагедиялуу баатыр – баш каарман, ал эми Ырчы уул анын чоросу, ал жөнүндө айрым бир эпизоддордо гана айтылат. Ушул салтты бузуп, Ш.Дүйшеев Ырчы уулду (Жайсаң) биринчи планга алып чыгып, Манасты Манас кылган Ырчы уул (Жайсаң) дегени – бул эпосту түздөн-.түз бурмалоо, бузуу. Ушул жеринен Ш.Дүйшеев Бүбү Мариям менен идеялаш, пикирлеш, санаалаш болуп, жакындашып отурат. Себеби экөө – Үмөт уулу Жайсанды көкөлөтүп, Мана­сты ага көз каранды кылып, басмырлап, чөгөлөтүп, багынтып, би­ринчи планга «акылман, кеменгер Жайсаң» чыгат. Бүбү Мариям ме­нен Ш.Дүйшеев Жайсанды даңазалап, кыргызга пир кылуу максатын көздөп, Манастын образын бузуп, бурмалап, мазакташкан.

Ш.Дүйшеев «Калемиме кимдир бирөө шыбырап турганын жаздым. Бирок ким шыбырап турганын билбей койдум» деп жазат китебинин жаңы басьшышында. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында азырынча бир эле арбак бар шыбырап берип турган – ал Жайсаң. Жайсаң эл акынына өзүн тааныштыргандан айбыгып жатса керек, «укмуштуунун төөсү жорго» дегендей «шыбырап» койсо эле Дүйшеевдин калеми да өзү эле жаза бере турга­нын карабайсызбы? Бүбү Мариямга Жайсаң 10 том жазып берди.

Эми Жайсаң Бүбү Мариямды чанып, эл акыны Ш.Дүйшеевге «оогонбу»? Анда эл акыны «Кана калемим, Жайсаңга байланышка чык да жазып башта» десе эле жа­зып кирсе… Ш.Дүйшеев деле Бүбү Мариямдан кем калышпай Каныбек Иманалиевдин «заказын» аткарып, элпек калеми 15 томду «эшип» таштабай эмне болуптур.

«Сагынбай менен Саякбайдын «Манасындагы» айрым бир суу кошкон жерлерин «түздөп» чык деп тапшырса… Эпостун үлгүлүү бир вариантын жазып чыгат элем» деп Ш.Дүйшеевдин жазганы бар. Мында акындын эпоско карата өөдөсүнүп, бой көтөргөн мамилеси айкын көрүнүп турат. Ш.Дүй­шеев эл акыны эмес, андан наркы болсун, миллион төлөнсүн, Сагын­бай, Саякбайдын «Манасына» кол тийгизгенге акысы жок. Ал варианттар кандай жазылып алынса, ошонусу менен баалуу, улуу мурас. Залкар адабиятчы К.Асаналиев «Эпос – элдин миң жылдык чыгармачылыгынын туундусу, ал ошону­су менен ыйык жана кол тийгис» деп бекер айткан эмес. Эл акыны жогоруда өзүнүн жармач эстетикасы менен эпосту кандай бурма­лап, бузганына күбө болдук. Ага карабай эле эл акыны «төлөп берсеңер эпосуңарды оңдоп-түзөп берейин” деп, анысын колко кылып олтурат. Эпосту эл миң жылдап аздектеп, таберик тутуп, Келдибек, Балык, Сагымбай, Саякбай өңдүү дулдул-таланттар улуу жомокко айланткан. “Манас” Ш.Дүйшеевдин эпосу Жайсаңга шыктанган шылуун, түркөй, чайкоочу, чобур калемине муктаж эмес.

Аскар Медетов, филология илиминин кандидаты

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *