Шайлоодо №2 формасы менен добуш бере турган шайлоочулардын саны 4 күндө 62 миңге көбөйүп, жалпы 315 миңге жетти

Бүгүн, 17-сентябрга карата алдыдагы парламенттик шайлоодо №2 форма боюнча добуш бере турчу шайлоочулардын саны 315 миң адамга жетти. Бул тууралуу  Нуржан Шайлдабекова БШКнын ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун отурумунда билдирди.

13-сентябрда эле №2 формс менен шайлоого бара турган шайлоочулардын саны 253 миң 6 адамды түзсө, 4 күндүн ичинде бул көрсөткүч 62 миң адамга өстү.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрхаматова БШКнын адистеринен жашаган жеринен тышкары жерде добуш берүүнү каалагандардын күнүмдүк өсүшү жөнүндө маалыматты ачык берүүнү талап кылды.

Ага БШК төрагасы бул цифраларда өзгөчө эч нерсе жок деп жооп берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *