Шайлоолордо партиялардын фондуна акча которгон жарандардын фамилиялары элге ачык жарыяланып турат

Быйылдан баштап Кыргызстанда шайлоолордо партиялардын, талапкерлердин шайлоо фондуна көмөк көрсөтүп, акча которгон жарандардын жана компаниялардын ысымдары менен аттары, акчаларынын суммасы элге массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык жарыяланып турат. Бул тууралу бүгүн, 13-мартта БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видеобилдирүү таратты.

“Эки жылдан бери күрөшүп жатып, бүгүн БШКнын отурумунда ушундай чечим кабыл алууга жетиштим. Мындан кийин ким кайсы бир партияга шайлоодо жардам бергиси келсе этият болушу зарыл, анткени анын ысымы бүт өлкөгө жарыя кылынат”, – деп билдирет Абдрахматова.

Буга чейин шайлоо кампанияларынын каржылык сүрөөнчүлөрү жабык маалымат болуп эсептелип, элге ачык жарыяланчу эмес. Бул жаңылыктын жакшы жагы эми шайлоочулар кайсы бир партияга добуш берерде анын артында кимдин акчалары турганын билип, анан чечим кабыл алышат.

Опубликовано Атыр Абдрахматова Четверг, 12 марта 2020 г.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *