Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Шайлоонун жасалма жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн сөзсүз эл ак үйдү басып алышы керек беле?
ММК Дайджест Саясат

Шайлоонун жасалма жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн сөзсүз эл ак үйдү басып алышы керек беле?

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрда кабыл алды. Бул убакта толкуган көпчүлүк митингге чыгып, бир нече саат бою бийликтин жообун кутүп, эч кандай реакция болбогондон кийин Ак үйгө чабуул жасап, бийликти өз колуна алган кез болчу. БШКнын басма сөз катчысы Марина Гречаннаянын айтымында, Боршайкомдун 11 мүчөсү шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга добуш беришкен.

4-октябрга чейин эле эл арасында шайлоодо административдик ресурстар колдонулаарына, таза, ачык өтпөшүнө күмөн пайда болгон. Анткени, парламенттик жарышка бийликчил бир эмес, үч партия аттанган. Шайлоо күнү катышкан бийликчил эмес 13 партиянын байкоочулары жана көз карандысыз байкоочулар тарабынан шайлоо участокторунда добуш берүү процессин ар кандай махинациялык ыкмалар коштоп жатканын соцтармактарга үзгүлтүксүз жарыялап турушту. “Биримдик” партиясына добуш берип, анысын телефонуна сүрөткө тартып алып жаткандар, бир нече бюллетенди бир адам урнага таштоого аракет кылганы, “Мекеним Кыргызстандын” өкүлдөрү бир маршрутка толтурра эл жүктөп шайлоо участокторуна жеткиргени, ошол жерде туруп акча тараткандар – баарынын жүзү ачык чагылдырылган видео интернетти аралап жүрдү. Мындай мыйзамсыздыкка карапайым эл катуу нааразыланганы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыймыл болгон жок. Шайлоодогу мыйзам бузууларга баа берилээрин убада кылышканы менен качан, кантип ал партиялар жазаланаарын тактаган бирөө болбоду. Ачыктан ачык эле бийликчил партиялар эмне кылсада БШКдагы бийлик дагы көз жумуп, көрмөксөн болушту. Акырында, шайлоо күнү добуштардын жыйынтыгында “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстандын” алдыга 45-46 мандатты өңөрүп чыга келиши, анын артынан дагы бир бийликке ыктаган “Кыргызстан” партиясынын төбөсү көрүнгөнү, ал эми элдик партиялардын артта калышы – элдин нааразычылыгын чегине жеткирди. Бирок ошол убакта да “кыйкырып, кыйкырып калышатда” дегенчелик кайдыгер мамиле жасалып, мыйзам бузууларды мыйзам чегинде карап, баа берүүге эч ким шашылбады. Уурдалган, сатып алган добуштар менен алдыңкы орунга жеткен партиялардын жеңиши мыйзамдуу кабыл алынды.

Ошол БШК, канча мыйзамсыздыкка көзүн жумуп, жогору жактын көрсөтмөсү менен иш алып барган БШК эл толкуп, канча адам жаракат алып, бир жаш жигит каза таап, Ак үй өрттөнүп, канча деген автоунаалар талкаланып, адам өмүрүнө жана мамлекеттин бюджетине зыян келтирилген кезде гана шайлоону жокко чыгарууну туура деп тапты.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.кж”

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япондун акчасын жеп алган Эмилканова 5 жылга шарттуу кесилген