Шамен Сыдыков: “Коон-дарбызды жолдо сатууга тыюу салып келебиз”

Мына азыр жайдын болуп турган аптап учуру. Айрыкча коон-дарбыздар ар бир үйдүн дасторконунун көркүн ачкан кез. Бирок, айрым учурда дарбыздан уулангандар да жок эмес. Дарбызды кантип тандоо керек? Биз сиздерге адистин кеңешин сунуштоо максатында Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчисинин орун басары Шамен Сыдыковго кайрылдык.

– Шамен ага, учурда жашылча-жемиштердин бышып турган кези. Сатып алуучулардын ден соолугуна кам көрүү үчүн кандай иштерди аткарып жатасыздар?

– Дарбыз боюнча бизде атайын көзөмөл бар. Бишкек шаары боюнча азык-түлүк сатылган чоң 23 базар бар. Ошол базарлардын дээрлик баардыгында мындай толуп турган жай күндөрүндө дарбыз сатылат. Бизде жалпы 145 адам эмгектенебиз. Ветеринар кызматкерлеринин коон-дарбызды текшере турган атайын аппараттары бар. Алар текшерүүгө алганда коон-дарбыздардын нейтраттарын, башкача айтканда, дарбыздын көлөмүндө канчалык уулуу зат бар, канчалык деңгээлде жер семирткич себилип өстүрүлгөн – мунун баары айкын болот. Алардын колунда кармап жүргөн тез текшере турган дагы приборлор бар. Ошол жерде баарын көрсөтөт. Дарбыз негизинен түштүктөн келет. Айрыкча Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай өрөөнү дарбыздын мекени деп айтылып келет. Кийин кайра түштүктөгү дарбыздар түгөнө баштаганда Чүй өрөөнүндө бышкан дарбыздар түштүккө жөнөтүлөт. Жалпысынан дарбыздар жер-жемиштерди дүңүнөн сатуучу «Дыйкан» базарына түшүп, чоң-чоң жүк ташуучу машинелерде сатылат. Ошол жерден анан сатып алуучулар шаардын туш тарабына алып кетишет. Майда базарлар дагы биз тараптан көзөмөлдөнүп турат. Дарбыздагы нейтраттын көлөмү 40 миллиграмм болушу керек. Эгер андан өйдө болсо, дарбызды сатууга тыюу салабыз. Бул адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. «Дыйкан» базарында жакында эле бир ошондой окуя болду. А. Акматов деген адамдын түштүктөн алып келген дарбызында нейтратгын көлөмү көп болуп, сатууга дароо тыюу салдык.

– Дарбыз сатып алуучуларга адис катары кандай кеңеш бересиз?

– Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы тарабынан уруксат берилген кагазы барбы деп талап кылуулары зарыл. Көчөлөрдө, жолдун боюнда дарбыз сатуучулар да көп. Биз буларды да жалпы көзөмөлгө алып жатабыз. Дарбызды алып жаткандачертип көрүп, кестирип даамын көрүп алыш керек. Айрымдар дарбыздын жарымын жеп, жарымын сактап коюп жешет. Сактоо мөөнөтү өтүп кетсе дагы адамдын уулануусуна алып келет.

– Мисалы, алыстан келген дарбызды дүңүнөн алышат. Анан дүкөндөрдө кепке туруп калат. Булар сатып алуучулар үчүн кооптуубу?

– Эми дарбыздын бир айга чейин жетилүү убактысы бар. Бир айга чейин муздак жерде турса жакшы эле сакталат. Биз дүкөндөрдөгү коон-дарбыздарды да көзөмөлдөйбүз. Жогоруда айтылгандай эле дүкөндөрдөн деле санитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу кагазды талап кылсаңыздар болот. Адамдын коопсуздугу өзүнө керек.Өздөрү жакшы көңүл буруш керек.

– Жол жээгинде кырка тизилип сатылган дарбыздар ден соолукка зыян алып келерин адистер белгилеп келишет…

– Жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө тез сиңирип алышат. Биологиялык процесс болуп жашылча-жемиштер көмүр кычкыл газын өздөрүнө сиңирип алып, кайра кычкылтек бөлүп чыгарышат. Ошондуктан биз ар убак коон-дарбызды жолдо сатууга тыюу салып келебиз. Бирок жашоо ушундай, болбой эле сата беришет. Баарын кайра көзөмөлдөөгө биздин кызматкерлер жетишпей калат.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *