Шашылыш билдирүү: Эртең Ак үйдүн алдында Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга берилип жатышына каршы нааразычылык митинги болот

Шашылыш билдирүү!
Эртең, 24-мартта саат 11.00.дө Жогорку Кеңештин имаратынын астында Аксы районуна караштуу Унгар тоосунун кошуна Өзбекстанга берилип жатканына байланыштуу “Кыргыз Чоролор” коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган нараазычылык акциясы болот. Жер маселеси боюнча кайдыгер карабаган бардык жарандарды чакырабыз. Кыргыз Республикасынын жер аймагы бул биздин менчигибиз эмес. Бул жерлер бизге ата-бабаларыбыздан мураска калган. Демек, жерибизди кемитпей, сактап кийинки урпактарга өткөзүп берүү биздин ыйык милдетибиз. Бул жерлер жетимдердин жашынан, жесирлердин муңунан кыргыздын жери болуп калганын унутпайлы.
Унгар-Тоо карта
Унгар-Тоо
Унгар-Тоо протокол
“Кыргыз чоролор” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев

3 comments

  • Бектурсун. says:

    Азаматтар!
    Жарайсыздар!
    Бишкектен алысмын, бироқ демилгеңиздерди қолдойм.
    Ийгилик қаалайм!

  • Тынчтык Акматали уулу says:

    Ээээ кыргыз элим кыргыз АТАБЫЗ
    керез сымал бир нерсени айткан эле.?
    Байлыгын кеттсе кетсин колдун кири
    Дээрине сактагын сен мекен жерди
    Байлык,Балалык,Эркиндик,эгер билсен
    Мына мен калтырган ушул жерде.
    1000 кылым сактап келдик биргеликте
    Сенда сакта ата кыргыз керез ушул эгер билсен

  • Nur-Zia says:

    Бектер кетет эл калат, бетеге кетет жер калат. Силер, жалгыз эмессинер!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *