Шашылыш билдирүү: Аба ырайы ченемден ашык ысык болот

2017-жылдын 7-9-июлунда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМ маалымдайт.

Көпчүлүк аймактарда абанын күндүк орточо температурасы климаттык нормадан 6…8º жогору болуп, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн 20…25°, күндүз 37…42º жылуулукка чейин жогорулоосу, тоо этектеринде түнкүсүн 18…23°, күндүз 33…38º чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 15…20°, күндүз 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда чыгышында 33…38º жылуулукка, тоолуу райондордо жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 10…15º, күндүз 32…37º, Жумгал районунда 34…39º жылуулукка, бийик тоолордо түнкүсүн 5…10º, күндүз 20…25º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Аба ырайынын мындай ченемден тышкары ысык болгон учурунда денени күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө сунуш кылынат. Ошондой эле Айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *