Шашылыш билдирүү: Кыргызстан боюнча ашууларда жана жолдордо кар көчкүлөрү түшүүсү күтүлүүдө

26-январдан 28-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январь күнү билдирди.

“Бишкек – Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу,  Ала-Бука – Каныш-Кыя жолдорунда, Чапчыма ашуусунда, Красная Горка – Ак-Ташта кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот” – деп айтылат билдирүүдө.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *