Шейшекан Жаналиева, журналист: «Постоветтик мезгилде, «маш бюродо» арип терүүчү машинкалар тынымсыз чыкылдап «жаагы» тынчу эмес»

“Ысык-Көл кабарлары” гезитинде эмгектенип жаткан тажрыйбалуу журналист Шейшекан Жаналиева «Азаттык» радиосунда, «Де факто», «Баягы Асаба»,  «Заман Кыргызстан» гезиттеринде өз кабарчы болуп иштеген. Орундуу сүйлөп орчундуу макалаларды жазган, жөнөкөй тажрыйбалуу журналист Жаналиева Шейшекан эжебизди майрамы менен куттуктап, ат жалында маек курдук.

– Эже, журналистикадан эмне таап, эмне жоготтуңуз?

– Учурдан пайдаланып, алгач бардык кесиптештеримди бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап кетейин. Баарына каалаганым жакшылык, дайым болсун каткырык. (Күлүп) Эми журналистикада жоготконума караганда, табылгаларым көп болду деп тартынбай, мактанбай эле айтамын. Журналистканын чыныгы казанында кайнап, ак менен каранын, ийгилик менен кемчиликтин, кубаныч менен кайгынын айырмасын так ажырата билүүгө үйрөндүм. Бала кезден кабарчы болсом деген изги тилегиме мүмкүн болушунча чаң жугузган жокмун. «Жаналиева келе жатат, ал сөзсүз  акча сурайт, кылдан кыйкым таап  башыбызды оорутат» деген ачуу сөздөн алыс жүрдүм. Мындан башка кандай урмат-сый бар?

– Мурдагы журналист менен азыркы журналисттин айырмачылыгы эмнеде?

– Айырмачылыгы асман менен жердей. Азыр алдыңда баары даяр. Интернет деген пайда болду. Ошондон баардык маалыматты ала алышат. А биздин убакта, тагырагы, өткөн постоветтик мезгилде, Брежневдин «Журналисттер партиянын алтын фондусу» деген доордо дээрлик бардык гезиттерде, телерадиокомпанияларында иштеген кабарчыларга калем сап менен блокнот түтчү эмес. Баарын колго жазчубуз. Ал кезде «маш бюро» деген атайын бөлүм бар эле. Ошол «маш бюродо» арип терүүчү машинкалар тынымсыз чыкылдап «жаагы» тынчу эмес. Анда машинисткалардын кадыр-баркы бир топ эле жогору болчу. Айрыкча бөлүм башчылардын, редактордун, орун басарлардын «кайра басууга» деген эскерүүсүнө кабылган кабарчылар машинистикалардын каарына калбайлы дешип алардын көздөрү менен тең айланып турушчу. Жең ичинен билгизбей конфеттерин бергендер да болчу. Азыр болсо иш кыйла жеңил. Өзүңө-өзүң кожоюнсуң, «кайра бастыр» деген өктөм үн жок. Компьютерди кесиптештерибиздин ичинен мен биринчилерден болуп үйрөнгөм. Мага компьютерде иштөө анча оор болгон жок, анткени машинканы жакшы басчумун.    Кандай компьютерге олтурдум ошол күндөн баштап жыргап эле калдым. Роза Отунбаеванын Англиядан Кыргызстанга уялбай эле сурап  келген эски компьютерлердин бирөө менин да энчиме тийген эле. Областтык мамлекеттик администрациясына келген эски компьютер менен көбүбүздүн заманбап техниканы өздөштүрүүбүзгө чоң мүмкүнчүлүк бергенин балким башкалар унутуп деле калышса керек. Эмнегедир мен унута элекмин.

Кабарчылардын кадыр-баркы жыл өткөн сайын түшүп баратканы ачуу болсо да чындык. Кабарчымын десем элейе караган элеттиктер деп кайсыл бир макаламда жазган элем. Мурдагыдай ат тезегин кургатпай айыл жеринен кабар алган кабарчыларды көрбөгөндөр кантип элейишпесин. Гезитке, дегеле аймактык массалык-маалымат каражаттарына реформа сөзсүз зарыл, жаңыча иштөөбүз, жаш кадрларды менен редакция жамаатын толукташыбыз керек деп бакылдаганыбызды колдосок болот. Бирок райондук эмес, облустук гезитке иштейм деп дилгир болгон жаштарды түнкүсүн эмес, күндүз шам чырак кармап таба албайбыз.

– Азыр журналисттердин кадыр-баркы кандай деп ойлойсуз?

«Журналисттерди эмне үчүн окурмандар мурдагыдай сыйлашпайт, эмне үчүн биздин кадыр-баркыбыз кетип баратат»,- деген суроолорго бир жактуу «жок», же «туура» деп жооп берүү кыйын. «Жаштардын дымагы күчтүү, алар окурмандарды таасирленткен журналисткалык иликтөөлөргө же жандүйнөнү козгогон дил маектерге, болбосо элдин бүйүрүн кызыткан окуяларга караганда, калем, айлык акылар көбүрөөк кызыктырат, сүйлөм түзгөндү билишпейт, көйгөйлүү маселелер четте калат» деп эр болсоң айтып көр.  «Жаштарды көрө алышпайт, булар качан кетишет, жөн карышпайбы» деген арр этип беттен алган сөздөрдү угасың. «Бул сөздү колдонбой жүр» деген сөзүм үчүн  жандүйнөм кандай жанчылып, жүрөгүм ооруганын эстегим да келбейт. Биз болсок улуулардан үйрөнсөк, жазгандарыбызды мактабай сын-пикирлер көбүрөөк айтышса деген изги тилек, алдыга умтулуу менен журналистиканын казанында кайнап, турмуштун өйдө-төмөнүн өздөштүрдүк.

Азыр жаштардын дымагы күчтүү аны танбаймын. Бирок кээде өтө жөнөкөйлүктүн, маданияттуулуктун, «уят» деген тартынуунун азабын тартат экенбиз. Баш-аягы жок, чалды-куйду жазган заметкаларын беттерине кармап, «аброй» күткөндөрдү көрдүм. Өз иштерине тың жаштар да көп, аларды чын дилимден сыйлайм.

– Көп жерде иштедиңиз. Кайсы редактор эмнеси менен эсиңизде калды?

– Ооба, көп редакторлор менен иштештим. Эч кимисин бөлүп айта албайм.

– Бир кезде сиз иштеген «Азаттык»  радиосу жөнүндө ар кандай кептер кетүүдө… Ал боюнча сиз эмне айта аласыз?

– «Азаттык» радиосунда 1994-2005-жылдары иштегем. Анда азыркыдай заманбап шарт жок болчу, командировкаларга акча төлөнчү эмес, күн сайын 1 мүнөттөн ашпаган маалымат даярдачубуз. Бирок башкалар айтып үлгүрө элек маалыматтарды илип кетчүбүз. «Азаттыкты» угалы, алар чындыкты айтышат, бийликке да, оппозицияга да жан тартышпайт»,- деген пикирлер көп болчу. Азыр деле мени сыйлагандар бар, «эмне үчүн иштебей калдың?»,- деп кызыккандар учурунда көп эле болгон. Угармандар эркин, көз карандысыз маалымат каражаттарынын күңгөй-тескейин, оң-терс жактарын кайдан билсин? Угармандар үчүн эле эмес, биз үчүн деле түшүнө бербеген эрежелер, талаптар толтура эмеспи. Жетекчилер кимге кандай жан тартышты, кимди көтөрүштү, кимди көмөлөтүштү өздөрү билишет да. «Азаттыктын» айланасындагы кайчы пикирлерди, нааразычылыктарды укканым болбосо, терең сүңгүбөйм. Кыргыздардан эч качан «чылык» калбастыгын гана түшүндүм. Бизди океандын артына түртүп салса да көрө албастыгыбыз, ичи тардыгыбыз, текеберчилигибиз, пендечилик пастыгыбыз калбастыгына көзүм жетти.

– Ушунча жылдык эмгегиңиздин акыбети кайттыбы, дегеним мамлекеттен сыйлык алдыңызбы? Наам алгыңыз келеби?

– Эми буйруган сыйлыктарды алып жатам. Наамды болсо буйруса алып калаарбыз…

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *