Шектүү болсоң министр болосуң

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевди алып баратат. Буга чейин иштеп келген Бакыт Шаршембиев “КТ Мобайл” чырына байланыштуу кызматынан кеткен. Догоев 2014-2017-жылдары Каттоо кызматынын төрөгасынын орун басары болуп иштеген. Андан кийин Каттоо кызматынын төрагасы болуп, ал кызматтан 2018-жылдын 14-февралында өз каалоосу менен кеткен. Андан төрт айдан кийин Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон. Кызыгы, жетекчи болуп бараткан Догоев Каттоо кызматындагы паспорт чыры боюнча УКМКга сурак берип жаткан. Мына шектүү болсоң министр болосуң деген ушул.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *