Шериги камалса да Шакиден үн чыкпайт да

Ушул күнү темир тордун артында олтурган “Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаевдин таламын талашып бир канча саясатчылар үн катты. Ал тургай коргоо комитетин түзүп, Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып ачык айтып чыгышты. Бир тууганы генерал Талант Исаев кызматын өз каалоосу менен тапшырып, иниси үчүн күрөшө турганын көрсөттү. Канаттын күчү менен парламент босогосун аттаган “Кыргызстан” фракциясычы? Лидерине олуттуу айыптар тагылып жатса да башын кумга каткан страустун кейпин кийип олтурат, ооз ачканга жарабай. Кайрылуу жасамыш болду эле, анысы «суранабыз» деген бир сүйлөм болду. Кайран гана команда дейсиң да. Талап кылабыз дегенге акыбалы жетпеди. Партиянын кожоюну аталган алкомагнат Шаки болсо бүгүнкү күнгө чейин ак же кара деп жарыла элек. Шакиге достон дагы олтурган орду кымбатпы? Достун дос экени ушундай кыйын кезеңде билинчү эле. Талант Исаевге окшоп, кызматыңарды ала бергиле, мага дос керек деп этегин кагып баса берсе Шаки эрдик кылган болмок да. Чынбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

1 ой-пикир

  • Медер says:

    Эмне деген былжырак статья? А дегенде, информацияны толуктап алып анан жазсанар болбойбу? Канат партиянын кожоюну Шакини катары менен 2-3 жолу оз кызыкчылыгы учун сатканын билбейсинерби? Кыргызстан партиясында Канаттын эч кандай тиешеси да жок! Ал партияга лидер болушуна Шаки озу болгусу келбей гана аны марионетка кылып отургузуп койгонун элдин баары билет. Ал эми Канат кайра Шакини элдин, президентин алдында уят кылып партиянын да кызыкчылыгын уруп ойнобой президент болом деп чыкты, партиянын атынан. Жалган съезд откорду Партиянын жетекчилиги менен кенешпей. Эми минтип бандиттер менен биригип тонкоруш даярдаганы учун соттолууда. Мындай адамды туугандарынан башка ким колдойт эле? Мындай сасыткы куйту жана аферист адамдар канчалык аз болсо коомубуз ошончолук таза болот эле!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *