Койсун Курманалиева шилекейин чачырата баштады

«Ата-Мекен» партиясынын көрүнүктүү мүчөлөрүнүн бири катары Болот Шерди жандап, анын аркасы менен Талас облусунун губернатору болгон Койсун Курманалиева деген бар. «Ата-Мекендин» көзүрлөрүнүн башына кыйын түн түшкөндө, акыйкаттык үчүн ооз ачып, калыс пикирин айтканга жараган жок. Чээнге киргендей кайда экени билинбей жүргөн Койсун айым кайрадан «жарк» этти. Албетте, Өмүрбек Текебаевди жактап эмес, «Өмүрбек Бабановду шайлоодо колдойлу туугандар, кыйын жигит, улуу жолго аттанып жатат» деген кооз сөздөрдү айтып, колдоп чыкты. Үгүт иштери баштала электе, үгүт жүргүзүп баштаган Койсун айымга үлкөн кызмат убада кылышкан окшойт. Айга-күнгө теңеп, «шилекейин чачыратып» калыптыр…

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *