Видео – Экс-депутат Ширин Айтматова Жогорку Кеңештеги ууру, коррупцияга малынган “ун өндүрүүчүлөр мафиясы” тууралу иликтөөсүн жарыялады

Бүгүн, 23-сентябрда экс-депутат Ширин Айтматова өзү негиздеп, жетектеген Үмүт2020 элдик кыймылынын атынан Жогорку Кеңештеги “ун өндүрүүчүлөр мафиясы” тууралу иликтөөсүн жарыялады.

“Нан жана оюн-зоок. Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы. Үмүт2020 элдик кыймылы Жогорку Кенештеги ууру, коррупцияга малынган элитага каршы. Бүгүнку чыгарылышта депуттардын элге каршы ишмердүүлүгү жөнүндө бир мисалын айтып беребиз. Силер бул депутаттардын парламентке кайрадан шайланып келүүсүн каалайсыңарбы?

Баарыныздарга салам! Мен Ширин Айтматова жана Үмүт2020 элдик кыймылы Жогорку Кеңештеги ууру, коррупцияга малынган элитага каршыбыз.

Бүгүн мен сиздерге депуттардын элге каршы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берем.

Ушул буудайдын баштары кантип саясий партия лидерлерине шайлоого чыгымдалган акчанын ордун жабууга жардам бергенин жана ошону менен бирге алардын кантип 350 миллион сом тапкандарын билгиңер келеби?

Анда эмесе, мен силерге бүгүн айтып берем!

2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына, башкача айтканда, азыркы чакырылышынын парламентине депутаттар шайланган, ага 6 саясий партия өткөн. Алар:

1.КСДП

2.Республика – Ата-Журт

3.Кыргызстан

4.Өнүгүү прогресс

5.Бир Бол

6.Ата Мекен

Шайлоого мурда болуп көрбөгөндөй чыгымдар сарпталганы жана массалык түрдө элдин добушун да сатып алуу болгондугу көрүнгөн.

Партиялар ондогон, керек болсо, жүздөгөн миллион сомдорду шайлоо кампаниясына, элдин добушун сатып алууга, үгүт иштерине жумшашат, анткени депутаттар парламентке келгенден кийин биринчи кезекте өз бизнестеринин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды кабыл алуу менен  сарптаган чыгымдарын он эсе кайтарып алышат.

Келгиле, аны иш жүзүндө кандай экенин карап көрөлү.

2015-жылдын 14-октябрында,  парламенттин VI чакырылышынын депутаттары иштеп баштаганына он күн болгондон кийин Өкмөттүн токтому менен Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргызстанга ташылып келген буудай данын кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген.

Кыргызстандын бажысы аркылуу ташылып келген бардык товарларга кошумча нарк салыгы төлөнөт, бирок үч парламенттик фракция: КСДП, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-прогресс” буудайды импорттоого төлөнгөн кошумча нарк салыгын жокко чыгаруу керек деп чыгышкан.

Силер эмне үчүн алар майга же кумшекерге эмес, а буудай жана ун сатууга карата кошумча нарк салыгын төлөөнү жокко чыгарууну колдоп чыгышты деп сурап жатсаңар керек.

Мунун жообу жөнөкөй эле: ушул 3 фракция лидерлеринин бизнестери ташылып келген дан жана андан жасалган унга байланыштуу болуп жатпайбы.

Мына ушулар Кыргызстанга буудай данын импорттогон ишканалардын жашыруун кожоюндары болуп саналат.

Алардын эмгек жолуна көз чаптырып көрсөк.

Ошол мезгилде фракция лидери КСДП партиясынан депутат – Чыныбай Турсунбеков парламентке келерден мурда 1997-жылдан 2010-жылга чейин “Акун” ЖАК жана “Бишкекункомбинаты” ААКтын башкы директору болчу.

“Кыргызстан” фракциясынын жашыруун кожоюну – Шаршенбек Абдыкеримов –  көп профилдүү “АЮ” компаниясынын негиздөөчүсү “Самрук казына” жарым-жартылай казак мамлекеттик компаниясы менен биргеликте Кыргызстанда “Алия” соода маркасынын ун жана макарон азыктарын чыгарган “Казгрейн” ЖЧК ээси болуп саналат.

“Өнүгүү прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламентке келгенге чейин 2000-жылдан 2007-жылга чейин ун чыгаруучу “Марьям” ЖЧК башкы директору болчу, азыр ага жубайы ээлик кылат.

Мыйзам долбоорун кароодо депутаттар андан ары кетишти. Ошол эле дандан импорттоочу тарабынан чыгарылган унду сатууда да кошумча нарк салыгынан бошотууну демилгелеп чыгышты. Унчуларды салыктан эки эсе бошотуу! Бул деген укмуштуудай артыкчылык да!

Импорттолгон дандан тартылган унду сатууда кошумча нарк салыгынан бошотууну ошол эле “Өнүгүү прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров да сунуштап чыккан. Ал өз кесиптик ишмердигинин көпчүлүк бөлүгүн ээси Бакыт Төрөбаев болуп эсептелген ун чыгауучу “Марьям” ЖЧКда жана “Дан-Юг” ЖЧКсында эмгектенүү менен өткөргөн. Мирлан Бакиров Райым Миллиондун жакын досу болуп эсептелет. Ал эми экинчи демилгечи – парламенттин азыркы спикери Дастан Жумабеков, ал Ш.Абдыкеримовго таандык болгон “Кыргызстан” партиясына депутат болуп келген болчу.

Келгиле, эстеп көрөлүчү, ушул депутаттар дагы жогоруда айтылган мыйзамдардан башка, эмнеси менен эсте калды.

Мирлан Бакиров кийимге болгон жогорку табити менен эсте калды.

Ал эми Дастан Жумабеков …

Эки депутат тең Матраимовдордун үй-бүлөсүн туу тутуп келишет жана экөө тең мыйзамга карата мамлекетке каршы оңдоолордун демилгечилери болуп саналат.

Парламент фракцияларынын лидерлерине жана кожоюндарына таандык болгон үч компаниянын баары ун жана ун азыктарын чыгарган рыноктун негизги бөлүгүн ээлеп келишет.

Мына ушул кожоюндар мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып мамлекетке 650 000 000 сом өлчөмүндө чыгым алып келишти.

Келгиле, үч партиянын шайлоого сарптаган чыгымдарын жана мамлекеттин бюджетине түшпөстөн, тигилердин чөнтөгүнө калган акчаны салыштырып көрөлү.

БШК расмий маалыматтарына ылайык КСДП чыгымы – 103,2 млн.сом, “Кыргызстан” партиясыныкы – 79,1 млн.сом, “Өнүгүү прогресс” партиясыныкы – 119,1 млн.сом түзгөн. Үч партия 301,4 млн.сом короткон, ал эми алар лоббирлеген иыйзамдан ишканалардын кирешеси катары бир жылда 650 000 000 сом алып, мамлекет бюджетке бир жылда салыктык чегерүүлөрдөн 650 000 000 сомду жоготуп алды. Башкача айтканда, алар шайлоого кеткен бардык расмий чыгымдарын актап алды, андан тышкары бир эле мыйзам менен бир жылда 350 млн.сом таап алышты.

Салыктан бошотуу мыйзамы эки жылдай иштеди, демек, алар мындан да көп акча табышты!

Импорттук данды кошумча нарк салыгынан бошотууда ун чыгаргандар эле эмес, башкалары да пайда көрүп калды.

Алкоголь ичимдиктерин чыгарган заводдор жыл сайын спирт жасоо үчүн жүздөгөн тонна дан алышат эмеспи. Ал эми биздеги эң ири алкомаганат ким? (экранга кайрадан Шакинин сүрөтү жана “АЮ” компаниясынын эмблемасы чыгат)

Эми мыйзамдын ун алган жөнөкөй сатып алуучулар, силерге жана бизге кандай кедергисин тийгизди, ошону карап көрөлү.

Депутаттар мыйзам чыгарып жатып, өз чөнтөгүн эмес, а элде арзан ун болсун деп ойлогондорун айтышат. Чын эле ушундайбы, келгиле карап көрөлү.

Импорттолгон дан кошумча нарк салыгынан бошотулгандан кийин ун баасы чын эле төмөндөдүбү?

2016-жылга карата унга болгон баа мурдагы жылдарга карата  Кыргызстанда төмөндөдү, бирок баа Кыргызстанда эле эмес, дан ташылып келген Казакстанда да түшүп кеткен.

Бирок баа буудайды ташып келүү жанан ун сатууну кошумча нарк салыгынан бошотуудан түшкөн жок. Баа теңгенин долларга карата курсу кескин девальвация болгондон жана Кыргызстандын ЕАЭБ уюмуна кошулгандыгына байланыштуу   төмөндөгөн. Бул жалгыз гана себеп болуп эсептелет.

2017-жылы Өкмөт бир жыл бою Дүйнөлүк валюта фондусунан бюджетти колдоо үчүн 1 800 000 000 сом өлчөмүндө грант ала албай убара болгон.

Дүйнөлүк валюта фондусу бюджетке жыйынтыгында 650 000 000 сом түшпөгөндүгү депутаттардын өз кызыкчылыгында мыйзам кабыл ала бергендигин токтотпосо, Кыргызстандын бюджетине жардам бере албай тургандыгын айткан.

2017-жылдын аягында ДВФ (Дүйнөлүк валюта фондусу) кысымы менен данды импорттоого жана ун сатууга кошмуча нарк салыгын төлөө кайтарылып берилген, бирок унга болгон баа 2017-жылы да, 2018-жылы да өзгөргөн эмес. Ун баасы кошумча нарк салыгынан бошотуу же аны кайта алып келүүгө байланыштуу болгон эмес, бул депутаттардын карандай калпы!

Ошол убактагы биринчи вице-премьер министр М.Д.Абылгазиев ошол эле 2016-жылы бюджетке депутаттардын ушул сыяктуу мыйзамдарынын кесепетинен башка тармактардан да 6 млдр сом түшпөй калганын билдирген эле.

Мына, алар ушинтип шайлоого сарптаган чыгымдарынын ордун бат эле толтуруп алат. Саткан добушуңуздар үчүн ушундай жаза аласыздар.

6 млрд сомго төмөнкү иштерди жасаса болмок болчу:

-60 мектеп курулмак, демек, Кыргызстандагы эң суук өрөөн болгон Нарында балдар темир контейнерлерде билим алмак эмес болчу;

-204 бала бакча курулмак, демек, бала бакчадагы ар бир группада 50 бала болмок эмес болчу;

-24 линиялык тездетүүчү;

-6 млрд сом – саламаттык сактоо тармагына карата бюджетке салынган каражаттан 2 млрд сомго көбүрөөк болмок;

-6 млрд сом – 461 538 мугалимдин орточо айлык акысы;

-6 млрд сом – 1 176 470 орточо пенсия

Бул партиялар жана депутаттар Жогорку Кеңештин кийинки 2020-жылдагы чакырылышына келебиз деп аракет кылат.

Силер бул депутаттардын парламентке келүүсүн каалайсыңарбы?

Силер партиялардын тизмесинде ушул депутаттардын болушун каалайсыңарбы?

Силер ушул партияларга өз добушуңарды сатып, ал эми алар силерди мындан ары да уурдап-тоношун каалайсыңарбы?” – деп билдирүү жасады экс-депутат Ширин Айтматова.

Нан жана зоок. Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы.

Нан жана зоок. Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы. Үмүт2020 элдик кыймылы Жогорку Кенештеги ууру, коррупцияга малынган элитага каршы. Бүгүнку чыгарылышта депуттардын элге каршы ишмердүүлүгү жөнүндө бир мисалын айтып беребиз.Силер бул депутаттардын парламентке кайрадан шайланып келүүсүн каалайсыңарбы?#үмүт2020, #кыргызстан, #тазашайлоо, #ширинайтматова, #мамлекет, #биримдик, #тазамамлекет, #тазаөлкө, #эгемендүүлүк, #kyrgyzstan, #freekg, #жогоркукенеш, #абдыкеримов, #бакиров, #жумабеков, #торобаев, #акун, #алия, #мариям #ндспшеница #буудайInstagram: @umut2020kg Twitter: @umut2020kg Twitter Ширин Айтматовой @AitmatovaShirin Электронный адрес: kg.umut2020@gmail.com

Опубликовано Umut2020 Воскресенье, 22 сентября 2019 г.

Булак: «KyrgyzToday.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *