Ширин Сарыгулова, манас айтуучу, актриса: «Кыргыз болуп жаралганыма сүйүнөм»

 

Азыркы учурда шоу-бизнес негизи эле чыгармачылык жаатта эч өзгөрүүлөр болбой калганы, жеңил музыка, окшошкон ыр, видеоклиптер таң калтырбай деле калды. Бирок кудайдын кулагы сүйүнсүн, улуттук салтты, улуттук маданиятты аруулап келген инсандар аз эмес. Алардын алгачкылары дагы жаңы чыгып келе жаткандары дагы улуу салттын улоочулары. Бардыгынан өзгөчөлөнүп ошол алгачкылардын баш сабында манас айтуучу, актриса Ширин Сарыгулова бар. Шоу-бизнестин нукура өкүлүнөн учкай кепке тарттык.

– Ширин, сени биз башка жылдыздардан өзгөчөлүгүңдү улуу салтка басым жасап алып жүргөнүңдөн билебиз, оор эмеспи?

– Улуу нукура салтын сактоо ар бир кыргызга тиешелүү. Миң нукуралуулугубузду, улуулугубузду, салтыбызды, өзөгүбүздү,  тилибизди, улутубузду укумдан-тукумга калтыруу парз. Болбосо унутта калып кетсе кыргыздын түпкү көрөңгөсү жок болуп кетиши мүмкүн. Анын сыңарындай мен да кыргыздын бир патриот кызы катары салтыбызга, кыргыз кийимдерине, кыргыз тилине, кыргыздын чыгармаларына баш-отум менен берилген кызмын. Ушул кырдаалда элибиздин эсине, жаштардын эсине биз салбасак ким салат деген ой туулат. Мен бул жасап жаткан, алпарып жаткан ишимен ырахат алам, позитив илхом алам. Аруулукту орнотуп айлананы тазалоо, аластап ысырыктоо мен үчүн оор эмес, тескерисинче өзүм жеңилдеп калам.

Кыргыздын колориттүү, кооздолгон, шөкөттөлгөн оюулар айкалыштырып түшүрүлгөн тигилген, илгертен келе жаткан аялзатына арналган кийимдерди заманбапташтырып көчөгө болобу, үйгө, тойго же кечелерге, жашоо-турмушка болобу, дайыма кийип жүрүүнү салтка айландырып алгам.

– Азыркы учурда тойлордо салттуу нерселерди кылуу кудайга шүгүр болуп жатат, бирок ошол нерселерди нукуралуулугунан ажыраткан жокпузбу, дегеним заманбапташып кетип жаткан жокпу?

– Ар бир учурдун талабына ылайык баардыгы өзгөрөт. Жар-жар айтып кыз узатуу салтын тойканаларда ошол тойканага ылайыктап жасап жатабыз. Эгер илгеркидей боз үйдө болсо, анда ошол көрүнүшкө ээ болмоксуз. Ал эми салтты, кошок ырлары, жар-жар айтуу, жар көрүү – баардыгы түпкү тамырын сактап көрсөтүп тартуулап келебиз.

Азыркы күндө жакшылык тойлор ресторандарда, тойканаларда өтүп калбадыбы, биз бул нерсеге баш ийебиз. Атайын чакырып аткандан кийин кыргыз элибизге барып тойлоруна кызмат кылабыз.

– Сенин мугалимдик кесипти аркалаганыңды дагы билебиз жана Кыргызстанда бирден-бир күчтүү мугалимдердин башындасың.  Ушул мугалимдик кесибиң тууралуу да айтып өтсөң…

– Мен Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде, ошондой эле Кыргыз Улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайда келечектеги актерлорго сахна тили деген сабактан сабак берип 10 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап маданиятыбыздын жүгүн көтөруү келем. Актерго “а” тамгасынан баштап кандай айтылышы, дикциясы, дем алуусу, сахнада кандай сүйлөш керек, ролду кандай ойноо, басып-туруу, монолог айтуу, ырдоо, манас айтуу, кыскасы бир жөнөкөй эле айылдан келген баланы беш жылда мыкты актер кылып тарбиялоо үйрөтүү ушул сабакка камтылган.

Актерго эң биринчи сүйлөө керек сахнада. Деги эле адамзатка тил керек. Эгер актер супсулуу, койкойгон актер болсо, пластикасы “беш” болсо, бирок тили, сөзү жок болсо, так болбосо дудук актерго же башы жок кишиге окшоп калат. Сулуулугу бир тыйынга да татыбайт, көрүүчүлөрдү ирээнжитет. Ошондуктан бул сабак ар бир инсанга керек. Диктор, диджей, журналист, алпаруучу, ректор, депутат болобу, коом менен иш алпарган адамдардын баарына ушул сабак суудай керек. Эң оор сабак, чарчайсың. Бирок мен студенттер менен иштегенден чарчабайм, тескерисинче  эс алам. Эртеңки келечекте кыйын инсан болушса мен сыймыктанам студенттерим менен, менин да салымым бар деп. Кимден сабак алдың эле деп сураганда Сарыгулова Ширин эжейден деп жооп беришсе мен үчүн сыймык. Кудайга шүгүр, ар бир студентиме жогорку деңгээлдеги билим берип келем, мени менен сыймыктанышат көп актерлор.

Тартипти катуу кармайм, талапты катуу коем, студенттериме сабак учурунда мугалиммин. Ал эми сабак бүткөндө бир тууган эжекесиндей ар бирине жылуу мамиле кылып келем. Ар бир окуучумду өзүмдүн баламдай жакшы көрөм.

– Келечекте чыгармачылык чөйрөдө же мугалимдик кесипте кандай ой-тилектериң бар?

– Кудай буюрса жаштын тилегин берет демекчи, мугалимдик ишимде доцент, доктор-профессор болом. Өзүмдүн тармагым боюнча китеп жазам кудай кааласа. Ал эми сахнада, жашоомдо кыргыздын маданиятын, салтын көтөргөн нукура кыргыз кызы Ширин Сарыгулова болом. Элим үчүн талыкпай тапкычтык жол менен астыма максат коюп иштей бермекчимин.

– Чыгармачылыктагы акыркы маалыматтарың тууралуу бөлңшө кетсең?

– Акыркы кабарларым, дүйнөлүк ВВС телеканалы мен тууралуу жарым сааттык документалдуу  фильм тартышты. Үзүндү кичине көрсөттү го, кыргыздын баатыр кыздары деп. Быйыл кыргыздын улуу манасчысы, Гомери Саякбай Каралаевге 120 жыл болот. Саякбай көркөм тасмасында образ жараттым, тасма чыкканда күбө болосуздар. Көчмөндөр оюндарында “Кыргыз көчмөн элибиз” аттуу ырды ырдап чыктык, ал жерде да манас айтам. Кыргыз болуп жаралганыма кубанам.

Назира Бегим

Булак: Асман плюс

 

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *