Шоопурдан тарта саясатка аралашкан Илмиянов

Мурунку ажолордун доорунан айырмаланып АШАнын учурунда таасирлүү адамга анын шоопуру айланганы болду. Икрам Илмиянов “серый кардинал” катары сыпатталып, саясаттын чордонунда жүрүп, кадр, каржы маселелерин чечкендиги жөнүндө узун кеп жүрдү. Анын ишмердүүлүгүнө сын айткандарга териккен Атамбаевдин: “Султан Ибраимов деле учурунда тракторист болгон!” деп балп эттирген жайы да болгон. Султан Ибраимов менен Икрам Илмияновду бир деңгээлге чыгарган Атамбаевдин салыштырмасына деле ошол кезде баракелде деген сөз айтылган. Жаңы президенттин тушунда мамлекеттик иштерди шоопурлуктан секирик жасаган адамдар эмес, өз ишин мыкты билген мамлекетчил кадрлар тейлесе экен деген эле ой.

Булак: Жаңы Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *