Шухрат Сабиров, КР өкмөт алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы: “Мен Каптагаев, Сатыбалдиев, Мырзакматов, Кадырбаев баштаган төрт үлкөнгө орун басар болгом”

Жаз келгени базардагы күнүмдүк азык-түлүк менен негизги продукциялардын кымбатташы ансыз да жону жукарып турган элибизди билинбегени менен бир топ бушайманга салып коёру турган иш. Өлкөбүздүн баа саясатын тескеп, жөнгө сала турган кызматтын башчысына жаздагы үзүмчүлүктү утурлай, калктын жонунан канчалык деңгээлде кайыш тилинерине кызыгып, айрым соболдорубузду жолдодук. 

 — Шухрат аке, жаз мезгилине карай базардагы азык-түлүккө болгон баа кымбаттаары турган иш. Ансыз да жазгы үзүмчүлүктө каржалып турган элге кошумча түйшүк жаратпай, сырттагы негизги продукцияларыбыздын баасын кымбаттатпай, тизгиндөөгө күчүңөр келчүдөнбү?

— Биздин экономикалык базар шартыбызда продукцияларыбыздын баасы негизинен дыйкандарыбыз менен алып-сатуучулардын өздөрү тарабынан коюлат. Ал эми өкмөт тарабынан бекитилген социалдык мааниге ээ буудай, кумшекер, көмүр, күйүүчү май баштаган продукциялардын 14 түрү бар. Мындай тизмеге картошка, пияз баштаган айыл чарба өсүмдүктөрү кошулган эмес. Жогоруда белгиленген 14 социалдык товарлардын базардагы баалары 1 айда 20%дан жогору кескин өсүү темпи байкалса, анда мамлекет тарабынан ушул товарларга тескөө, бааларына өкмөттүн атайын даярдалган токтому менен 90 күндөн көп эмес мөөнөткө чектөө киргизилет. Маселен, мындай жагдай өткөн жылдын октябрь айында көмүрдүн базардагы баасы 20%га кескин көтөрүлүп кеткендиктен, өкмөт тарабынан атайын токтом кабыл алынып, натыйжада кара алтындын баасына карата 90 күнгө мамлекеттик тескөө киргизилди. Биз ошондо өлкөбүздөгү баардык көмүр сатуучулардан жер-жерлердеги бааларды иликтеп туруп, атайын белгиленген бааларды бекитип бердик. Мунун натыйжасында баш калаабыз Бишкекте көмүрдүн ар тоннасы 5 миңден, Ош облусу менен Таласта 6 миңден, ал эми тоолуу Нарын облусунда кара алтындын тоннасы 3 миң сомдон жогору болбоду. Баса белгилөөчү жагдай, өндүрүлгөн көмүрдүн өзүнө турган наркына 10% рентабелдүүлүктү кошулуп, алып-сатуучулар 5% гана пайда көрө турган бааларды бекитип, ушундай жагдайда сатылды десек болот. Мындай иштерибиздин акыбети менен кыш мезгилинде көмүрдүн баасын кымбаттатканга жол бербедик.

— Көмүргө го азырынча сезон бүттү дейли. Жазындагы күнүмдүк керектелүүчү азыктарга карата баа көтөрүлүп кетпешине ишенсек болобу?

— Эгерде кескин түрдө бир айдын ичинде жогоруда белгиленген азыктардын түрлөрү 20%дан көп болуп кетсе, ошондо гана баа наркын тизгиндөө маселесин карашыбыз мүмкүн.

— Бишкек шаарындагы бир катар кафе-ресторан жана дүкөндөрдүн чет элдик аталыштарын мамлекеттик тилге кайра тууралатып, каталарын оңдотуу менен аларга айып пул салып, мамлекеттин казынасына каражат түшүрсө болот беле? Мындай маселе парламент трибунасына дейре көтөрүлгөнүнөн улам козгоп турам…

— Туура, мындай маселени жакында Жогорку Кеңештин депутаттары да көтөрүп, айтып чыгышты. Аныгындадүкөн, кафе-ресторандардын аталыштары жарнамага жатпайт экен. Көпчүлүк учурда ошол эле дүкөн, кафе ээлери юстиция министрлигинен ысым алуу менен каттоодон өтүп жатканда азыр коомчулук өкүлдөрү сындагандай англис тилиндеги аталышта катталып алышы мүмкүн да. Биз мындай кафе-ресторандарга аталыштарын мамлекеттик тилде жаздыруу сыяктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ал эми жарнама жааты боюнча, мисалы, ошол эле кафе-ресторандар туура эмес баннерлерди чыгарып жарнамага өтүшсө, анда аларга албетте, өзүбүздүн чараларыбызды колдонобуз. Көпчүлүк убакта мындай катмардагылар “Кыргызпатент” аркылуу өздөрүнүн англис тилдеги же мамлекетик тилибизде автордук укуктарын каттатып коюшат экен. Мындай шартта биз алардын соода бренддерин “тигиндей эмес, мындай кылгыла” дегенибизге мыйзам дагы жол бербей калат. Бирок, кафе-ресторандардын аталыштары рекламага үндөгөн чакырыкка дал келсе, анда сөзсүз мыйзамда каралган милдеттерибиз менен чара көргөнгө акылуубуз.

— Канттагы шифер, цемент заводу сындуу өлкөбүздө ири ишканалар бар да. Өзүбүздөн өндүрүлгөн мындай продукцияларыбыздын баа саясатын туура аныктап, ишиндеги мыйзамсыз жагдайлары табылган жокпу?

— Канттагы цемент, шифер комбинаты болобу же башка өндүрүүчүлөр болобу, чыгарган продукциялары өлкөбүздөгү керектөөчүлөрүнүн 35%дан жогору бөлүгүн камсыздаса, анда мамлекеттик реестрге ылайык коюлуп жаткан бааларын биз менен макулдашып, иш кылышат. Негизинен андай катмардагы атамекендик ишкана өндүрүүчүлөр бааларды өздөрү коюшат. Биз аларга “момундай баа койгула” деп тапшырма же талап коё албайбыз.

— Ушул кызматты жетектегенден бери компетенцияңызга кирген милдеттериңизден улам кандайдыр бир көз боёмочулук иштерди таап чыга алдыңызбы?

— Өткөн жылды жыйынтыктоо менен жалпысынан сиз атагандай мекеме, ишканаларга салган айып пулдарыбыздын көлөмү 205 миллион сомду түздү. Бул сандык көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 73%га көп болду. Ошол 205 миллионго салынган айып пулдан мамлекеттик казынага 146 миллион сом түшүрдүк. Бул дагы 2016-жылга салыштырмалуу 28%га же 32 миллион сомго көп десек болот. Мындай көрсөткүчтөр буга чейин монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин тарыхында болгон эмес. Мындай айып пулдарды маселен, “Кыргызтелеком” ишканасына 6 миллион сом жана ошондой эле “Кыргызкөмүр” ишканасы сыяктууларга да салдык эле, алар мамлекеттик казынабызга бир нече миллион сомдорун төлөп беришти. Кыскасы, коомчулукка “майталкан жай” катары саналган мекеме-ишканалардагы терс жагдайларды таап жатабыз десем болот.

— “Мегаком”, “О!” сыяктуу ири кирешелүү уюлдук компаниялардын тариф саясаттарына бир кызыгып көрдүңүздөрбү?

— Маселен, силер атагандай уюлдук ишканалар өздөрүнчө ич ара келишип алып туруп, тариф нарктарын 5 сомго чейин көтөрүп алган жагдайлары болгон. Мындай жагдайлары үчүн биз дароо аталган эки уюлдук компанияларга 29 миллион сомдон 58 миллион сомго айып пул салдык. Бул өткөн жылы болгон иш. Учурда бул иштер боюнча соттук процесстер жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү бул иштерден жыйынтык чыгат деп күтүп жатабыз. Ошол эле силердин кесиптештериңер эмгектенген телеканалдардагы тариф нарктарын көбөйтүп салышкан жагдайларын таптык, учурда алар дагы катачылыктары үчүн мойнуна салынган айыптарын төлөп жатышат.

— Коомчулуктун калың катмарына анчейин таанылбаганыңыз менен кезегинде президенттик аппаратты жетектеген эки таасирдүү саясатчыга жана Ош шаарын башкарышкан Мелис Мырзакматов менен Айтмамат Кадырбаевге орун басар болгон жайыңыз бар экен. Мындай мектептен өтүшүңүзгө кимдердин мээнети менен жеттиңиз?

— 2010-жылы андагы өлкө башчыбыз Роза Исаковнанын тушунда президенттик аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаевге бир жыл орун басар болуп иштедим. Андан соң 2011-жылы Алмазбек Шаршенович президент болуп шайланганда аппарат жетекчиликке дайындалган Жантөрө Сатыбалдиевге да дээрлик бир жылдай орун басар болуп, жакшы иштештик. Ал кызматтан мамлекеттик курулуш агенттигине орун басарлыкка которулуп иштеп жүрдүм. Өзүм Ош шаарынан болгондуктан 2009-2010-жылдары андагы түштүк калаанын башчысы Мелис Мырзакматовго орун басарлыкты аркаласам, өткөн жылдары кийинки мэр Айтмамат Кадырбаев менен иштешип, вице-мэр катары иштедим. Андан соң өткөн жылы ушул кызматка Сооронбай Шарипович тарабынан ишеним көрсөтүлүп, колуман келишинче иштеп келе жатам.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ          

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *