Сирияда Орусиянын Су-24 учагы кулап, учкуч каза болду

Орус аскерлери жайгашкан Сириядагы Хмеймим базасында орусиялык Су-24 учагы кырсыкка учурады. Маалыматка караганда, ал учуу маалында учуу тилкесинен чыгып кеткен.

Орусиянын Коргоо министрлигининен билдиришкендей, учактын экипажы каза тапты.

Кырсык 10-октябрда, учак согуштук учууга даярданып жаткан маалда болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *