Сирияга согушка катышып келген адам кармалды

«Сирияда согушка катышып келди» делген шектүүнүн үйүнөн ок атуучу курал табылды. «20 жаштагы жигит 2016-жылы Россия аркылуу Сирияга барган. Ал «Жамаат Таухид ва Жихад» эл аралык террордук уюмунун атынан Сириядагы согушка катышкан. Ал жакта Мустафа каймана аты менен жүргөндүгү белгилүү болду. Шектүү 2017-жылдын 13-июлунда Стамбул – Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга келген» деп айтылат маалыматта. Шектүү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Жашаган үйү тинтүүгө алынып, бөлмөсүнөн террордук уюмдар менен байланышка чыгып турган компьютери, ок атуучу курал, дисктер табылып, учурда теологиялык экспертиза дайындалды.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *