Согуш ардагери: Атамбаев бизди аябай капа кылган…

Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов өлкөнүн айрым тургундары 1999-2000-жылдары Баткенде эмне болгондугун билбей тургандыгын айтты.

Согуш болгон жылдары ЖМК тарабынан калкка объективдүү маалымат жеткирүү чабал жүргүзүлгөн. Анын айтымында, Баткенде ошол жылдары чындыгында эмне болгондугун билбей жүргөндөр ушул күнгө чейин эл арасында арбын.

«Атамбаев – башкы колбашчыбыз бир ирет «Баткенге 5-6 согушкер кирсе, аны согуш деген туура эмес» деп бизди абдан капа кылган. Биз жооп берели дедик. Бирок камалып кетебизби деп чочуладык. Кат иретинде эле оюбузду жазып жибергенбиз. Баткен согушунда 54 бала расмий түрдө курман болгон. Эми ошол 54 баланын ата-энеси башкы колбашчынын сөзүн угуп деле кандай ойдо калды деп капа болгонбуз. Чындыгында 1999-2000-жылдары Баткендеги согуш тууралуу маалымат элге өтө чабал жеткирилиптир. Согуштан кийин Бишкекке кайтканда бул жердегилердин көбү Баткенде эмне болуп жаткандыгы тууралуу кабары жок болчу», — деди Бакалов.

Андан сырткары, ал Баткен согушуна чейин Бишкек жана Санкт-Петербург шаарларындагы аскердик окуу жайлардан аскердик билим алгандыгын кошумчалады.

Биз жыртык өтүк, согушкерлер Аdidas кийип жүрчү…Баткен жоокерлеринин маеги 1999-жылдын 30-июлунда Кыргызстандын эгемендүүлүк жолундагы тарыхында алгачкы жолу эл аралык террордук түзүлүштөрдүн куралчан тобу (Өзбекстан ислам кыймылы) менен жүз көрүштү. Ал күндөрү согушкерлер Кыргызстандын чек арасын бузуп кирип, Өзбекстандын аймагына тоскоолдуксуз өтүп, Орто Азия чөлкөмүнө халифат орнотууну көздөшкөн.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү Өзбекстан Ислам кыймылынын террордук тобуна «коридор» түзүп берүүдөн баш тарткан. Себеби коңшу өлкөдөгү ар бир саясий кырдаал түздөн-түз Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Борбордук Азиядагы калыптанган коомдук тартиптин өзгөрүшүнө алип келмек. Ошентип мекен чегин көздүн карегиндей сактайм деген уландар өлкөнүн жети дубанынан Баткенди көздөй бет алышкан…

Аскердик тревога

Канат Бакалов – Баткен согушунун ардагери. Ал кичинесинен аскер адамы болууну кыялданган. Кыялы оңунан чыгып 13 жашында Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине тапшырат. Аны аяктаган соң Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы С.М.Киров атындагы Жогорку аскердик окуу-жайын бүтүрүп, 1998-жылы өз мекенине кайткан. Кайтканда дагы өлкөнүн Коргоо миинистрлигинин кадыр-барктуу делген «Скорпион» атайын даярдыктагы аскер тобуна кызмат өтөөгө кабыл алынат. 1999-жылдын 4-августунун түнү эч нерседен бейкапар жаткан жоокерлер үчүн аскердик тревога жарыяланат. Көп өтпөй Бакаловдун тобу тик учак менен Баткенди көздөй бет алган. Анда жалпысынан Коргоо министрлигинин «Скорпион» жана Коопсуздук кызматынын «Калкан» тобунан турган 70 жоокер учуп кеткен.

— Негизинен моджахеддер 27-28-июлдарда эле чек араны бузуп кирген. Ага чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү согушкерлердин негизги максатын билүү үчүн сүйлөшүүгө барганда аларды куралчан топ барымтага алган. Ошондо бизди аскердик тревога менен тургузуп, окуя болгон жерге жөнөтүшкөн. Согушкерлер бир гана Өзбекстандын аймагына өтүп кетүү талабын койгон. Бирок ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү үчүн аткарылгыс шарт болчу. Себеби согушкерлерди коңшу өлкөгө-өткөрүп жиберүү менен биз бүткүл Орто Азиядагы коомдук тартиптин өзгөрүшүнө жол бермекпиз.

Экинчи Швейцария же катыган курут Баткен согушу чындыгында ошол кездеги кыргыз армиясындагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Армияны эмес, өлкөнү демократия аралчасы же экинчи Швейцарияга айландырабыз деген бийликтин оюн таш капты. Мамлекет жетекчилиги ал жылдары Куралдуу күчтөрүн «өгөйлөп» кампадагы жарактуу курал-жарактарды үчүнчү жактарга сатып, армияга бөлүнгөн каражаттар туш-тараптан ар кимдин чөнтөгүнө «менчиктештирилип» кеткен дешет ардагерлер. Мына ушундай мышык ыйлаар абалда кыргыз армиясы эл аралык куралчан топторго каршылык көрсөтүшү керек болду.

Баткен согушунун ардагери Нарынбек Акматов ал күндөрдү төмөндөгүчө эскерет.

— Ошол кезде жарым-жартылай аскерге жарамдуулар арасында мобилизация жарыяланды. Аскердик комиссариаттар ыктыярчыларга толду. Ошондо кыргыз жигиттеринин рухунун, духунун, намысынын жогору экендигин көрүп сүйүндүм. Баткен согушунун биринчи кампаниясында бизде жада калса байланыш жабдыктары дагы жок болду.

Дагы бир Баткен согушунун ардагери Уланбек Касымов Баткен согушуна «Скорпион» атайын даярдыктагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатканында аттанган. Ал жоокерлердин кийген кийиминен тартып жеп-ичкен тамак-ашына чейин тартыштык болгондугун белгилейт. Ардагердин айтымында, аймакка байкоо, чалгындоо иштерин жүргүзүүдө аскерлерге жанына 300-400 грамм кургатылган нан жана кант аралашкан суу гана берилчү.

— Кийимибиз афган согушунан калган формалар. Согушкерлер кол салган айыл тургундарынын көбү жер которуп кеткен. Ошондо биз аймакка байкоо, чалгындоо жүргүзүү үчүн жолго чыгаарда жаныбызга 300-400 грамм кургатылган нан жана глюкоза болсун деп 1,5 литр кант аралашкан суу беришчү. Ээн калган үйлөрдө катыган курут көп эле. Ошолорду алып кээде бир күн бою ошону жеп, артынан суу ичип коюп жан баккан күндөрүбүз болду. Бутубузга болсо кээде өлгөн душмандардын жогорку сапаттагы Аdidas өтүктөрүн кийип алабыз. Көрсө, алар кол салууга катуу даярданышыптыр.

Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы эмес, материалдык-техникалык жактан чабал камсыздалгандыгы согуштун жүрүшүндө ачык байкалгандыгын жоокерлер бир ооздон белгилешет. Мусурманкул Чакаев Кыргызстандын чек арасын бузуп кирген душмандардын даярдыгы алда канча жогору болгондугун баса белгилеп, мындан улам кыргыз солдаттарынын баскан-турган кадамдары согушкерлер үчүн алдын ала белгилүү болуп тургандыгын айтат.

— Бир күнү Жылуу-Суу тараптагы Муз ашуусунда сакалчан согушкерлер жүрөт деген ыкчам маалымат келди. Тез арада ал жерге багыт алдык. Алардын байланыш жабдыктары жакшы экен. Биз барганда эле жок болушат же багытын өзгөртүп кетишет. Бирок бир күнү аймакты тинтүү учурунда согушкерлер менен маңдай-тескей атыштык. Тактика боюнча биз ордубузду алмаштырып турушубуз зарыл болчу. Бир жерден кечке ок чыгара берүү болбойт. Жардын боюнда болчубуз. Муканбет уулу Улан деген жоокерибиз ошентип позициясын которууда жардан учуп кетти. Издеп жатып араң тапканбыз. Көрсө, жардын ылдыйкы бетиндеги арчанын башына илинип калыптыр. Сөөгүн араң түшүргөнбүз.

Эл катары эл аралаган моджахеддер

Айрым чалгындоо кызматынын маалыматтары боюнча согушкерлер Баткен жергесине 1999-жылга чейин эле уста, үй куруучу катары отурукташа баштаган. Алар жергиликтүү тургундардын ар түрдүү оокатын кылып, ыңгайы келген маалга чейин эл катары күн көрүп, алака түзүшкөн. Качан гана убакыт-сааты келгенде баягы отурукташып калган согушкерлер колдоруна курал кармап, халифат орнотуу максатында баш көтөрүп, расмий бийлик өкүлдөрүн туткундап, Өзбекстанга өтүп кетүү аракетин көрүшкөн. Баткен согушу боюнча чалгындоо базасынын маалыматына таянсак, басып келген душмандардын саны жалпысынан 1500-1800 адамды түзгөн. Андыктан «эл аралык куралчан топ Кыргызстандын аймагынын чек арасын бир күндө эле бузуп кирди деген сөз чындыкка дал келбейт» дейт Улан Орозалиев.

— Баткен согушу боюнча даректүү тасма бар, чалгындоо базасынын маалыматы боюнча Баткен аймагына кирип келген согушкерлердин саны 1500 адамды түзгөн. Ага чейин согушкерлер тымызын даярданып жүрүшкөн. Андыктан согушкерлер чек араны бузуп, кол салды деген туура эмес. Бул тууралуу даректүү тасма, атайын сүрөттөр даярдалып, биз аларды мектеп окуучуларына көрсөтүп, мекенди сүйүүгө, патриоттук сезимге үндөп келебиз. Тасманы, сүрөттөрдү көргөндөн кийин балдар кызыккан суроолорун бере башташат.

Асмандагы шумкарлар

2000-жылы Баткен согушунда жагдай түп-тамырынан өзгөрдү. 1999-жылдын 1-сентябрында ошол кездеги Россиянын премьер-министри Владимир Путин менен кыргыз тараптан Борис Силаев кезигип, жоокерлерге курал-жарак, аскердик жабдыктардын алып келиниши тууралуу сүйлөшүлдү. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн аскердик, гуманитардык колдоо көрсөтүлө баштады. Баткен согушунун экинчи жылы кыргыз аскерлеринин үстөмдүгү үстүндө өттү.

Бирок согуш талаасындагы жоготуулар токтогон жок. Эң чоң жоготуу 2000-жыддын 11-августунда Кой-Таш аскердик бөлүгүнөн чакыртылган аскерлерге карата кол салууда болду. Бул күндү Баткен согушунун ардагери Багдад Орозеков төмөндөгүчө эскерет:

— Кой-Таш аскер бөлүгүнөн чакыртылган жоокерлердин блокпостуна алгачкы кол салуу болгондо 3-4 сутка атыштык. «Скорпион» атайын даярдыктагы аскерлер менен абадан коргонуу күчтөрү келгенде аман калдык. Ошондо 23 жоокер курман болуп кетти. 13ү – жоокер жана 10у — офицердик курамдагы азаматтар эле. Согушкерлерден экөөсүн туткунга түшүргөнүбүз эсимде. Бирөөсүнүн улуту тажик, экинчисиники башкыр экен. Курман болгон кыргыз жоокерлери мыкты, жогорку билимдүү эр-азаматтар эле. Кээде кайсы бир иш-чарага барып калганымда ошол балдар жаныбызда болсо кана деп көзүмө жаш алып, ыйлагым келет.

Ача жолдогу туңгуюк

Жоокер Азатбек Байбагышевдин айтымында, согуш талаасындагы эң оор жоготуу – бул жанындагы жолдошунан айрылуу. Бул жоокер үчүн чоң психологиялык сокку. Айрым учурда солдаттар согушкерлердин эле эмес, аз убакыт мурун бирге кобурашып отурган жолдошунан айрылып, анын сөөгүн согуш талаасында куш-канаттууга жем кылбай алып чыгышы керек болот. Бул сыноону бардык адам эле көтөрө билбейт дейт мекен коргоочулары. Андыктан, согуштан кийин тынч, күнүмдүк тиричиликке кайрылып келген соң бардык жоокерлер эле дароо көнүп кете бербейт экен.

— Менин «Сочи» деген командирим болгон. Бир күнү ал кол астындагы аттуу аскери менен согушкерлердин соккусуна кабылып, жоокер курман болуп калган. «Мен болбосом жоокер өлбөйт эле» деп өзүн жемелеп жүрүп психикалык жактан жабыркап, акыл-эсинен тайып калды. Бул жерде анын деле күнөөсү жок, болгону ал үчүн командир катары жоокеринен ажырап калуу чоң сокку болду. Согушта бирге болгон көп жигиттер Баткенден келгенден кийин реабилитациядан өткөн жок. Айрымдары үй-бүлөсү менен ажырашып, ичип кетти, дагы бири психикалык жактан жабыркап, эс-акылдан калышты. Арасында жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери бар…

Ордендүү селсаяктар

Дагы бир Баткен согушунун ардагери Данияр Болотбеков 1999-2000-жылдары өлкөдө жарым-жартылай мобилизация болгондугун айтып, бирок согуштан кийин жоокерлерге жеткиликтүү көңүл бурулбай калгандыгына кейийт. Мобилизация болгондон кийин согуштан кийин солдаттарды калыбына келтирүү, реабилитациядан өткөрүүнүн жол-жоболору каралып чыгыш керек болчу деген ойду карманат каарман. Анын айтымында, психикалык дартка чалдыккан айрым жоокерлер кадимки турмуш-тиричиликте өз ордун таба албай, селсаяк болуп кетишкен.

— Баткен окуясында көп бала жаракат алды. Жапжаш балдарга согуш талаасында жолдошторунун, согушкерлердин сөөгүн ташууга туура келди. Ошонун баары нервге, психикага терс таасирин тийгизет экен. Жоокерлерге согуштан келгенден кийин көңүл бурулбай калды. Маселен, экинчи даражадагы «Манас» орденинин ээси, Баткен согушунун жоокери азыр көчөдө селсаяк болуп жүрөт. Андрей Дегтярев деген жигит дагы нервден жабыркап, эптеп күн кечирип жатат. Мындай мисалдар көп. Жарым-жартылайбы, толук мобилизация болобу, айтор, убагында өкмөт жоокерлердин согуштан кийинки турмушун эске алып коюшу керек эле… Расмий маалыматтар боюнча Баткен согушунда 54 кыргыз жоокери окко учкан. Кийин ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 78 адам курман болгон деп жыйынтык чыгарган. Бирок Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов ал согушта курман болгон адамдардын саны чындыгында расмий маалыматтан көбүрөөк болушу мүмкүн деген ойду карманат. Себеби аскерлерден сырткары бул конфликтиде жергиликтүү тургундардан дагы каза болгондор бар.

Баткенде кадимкидей эле согуш болгон! 2018-жылга чейин Баткенде курман болгон жоокерлерди эскерүү Коргоо министрлигинин 416-буйругунун негизинде гана тар чөйрөдө белгиленип келсе, эми 2018-жылдын 25-декабрында өкмөттүн 615-токтомунун буйругуна ылайык, ар жылы 26-октябрь Баткен согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнү деп белгиленмей болду.

Данияр Өсөров: Көп учурда коомчулукта Баткен согушуна ар кандай аныктама берилип келет. Бири аны окуя десе, башкасы коогалаң дейт. Бирок буга 2015-жылы Ош шаарында тарыхчы, илимпоздор чогулуп, бир добуштан Баткенде толук кандуу согуш болгондугун далилдеп. ага аныктама беришкен. Буга конфликтиге авиация, артиллерия, жөө аскерлер контингенти тартылгандыгы негиз болгон.

Булак: «Кабар инфо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *