Согуш оту… Мекенин эч ким бербейт! Кыргыз-тажик чек ара талашы

Бир айча мурда, Баткен аймагында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомоли Рахмон баштаган эки тараптуу чек ара маселелери боюнча чырга байланыштуу жолугушуу салтанаттуу нотада аяктаганы али унутула электе, кайрадан чоң конфликт оту тутанып, бул ирет эки тараптын чек арачылары автоматтар менен атышып, минометторду колдонушканга чейин барышты… Ондогон аскерлер жаракат алып, бир жоокер курман болду. Мекен чегин кайтаруу учурунда баатырларча курман болду!..

Тажик тараптан үч жоокер курман болгону айтылууда…

Ар нерсени өз аты менен атай турган болсок, эч жымсалдабай, жашырбай айтканда, — бул локалдык, чакан аймактагы, кыска убакытка, бир-эки күнгө созулган согуш болду деп айтсак болот. Болгону, согуш ачуу тууралуу расмий жарыяланган жок!.. Ал эми тарыхтан белгилүү болгондой, немецтер деле эч нерсе жарыялабай туруп, “тынч уктап жаткан совет элине, жерине” баскынчылык менен түнкү саат төрттө кирип келишкен… Ал кездеги (ХХ кылымдын биринчи жарымындагы жерде жылып жүрүүчү техника жана жөө аскерлери катышкан) аскердик техника түп-тамырынан өзгөрүп, ХХ кылымдын соңунда, ХХI кылымда “6-дневная война”, “2-х дневная война” сымал аталыш менен калган согуштук конфликттер орун ала баштагандыгы маалым. Алыска барбай эле, кечээ жакындагы дал ушул сыяктуу согуштук конфликтке кайрылсак, Россия өздөрүнүн союздашы Абхазиянын аймагына кирип барышкан Грузиянын аскерлерин эки күндө чагылгандай тездик менен кууп чыкканы али эстен чыга элек…

Азырынча бир аз гана жооткото турган айрымасы: азыр Тажик тарап дагы биздей эле психологиялык абалда болуп, “Кыргызстан биринчи болуп кол салды” деген жүйөөгө таянууда. Бул чек ара маселеси кардиналдуу түрдө, биротоло чечилмейинче, жогорудагыдай конфликттер улам-улам орун алып, ал тургай “двухдневная, трехдневная война” деген сыяктуу кырдаалга чейин өсүп жетип, аягы тигил же бул мамлекеттик аймакты биротоло оккупациялап алуу менен аякташы да толук мүмкүн. Ошондуктан, “эки элдин түбөлүк достугу”, “эзелтен ынтымакта жашап келе жатышкан бир тууган элдер” деген кооз, бирок ичи көңдөй сөздөрдү ары жылдырып, конкреттүү аракеттерди жасоо зарыл. Болгондо да, эң жогорку, эл аралык деңгээлде! Эл аралык чоң конфликттер бытовой (күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги) майда нерселерден деле тутанып кетип, куу токойго ширеңке талын чаккандай чыгып кетиши менен өтө коркунучтуу. Жакында туулган күнүн түрмө камерасында белгилеген мурдагы президент (мүйүздүү болом деп жатып, кулагынан айрылгандай, экс-президент макамынан айрылган) Алмазбек Атамбаевчесинен “жакында баланча жетекчи өлгөндөн кийин чек ара маселесин чечип алабыз!” — деп коюп, күтүп жүрө берүү, — бери эле болгондо жеңил ойлуулук, арыраак караганда — кеңкелестик болуп калат!..

Демек, маселенин тээ түпкү себептерине көз салып, ички көрүнбөй жаткан жагдайларына үңүлүп карап, ийне-жибине чейин иликтеп туруп, биротоло чече турган кез келди. Мындан ары конфликт оту тутанган сайын, улам убактылуу өчүрүп коюп, мурдагыдай кайдыгер жүрүүгө мүмкүн эмес. Эгерде жарандар аралык куралдуу кагылышуу болуп кетсе, бул партизандык ыкмага өтүп, аны эч кандай күч баса албай калат. Дүйнө жүзүндө андай ыкма да, күч да али ойлонуп табыла элек. Буга эки миң жылдан бери болуп келе жаткан араб-израиль жер талашы эле ачык күбө боло алат!

Ал эми Кыргызстандагы жагдай мындан жүз жылча илгери эле башталган. Чек ара маселесиндеги бул талаштуу жагдай, өз ички табияты боюнча атайылап коюлган узак убакыттагы мина сыяктуу болгону менен да, муну кимдир бирөөлөр атайылап жасаган деп айтуу кыйын. Тек гана, ошол кездеги кыйын кырдаал, кысталышта үстүртөн жасалган иштер ушундай талаштуу эл аралык, коңшулаш эгемен мамлекеттер аралык конфликттин пайда болушуна алып келди. Маселенин баары, 1924-жылда түзүлгөн карта — бир башкача мааниде, ал эми ошондон эки жылдан кийин эле — 1926-жылы түзүлгөн картада — мурункуга карама-каршы болгон — экинчи мааниде болуп калгандыгында турат. Башкача айтканда, азыркы талаштуу аймак, бир карта боюнча Кыргызстандыкы болуп эсептелсе, экинчи карта боюнча — Тажикстанга таандык. Ошол бойдон, кийин анклав сыяктуу аймактар пайда болуп, союз учурунда бул сыяктуу “майда” маселелерге көңүл бурбай да калышкан… Дагы жакшы, бул жагдай биротоло оорлошуп, же биротоло татаалдашып, чечилбей турган абалга жеткен эмес. Ошондой болушу да толук мүмкүн болгон учурлар өткөн.

Мындан бир аз мурдараакта Москвалык “Дружба народов” журналына жарыяланган документалдык-мемуардык адабиятка таяна турган болсок, 80-жылдардын башында ошол кездеги СССРдин Генералдык секретары Юрий Андропов союздун аймагын административдик-территориялык жактан түп-тамырынан өзгөртүп, кескин реформаларды баштоонун алдында, буга катуу даярдыктар көрүлө баштаганда көзү өтүп кеткен. Сыягы, кексе чекист, эл аралык мамилелердин бардык түйүндөрүн ичтен билген Генсек Юрий Андропов, Америкалык ЦРУнун (Борбордук чалгындоо Башкармалыгынын) жана башка эл аралык СССРге душмандык күчтөрдүн мурунку союз аймагында улуттар аралык конфликттерди тутандырууга абдан кызыкдар болушуп, буга ар тараптуу аракеттерди жасай башташканынан улам, булардын алдын алуу максатында ушуга барууну чечсе керек.

Бул маселе жабык түрдө кеңири талкууланып, ал тургай биздин атактуу жердешибиз Чыңгыз Айтматов да активдүү катышканы, азыр гана айкындалып олтурат. Ошол идея боюнча союздук республикалардын баары тең биротоло жоюлуп, улуттук белгилери боюнча эмес, географиялык-өндүрүштүк жана башка параметрлер боюнча, мурдагы 15 республиканын ордуна жаңы 44 штатты түзүү пландалган. Бул идея боюнча, баягы улуттар аралык бөлүнүү биротоло жоюлуп, такыр башка критерийлер жаралмак…

Арийне, тарых башка нукта өнүгүүгө туш болгон. Ошондуктан, эгерде бул идея ишке ашып кетсе, азыркы кырдаал кандайча болмок: азыркыдан жакшы болмокпу, же жаман болмокпу? — деген сыяктуу ойлорго убакыт коротуп олтуруунун да кереги жоктой сезилет. Бир гана айкындуусу — андай кадамдарга тээ 50-, 70-жылдарда баруу кыйла жемиштүү болмоктой туюлат. Анткени, жаңы заманга ыктап, өзгөргөн мамлекетти куруп, жаңыча жашоого умтулган совет элине, балким, ошондой жаңыча мамлекеттик-коомдук түзүлүшкө ыңгайлашып, ага биротоло көнүп, анын бардык идеологиялык-социалдык баалуулуктарын да ак дили менен берилип кабыл алып, жаңыланган союздун жарандары деген наамды (АКШ штаттарынын жарандары деген сымал!) сыймыктуу алып кетүүгө шарт түзүлмөктүр.

Бирок, экинчи жагынан алып караганда, андай олуттуу саясий-административдик өзгөрүүлөрдүн буга кеч учурда болбой калышынын өзү эле совет элин кийинки доордогу бир чоң алааматтан Кудай өзү алын ала сактап калгандай көрүнөт. Эгерде Кайра Куруу алдында ошондой өзгөрүүлөр болуп кетип, кийинки ачык айтуу, демократиялык жараян сыяктуу окуялардын баары орун ала турган болсо, бүткүл мурдагы союз аймагындагы жаңы түзүлгөн 44 штаттын баарында тең жапырт түрдө, ар биринин өзүнчө алганда Нагорный Карабах сыяктуу талаштуу очоктору пайда болмок!

Эми болору болду дегендей, эгемендүү Кыргызстаныбыз өз чек ара маселелери менен өзү бетме-бет келген чак жаралды. Иштин баары эми ошол ары өтө көйгөйлүү, ары өтө татаал маселелерди дал өз учурунда, эч кечиктирбестен чечүүдө калды. Бирок, буга биздин азыркы жетекчиликтин күч-дарамети, дегеле саясий-инсандык эрки жетеби? — деген суроо жаралбай койбойт. Коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек араларыбыздын айрым гана бөлүктөрү демаркацияланбаса, көпчүлүк бөлүгү узак мөөнөттө жарылуучу бомба сымал, “көмүлгөн” бойдон, эч кыймылдабай турат. Айрыкча, калкы жыш жайгашып, эки мамлекеттин жарандары менен жерлери бири-бири менен аралашып кеткен өзбек жана тажик аймактары кооптуу экендиги түшүнүктүү.

Буга чейинки тажрыйба тастыктап келе жаткандай, бул ишти улам арыга карай создуктура берүү ого бетер татаалдаштырууга гана алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, мүмкүн болушунча тезирээк колго алып, өз ара биргелешкен демаркациялоо жараянын тез арада бүтүрүү зарыл. Ушул быйылкы жылдын эсебинен эле чек аралык конфликттерден улам бир нече киши курман болуп, ондогон кишилер жаракат алышып, дагы башка көптөгөн кырсыктар орун алгандыгы маалым. Жетимге жөтөлдүн эмне кереги бар? — демекчи, ансыз да оор социалдык-экономикалык кризис сазында араң оокат кылып жаткан мамлекетибизге андан дагы ашкан оор түйшүктөрдү жаратууга кимдер кызыкдар?!

Эгерде бул терс жагдай тереңдеп кете турган болсо, дагы далай кошумча маселелер пайда болуп, аларга кошулуп, башка дагы кошумча олчойгон чыгымдар жаралары турган иш. Мына, конфликт болгон сайын бүтүндөй айыл тургундары дүрбөлөңгө түшүп, үй-бүлөлөр толугу менен башка тынч аймактарга убактылуу качып чыгууга мажбур болуп жатышканына күбө болуудабыз. Эл үчүн өз үйүн таштап, башка жакка качуу (убактылуу болсо да!), бул канчалаган оор, азаптуу түйшүк экендигин айтып олтуруунун кереги жоктур. Окуянын ошондой оор, оңолгус өңүткө бурулушуна жол бербей, кеч болуп кала электе чечүүгө умтулуу зарыл.

Азыркы ушул эң соңку ирет кагылган “үчүнчү коңгуроодон” кийин деле, тиешелүү жетекчилер баягы көнгөн адатынча тил эмизишип, демагогия менен алек болуп жүрө беришсе, алардын конкреттүү жоопкерчилиги каралууга тийиш. Тек гана кызматтан кетирип, же сөгүш берип коюу менен чектелбей, жарандарыбыздын турмушундагы трагедияга алып келген окуяларга себеп болушканы үчүн мыйзам чегинде жоопко тартуу керек. Ошондо гана бардык деңгээлде жоопкерчилик пайда болуп, “кийин чечип алабыз” деп, аба-ырайына карап олтура берген маанайлар өзгөрүлө баштайт.

Дегеле, соңку жаны кылымдагы дүйнөлүк геосаясат тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, эл аралык, улуттар аралык маселелер узакка созулуп кетиши менен коркунучтуу болуп саналат. Тез арада жана өз учурунда чечилбесе, ал маселелер хроникалуу оору режимине өтүп, кезде-кезде абдан курчуп кетип, жалпы мамлекетке, элге көйгөй жаратып, айыкпай турган, оорулуу менен кошо чогуу кете турган ооруга айланат…

Мурдагы союздагы бул жаатта алгачкы “кара карлыгач” болуп калган Тоолуу Карабах жүз миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетип, акыры он жылга жакын созулган согуш тынчтык келишимин түзүү менен, талаш маселеси кардиналдуу чечилбей туруп аяктаган. Башкача айтканда, баягы курмандыктар текке кеткендей эле болгон.

Ал эми коңшулаш Кытайда ушундай эле конфликтти чыгарууга кызыкдар болушкан эл аралык күчтөр “уйгур маселесин” пайдаланышып, анысынан эч майнап чыкпай калган соң, акыры азыр мурда Англиянын протектораты болуп келген Гонконгду пайдаланууга умтулуп жатышат. “Биз кытайлык эмеспиз, биз — Гонконгдуктарбыз!” — деген кытай улутундагы жарандардын пайда болушунун өзү эле, бир бүтүндүк болгон, байыркы улуттун ичине жарака келтирилгенине далил болууда. Маселе эми ошол жарака канчалык терең жана коркунучтуу дегенде гана калды…

Асыресе, Кытайдагыдай күчтүү мыйзамдар иштебеген, мамлекеттик органдар али күчүнө кире элек Сирияда эмне болуп жатканына бүт дүйнө күбө болууда. Курддар маселесин, Сириядан айрымаланып, Турция өз учурунда жана мыкты чече алды. Ошонусу менен кошо — Турциядагы стабилдүүлүк орноду.

Кыргызстандагы чалажан өкмөт өрт өчүрүүчүлөр кейпин кийип, ар кайсыл жерде конфликт жаралса гана, ошондо кечигүү менен жетип барууну адатка айландырып алды. Ал эми демагогиялуу Жогорку Кеңеш кириллица — латиница сыяктуу популисттик маселелерди көтөрүүдөн арыла албай, элдин, мамлекеттин жашоосундагы чыныгы көйгөйлүү маселелерин чечүү тууралуу али ойлоно да элек…

Азыркы чек ара чырлары бардык бийлик бутактары үчүн, — анын ичинде, президент Сооронбай Жээнбеков үчүн да! — финалдык сыноо болуп калары айкын.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *