Сокулукта адамды уурдоого шектелип 4 киши кармалды, алардын бири ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турат

Сокулук районунда адам уурдоого шектелген төрт адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, июнь айынын башында, бир нече адам эркек кишини базардан уурдап кетип, аны өлтүргүлөрү келгендиги белгилүү болгон.

Аталган факт КРнын Жазык кодексинин 170-беренеси “Адам уурдоо” боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

“Шектүүлөр Сокулук районунун Кун-Туу айылына жакын жерден мыйзамсыз аракеттерди жасап жаткан жеринен кармалган. Кылмышка шектелип мурда соттолгон 4 адам (Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тургундары) кармалган. Алар тергөө абагына камалган. Бирөөсү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Уурдалган кишини (ал да мурда соттолгон) сабап, ал денесинен оор жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш кастык мамилелерден жана башка себептерден улам жасалган. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган” – деп айтылат маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *