Сокулукта чыккан өрттүн кесепетинен улам үй толугу менен күйүп кетти

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылында үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 150 чарчы метрди түзгөн  үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган жигиттин колу жана бети күйүп, ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда жигиттин абалы орто.

Өрттүн чыгышына  мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Булак: KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *